​“Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерине айып салынат

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Кылычбек Исмамбетовго «Тартип бузуу тууралуу” кодекстин «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» боюнча 44-беренесине ылайык, айып пул салуу тууралуу чечим кабыл алды.

Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди.

БШК 14-сентябрда Д. Жусуповдун аталган саясий партиянын үгүт иштеринин талабын бузуп жаткандыгы боюнча арызын карап, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Партиянын өкүлү Канат Азиз БШК жыйынында саясий жетекчиликтин бул окуя тууралуу маалыматы жок экенин билдирген.

Депутаттыкка талапкер Кылчбек Исмамбетов музыкалык номер уктурула турганын билбегенин жана байкалар менен токтотулганын айткан. Жыйында “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына эмес, анын талапкери Исмамбетовго административдик чара көрүү, айып пул салуу жагы кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты