Кайра эле баягылар. Эски депутаттардын 97си кайра талапкер

Баяндар

.

Кайра эле баягылар. Эски депутаттардын 97си кайра талапкер
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын келип-кеткен депутаттарынын 97
син азыркы талапкерлердин арасынан кезиктирүүгө болот. Алардын 81 пайызы бир канча жолу партиясын алмаштырган. Мындай жыйынтыкка ПолитКлиника медиасы талапкерлердин тизмесин анализдегенден кийин келди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 16 саясий партиядан 2046 депутаттыкка талапкерди каттаганы "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин атайын санында жарык көргөн.

97 талапкердин ичинен 81%ы партиясын алмаштырган. Алардын ичинен 9у, же болбосо 11%ы буга чейин экиден көп партияга көчүп-конгон болсо, 70и, же 89%ы эки партияда болгондор.
Партияга мүчө болбосо дагы, алардын тизмеси менен аттанат
2010-жылы "Ак-Жол" партиясынан, 2015-жылы "Бир Бол" партиясынынтизмеси менен депутат болуп келген, 2020-жылы "'Замандаш" партиясынан парламенттик шайлоого аттанып жаткан Улугбек ОРМОНОВдон эмнеге бир партиядан башка партияга өтө берерине кызыгып көрдүк.

Ал "Бир Бол" партиясына мүчө болбогонун, жөн гана ошол партиянын тизмеси аркылуу шайлоого катышканын айтты.

1999-жылкы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндөгү мыйзамынын 72-беренесинин 3-пуктуна ылайык, саясий партиялар талапкерлердин тизмесине башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды киргизүүгө укуктары жок болчу. Ал эми азыркы мыйзамда бул пункту алынып салынган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мыйзамда башка партиянын мүчөсү болуп туруп, экинчи партиянын тизмеси менен шайлоого аттанса болот деп тыюу салынган эместигин айтат.

"Башкача айтканда, бир партиянын мүчөсү болуп туруп, экинчи партиянын тизмеси менен шайлоого барууга мыйзамда тыюу салынган жок. Ошондон улам бизде партия алмаштыруу болуп атат" - дейт Ошурахунова.

Демек, мурда мыйзамда саясий партиялар талапкерлердин тизмесине башка саясий партиянын мүчөсүн киргизүүгө укуктары жок болсо, кийин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, бул сүйлөм алынып салынган.

"Ушунун бардыгын мыйзамдуу түрдө жокко чыгаргандан кийин партиялардын туруктуулугу, өсүшү болуп, партиядан партияга өтүү токтоп калбайт, бирок азаят. Бара-бара мунун баардыгы азайып жокко чыгат", - дейт Улугбек Ормонов.
"Мен мүчө болгон партиям шайлоого катышпай калса эмне кылышым керек?"
2010-жылы "Ар-Намыс" партиясынан, 2015-жылы КСДП партиясынан депутат болуп келген. 2020-жылы "Биримдик" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Айнуру Алтыбаева биздин сурообузга комментарий берүүдөн баш тартты.

2007-жылы "Ак-Жол" партиясынан, 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутат болуп келген. 2020-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Зиядин Жамалдинов партиялар жоюлганынан башка партия менен бара жатканын билдирди:

"Ак-Жол" жок болду. Ал жок каякка барабыз? "Өнүгүү" дагы чыкпады шайлоого. Анан эмне барбаш керекпи дедим...Биз мүчө болгон партиялар шайлоого катышпай калса, анан биз эмне кылышыбыз керек!? ", - дейт Жамалдинов.
Бизнесин, байлыгын коргоого мүмкүнчүлүк
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев партиядан чыкпай эле, башка партиянын тизмеси менен шайлоого катышып жатканын билдирди. Ал эми партиядан партия алмаштыргандарды кайсы жакта бизнесин байлыгын коргоого мүмкүнчүлүк болсо ошол жакка барып жатышат деген оюн айтты.

""Жумшак айтканда, булар өзүн издеп жатышат да. Мисалы, жаш баланын 16-18 жашында келечегин тандоо мезгили болот го. Ошондой болуп жатышат да. А чынын айтканда, кайсыл жерде ыңгайлуу, кайсыл жерде өзүнүн бизнесин, байлыгын коргоого мүмкүнчүлүк болуп жатса, ошол жакка барып жатышат", - дейт Масалиев.
Күн тийген жердин күкүгү


Депутаттардын 31и, тагыраагы, төрттөн бир бөлүгү "Биримдик" партиясынын тизмесине кире качышкан болсо, 39у "Кыргызстан" партиясы менен "Мекеним Кыргызстандын" тизмесине илешкен.
Кыргызстандын саясий айдыңында талапкерлер саясий позициясына карабайт, көбүнесе кайсы партия бийликке жакын болсо ошого мүчө болгонго көбүрөөк аракет кылышат.

"Булар күн карама катары эле бийликтин партиясы кайсы болсо, ошол партияга кире беришет. Кээ бир депутаттар мурда "Алга Кыргызстан" партиясын жакташчу, кийин "Ак Жол", ал кеткенде КСДПны макташты. Эми аны жамандап, "Биримдик" партиясын мактай башташты. Булар ушинтип көчмөн болуп жүрө беришет", - дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Анын айтымында, Кыргызстанда саясий партиялалардын курулуу процесси жаңы башталып атат. Көбүнчө саясатчылар партияларды каттоодон өткөрүп, ал партиянын курамына өздөрү каалаган саясатчысын киргизип, каалабаганын киргизбей коойгон учурлары болот.

"Негизи партиялар өзү шайлоого чейин иштеп, дайыма өз позициясын альтернативдүү билдирип турса, балким ал партиянын туруктуу талапкерлери болмок. Бизде болсо, андай болбой партиялардын туруктуулугу жок болуп атпайбы", - дейт Ошурахунова.
Партиялык идеология жок
Саясий эксперт Эльмира НОГОЙБАЕВА депутаттардын партия алмаштыруусунун себеби партиялардын идеологиясынын жоктугу деген пикирде.

"Бул эки нерсени түшүндүрөт. Биринчиден, Кыргызстанда партиялардын структуралык, идеологиялык талаасынын жоктугу. Башкача айтканда, партиялардын өздөрүнүн конкреттүү идеологиясы, программасы жок. Экинчиден, партиялар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн түзүлөт. Үчүнчүдөн, акча кызыкчылыгы үчүн. Башкача айтканда, саясий капитал үчүн мүмкүнчүлүктү сатып алуу. Саясатчылардын айрымдары өздөрүнүн бизнесин сактап калуу үчүн эле парламентке келишсе, кай бири жөн гана кесиптик бизнес үчүн келишет", - дейт Эльмира Ногойбаева.
Авторлор: Ырысбү Кылычбек кызы, Кымбат Турдубекова
Редактор: Дилбар Алимова
Сүрөт: Дарья Удалова
«Бул дата материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "ПолитКлиника" медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт».
БаяндарПолитКлиникаДепутаттарШайлоо-2020Сорос Кыргызстан