​Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү (Видео)

  • 4 года мурун

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Көмүр кени жайгашкан Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12 чамасында түшкөн. Тоо кулап, ЖумгалКараКече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калды.

«Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун. Учурда көчкү дагы эле түшүп жатат»,- деди аким.

Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техника каражаттары жана адистери кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык болуп, жети жумушчу каза тапкан, 13 жумушчу оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапты жана үчөө оор жараат алды. 10-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты