​COVID-19: 81 кишиден аныкталды

  • 4 года мурун

17-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 81 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 7;
Ош — 4;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 22;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 15.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 1 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3185ке жетти. Алардын арасынан 2739 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди .

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 45 153 кө жетти.

107 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 41 317ге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты