Шайлоо-2020: Кайсы партиянын капчыгы калың? (Инфографика)

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Капчыгы калың партиялардын сап башында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Мекенчил», «Кыргызстан» саясий партиялары турат, андан кийин «Ата Мекен», «Замандаш» жана «Бир бол» партиялары.

Эң үнөмдүү партия «Мекенчил» партиясы деп айтууга болот, ал 11-сентябрга карата 86 млн сомдон ашуун каражатынын 10 млн сомдон ашыгын гана короткон. Башка саясий партиялардын көпчүлүгү аталган мөөнөттө түшкөн каражаттарынын дээрлик көбүн коротуп койду. (Инфографиканы караңыз).

Жеке ишкер, коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин «ПолитКлиникага» маегинде билдиргенине караганда, «Германия, Жапонияга окшогон өлкөлөр, мисалы Германияда шайлоо өнөктүгүн мамлекет каржылайт. Мамлекеттин каржысы менен шайлоону өткөрүшөт, анткени бул мамлекеттин иши деген мааниси бар. Бардыгына бирдей, тең шартты түзүш үчүн, байлар өзүнүн акчасы менен басып кетпесин деп».

Бизде мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок, партиялар өздөрү шайлоо фонддорун түзөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты