БШК: Чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн

  • 4 года мурун

Кыргызстандын жарандары үчүн,чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган.

Бул тууралуу БШКнын маалыматтык кызматы билдирди.

Биринчи мобилдүү топ 22-августтан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн.

4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо жүргүзүлгөн.

12-сентябрдан тартып мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү.

Кезектеги жолугушуулар 14 -сентябрда Курган, Хабаровск шаарларында, 14-же 15-сентябрда Москвада, 15-сентябрда Казань, Тюмень, Южно-Сахалинск шаарларында,16-сентябрда Сургут, Владивостокто, 17-сентябрда Якутскиде өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле чет өлкөдөгү кыргызстанлыктар консулдук каттоого кантип алынары жана шайлоого кантип катыша алары тууралуу маалыматты кабарлады.

Кыргыз Республикасынын жараны биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/ шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРнын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканерленген документтерди же КР ТИМ порталына — https://mfa.gov.kg “Консулдук каттоо” маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек.

Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт.

Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот.

Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты