Жомоктогудай Кыргызстан. Ысык-Көл облусу

Мультимедиа

“Жомоктогудай Кыргызстан” – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

Жол кайда болсо, ошол жакка сапар аласың

Ысык-Көлгө барган мурунку бир сапарым эч эсимден чыкпайт. Кеч күз болчу, жамгыр чакалап төгүп жаткан, кара тору чал-таксист өзүнүн кенедей машинесинде эмнени гана кылган жок: ылдамдыкты ашыра айдайт, башкалардын жолун торойт, кайрылыштарда жолдун кылда учуна чыгат. Мен эч нерсе дей алган жокмун, ал буурчактын куурап калган кабыгындай картаң киши болсо, мен жаңы эле университетти бүтүп жаткан учурум эле.

Машина жол менен жүрбөй эле, учуп бара жаткандай. Отургучта бүрүшүп отуруп, эрдимди кесе тиштеп, бул чалды жаман көрүп бара жаттым.

Капчыгайга кире берерде ал чукул токтоп, көзүн жумуп, кайчылаштырылган алакандарын жазган бойдон катып калды. Мен болсо, мына, баары бүттү, эми жашоо менен коштошуп жатат, эмне үчүн мунун баары мени менен болуп жатат, - деп ойлоп жаттым. Ал көзгө көрүнбөгөн суу менен бетин жууп жатканда: -- Биз аман-эсен жетип алалы деп кудайга жалынып жатасыз деп үмүттөнөм, - дедим ачуулуу.

-- Мен бул жерлер үчүн Аллахка тооба келтирдим, -- күтүлбөгөн жерден жооп берди таксист.

– Карачы, кандай кооздук!

Бир аздан кийин жаан токтоп, күн чыкты. Эмнегедир мурдум ачышып чыкты. Мен эми анчалык коркпой калдым.

Силердин бардык каалоо-тилектериңер орундалсын!

Ысык-Көл – биздин устаканабыз, ден соолукту чыңдоочу жайыбыз, кампабыз. Облус үрөнүн айдап-себет, оруп-жыйнайт, колунда барын берешендик менен тең бөлүшөт, конокторду кучагын жайып тосуп алат. Ысык-Көл – табышмактуу сырларга бөлөнгөн, уламыш, мифтерге чулганган жер. Көл жомокторго бай.

Бул жылы Боом капчыгайында тыгын жок. Жалаң өз кишилер бара жатат, баары өзүнүн көлүнө бара жатат. А, бирок, бөтөн бирөөлөр кетип бараткандай машинелердин терезелеринен тамекинин калдыктары жана желим бөтөлкөлөр ыргыйт. Булак боюндагы каалоо-тилектер дарагынын бутагындагы кызыл-тазыл жип-шуулар: “Силердин бардык каалоо-тилектериңер орундалсын!” – дегенсийт.

Түтүндүн, сууга бышкан жүгөрүнүн, балыктын, кымыздын, сары өрүктүн жыты мурун өрдөйт. Жол жээктеринде жапайы чычырканак, жалбыз, жапалак көкөмерен, бөрү карагаттар. Жол бойлоп Чу дарыясы агат, күн нуру аска беттерин сылагылайт, тоо чокуларында булуттар каалгыйт. Көз алдымда асман менен тийишкен көгөргөн сызык пайда болгондо, чачымдан баштап тырмагымдын учуна чейин жаш баладай толкундануу жана кубаныч сезимдери ээлеп алды. Бул көрүнүшкө эч качан көнүп бүтпөйм, эч качан көзүм тойбойт. Сыйкырдуу жер.

Балыкчыга кире берген жер – эки ача айрылыш. Түптүз барганда – түндүк жээк, ал жак – туристтик аймак, пансионат, мейманкана, эс алуу үйлөр. Оң тарабы – түштүк жээк, жапайы, иштетилбеген көл жээги, тынч, ызы-чуусуз айылдар, кишилер аз, тескерисинче, боек, жайылган мейкиндик, кубаныч-шаттык арбын. Биз ошол жакка барабыз.


Түштүк жээк

Теректер шуулдап, көл терең дем алып жатат, туздуу, керимсел шамал чачтарды жулмалап, сары-кызыл-жашыл тоолор терең ойго чөмүлгөн. Асмандагы булуттар менен куушуп бара жатабыз. Тал-теректерди алма, ранетка, абрикос сымал мөмөлүү бак-дарактар алмаштырган, жол бою мөмө-жемиштерге жык толгон, берекелүү байлаган бактар мөмөлөрдүн оордугунан шагын ийип турат. Алды жактан машиналарды, баштык көтөргөн кишилерди көрүп бара жатабыз. “Алар козу карын тергенге чемодандарын да алып алышмак”

-- Сууга түшкөнү бара жатабыз, а бул жакта бейиштегидей береке! – деп аял күлүп, колундагы токулган чоң жемпирдин жеңдерине алма терип салып жатты. Котормочу экөөбүз да бактардагы мөмө-жемиштерге асыла баштадык. Анча чоң эмес көк алмалар өзү эле колго түшөт, анын боорлору күнгө жылтырайт. Ширесин чачыратып, ээктен ылдый агызып жапайы кишилердей эле жеп жаттык. Таптаттуу.

-- Бул бактын жол жээгинде өсүп турганы зыян эмеспи? – жол жээгиндеги абрикосту терип жаткандарга тийише суроо салдым.

-- Жол жакынкы айларда бош эле турбадыбы, алиге чейин коомдук унаалар жүрө элек, күнүнө бир-эки машина өтсө өтөт, өтпөсө жок – коркпой эле үзө бериңиз! – күнгө тотуккан жемиштерди жашигине толтура терген аял бизди ишендире сүйлөдү.

Кээ-кээде токтоп коюп, жол жүрүп бара жаттык. Көлгө барып, таштарды сылап, тизеге чейин суу кечтик. Туптунук суу, көл бизге назар салгандай. Асман бирде түнөрүп, бирде көгүш тартууда. Булуттар бирде коюуланып, бирде суюлууда. Биз “Жомокко” бара жатабыз.


Жомок

Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы эки жагын суу жеп, жар кылып кеткен кууш өрөөн ушундай аталат. Жомок – бул көз тайгылткан кооз тоо, дөбөчө, өсүмдүктөргө жык толгон кызыл топурактуу капчыгай. Жамгырдан кийин топурактар бошоп, тар жол тайгалак, жармашкак, илээшкек сормо сазга айланган. Жымжырт, жан киши жок.

Бир нече саат сарайлар менен бураналардын арасында каалгып жүрүп отурдук, сепилдин боорундагы кандайдыр-бир мылтык атуучу тешикчеге кирип бардык, терең ойдуңчаларга тайгалак жол менен түштүк, чополуу шаарга жан киргендей, чопо кишилер уйкулуу көздөрүн ирмегилеп, жарылып кеткен эриндерин кыймылдатып койду. Күңгүрөнгөн үндөр жана чоподон жасалган дөөлөрдүн күбүр-шыбырлары абада каалгып учат.

-- Эгер Жомокто түнкүсүн кала турган болсоң, ал сени эч качан кое бербейт экен. Сиз ушул уламышты уктуңуз беле? – котормочу ушинтип сурап калды.

-- Жаан жууп кеткен жолду карап туруп, Жомок бизди күндүз деле кое бербейт го, -деп тамашалап күлүп, терракоталык түрү суук жаныбарларды эми карабайын деп ойлодум.



Тосор

Жомок бүткөндөн кийин эле, жердеги кадимки жашоо башталат. Тосор айылына кире берген жерде жүк ташуучу чоң унаалар турат, алардын тегерегинде иш кызуу – жергиликтүү жашоочулар алтын түстүү өрүктөргө толтурулган жашиктерин тээ үстүнө чейин жүктөп алган жеңил машиналары менен фураларга келип жатышат. Өрүктүн сапатын текшерүү, таразага тартуу, жүктөө, акысын төлөө иштери жүргүзүлөт.

Тосор бир айды абрикос терүү иши менен өткөрдү. Карысы жа, жашы да бактын башына чыгып, чоңу да, кичинеси да өрүк теришет.

-- Өрүктү сатып бүткөндөн кийин, акчаны эмнеге коротосуңар? – деп эски москвичинен өрүк түшүрүп жаткан кишиден сурадым.

-- Жашоо-турмушка, -- күлдү эркек киши.

-- Силердин абрикосуңар кайсы жакка барарын билесиңерби?

-- Өткөн жумада эки фура Новосибирскиге, эки фура Москвага, бири Екатеринбургга кетти.

-- А булар кайда кетет?

-- Булар Санкт-Петербургга барат.

Бул фуралар абрикосту Тосордон Санкт-Петербургга алып барышат

Абрикос кабыл алуу

Чоң жана майда өрүктөр

-- Өрүктөрүңдү абрикос деп алдап сатасың! Уятың жок! – деп бир жолу үнү жоон аял базардагы сатуучуну урушуп жаткан. Сатуучу башын жерге салып, ага эч нерсе деп жооп берген жок.

Мен болсо үйгө келип, интернетти ачып, өрүк менен абрикостун айырмасын түшүнүүгө аракет кылдым. Ар түрдүү булактар бири-бирине окшобогон маалыматтарды берип жатты. Бири абрикос менен өрүк таптакыр эки башка: өрүк кичирээк, сары түстүү, жумшак жана таттуу, ал эми абрикос чоңураак, катуураак, саргыч-кызыл түстүү, кычкыл жемиш деп ишендирсе, башкалары Борбордук Азияда абрикосту өрүк деп аташат дейт. Кээ бир сайттарда бул багыттагы талкуулар уруш-чатакка чейин жеткен экен.

Тажрыйба жүргүзүү үчүн эки башка жемишти алдым да: “Бул кандай аталат?” деген суроо менен элдерге кайрылып көрдүм. Кишилер мага кейиштүү карап, “бул даамдуу”, “жеп көр”, “бул өрүк” дешти. Мен бирде чоң, бирде майда өрүктү көрсөтүп жаттым, элдер менин сөз жетпеген келесоолугумду аяп, бирок сабырдуулук менен: “чоң өрүк”, “майда өрүк” деп жылмайып коюп жатышты.

Өрүктөр ыры

-- Өрүк – бул жөн эле жемиш эмес, бул маанай, бул музыка, -- дейт Таалай байке. Ал төрөлгөндөн бери Тосор айылында жашайт жана чоң уста катары таанымал. Таалай байке комуз чабат.

-- Чыныгы комузду өрүктөн жасашат. Бул дарак жакшы ыргак берет. Мына угуп көрүңүз! – Таалай байке мага жаңы комуз берип, кылдарын тере баштады. Желдин, тоонун, дарыялардын ыргагы манжалар арасынан агылып, тээ асманга, алда-кайда алып учат.


Таалай байке эс тарткандан бери дайыма комуз чабат. Совет мезгилинде башкалар сыяктуу эле окуп билим алган, совхоздо иштеген, коомдук иштерге катышкан. Өзү сүйгөн ишин жасаганга дээрлик убакыты болгон эмес. Бирок азыр ардактуу пенсияда жан дүйнөсү менен эс алып жаткан кезде, каалаган ишин жасай алат.

-- Менин комуздарым көбүнчө белекке кетет. Тууган-туушкандарым, досторум көп, баарынын бала-чакалары бар, баары неберелерине биздин негизги музыкалык аспабыбызды белек кылгылары келет.

Таалай байке өз устаканасында

Таалай байкенин үч баласы жана беш небереси бар. Эң чоң небереси он алтыда, эң кенжеси алты айлык.

– Балдарга комуз жасаганды үйрөтөм. Үйрөнгүсү келгендердин баарына үйрөтөм. Окуучулар келишет, айрымдары өз алдынча жасаганды билип калышты, көпчүлүгү комузда жакшы ойношот.

Таалай байкенин негизги жардамчысы – Алима аттуу небереси, ал кечке чоң атасынын жанында болот, баарына жардам берет, баарын билгиси келет. Таалай байке комуз жасоого керектүү нерселерди алып келгени кеткенде, Алима өзүнүн кичинекей комузун алып келип, обон кайдан чыгарын айтып берди. Чоң атасынан сурап, билип алганын айтты.

Таалай байкенин небереси -- Алима

Алима үчүн айтылган жомок

Тээ алыскы тоолордо дудук абышка жашачу экен. Бир да сөз айта алчу эмес. Кой кайтарып, мергенчиликке чыкчу. Ал чоң жана күчтүү эле. Абышка эмнелер тууралуу ойлонуп, эмнелерди кааларын жан киши билчү эмес. А абышка болсо кол менен кармап алгыс, чөнтөккө салып алгыс нерсе тууралуу ойлончу. Ал музыка эле. Анын башында дайыма мукам обондун кайрыктарыайланып, эркиндикке чыгууну каалачу. Ал ырдай алчу эмес, ошондуктан обонго жан киргизе албады. Анын обону бүркүттүн добушундай, тоо булагынын шылдыр авазындай, тоолордун мукам кайрыгындай эле. Бир күнү абышка айылга түшүп, алтын түстүү мөмөсү төгүлгөн керемет дарактын жанына токтоп, анын кайрыгы шаңдуу боло түшкөнүн байкайт. Абышка сүйүнүп, дарактан өрүк үзүп алып, жеп көрөт. Ал абдан даамдуу, таттуу жемиш экен. Эгер сүйлөй алсам, аны “өрүк” деп атамакмын деп ойлоп, даракты мерчемдеп коет. Айылдагы баягы даракка бат-бат келе баштайт. Түптүз эле ошол даракка барып, анын көлөкөсүндө отурат, өз алдынча кудуңдап сүйүнөт, таттуу жемиштерин жейт. Бир күнү абышка айылга келе жатса, булут чүмкөнгөн асман түнөрүп, күн күркүрөйт. Карыя сүйүктүү өрүгүнө жете берерде, ага чагылган тийип, тең экиге бөлүп салат. Абышка өрүккө чуркап барып, катуу кейигенинен ыйлап жибере жаздайт, жаасынын жибин үзүп алып, жарылган даракты таңууга аракет кылат. Жип экиге бөлүнгөн өрүктүн бутактарынан арасынан чоюлуп, желге ыргалат, карыя анын мукам кайрыгынан көптөн бери жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген обонду угат. Абышка таң калат, бул сыйкырдуу дарак экендигин түшүнөт, анан бул кереметтин бир бөлүгүн алайын, анын мукам обону дайыма жанымда болсун деп ойлойт. Чындыгында эле абышка ошондой кылат, кийин өрүктүн бул кичинекей бөлүгүнөн комуз жасалат.

Таалай байкенин жубайы абрикос кургатып жатат


Баары үйдө болуу – бакыт

Тосор өнөрлүү адамдарга бай. Ар бир үйдөн кол өнөрчү, акын, жомокчуларды кездештирүүгө болот. Тигинде гитарада ойноп жатышса, мында ырдап жатышат, бул үйдө акын өсүп-чоңойсо, тигил үйдө сүрөтчү жашаган.

Турсунбүбү чоң апа өз айылында эле эмес, анын чегинен сырткары да таанымал. Анын чебер колунан жаралган боз үйү Москвада ВДНХда турат.

-- Биздин айылда баары өз колдору менен бир нерселерди жасай алышат. Дайыма ушундай болуп келген,- дейт Турсунбүбү чоң апа. – Менин кайын атам кыйын жыгач уста болгон. 1941-жылы согушка кетип, 1947-жылы кайтып келген, ал Японияда да согушкан. Согуштан кайткандан кийин, совхоздо иштеп, үйгө келгенде боз үй жасачу. Андан кичүү балабыз үчүн боз үй жасап берүүсүн суранганымда, небересиүчүн сүйүнүп чын дили менен жасай баштаган. Ал боз үйдүн сөөгүн жасады, а мен болсо кийизден жасалчу буюм-тайымдарынын баарын жасадым. Аябай кооз боз үй болду. Бул үй Москвадан келген бир кишиге аябай жагып калып, аны ВДНХга алып кеткен. Мага кийин Кыргыз Республикасынын желеги оң жагында, герби сол жагында турган сүрөтүн жөнөтүштү. Бул аябай сыймыктуу иш эле. Тосорлуктардын баары чексиз сүйүнүштү, сыймыктанышты. Менин кайын атамды баары аябай сыйлашчу, биздин айылда анын чебер колунан чыккан кийим текчелери коюлбаган бир да үй жок болчу. Ал аябай өнөрлүү жана эмгекчил киши эле.

Турсунбүбү чоң апанын кайын атасы –чебер жыгач устанын сүрөтү

Турсунбүбү чоң апа мектепте география мугалими болуп кырк жыл эмгектенген. Анын жыйырма небереси, беш чөбөрөсү бар. Биз сүйлөшүп отурган кезде, алардын баары абрикос терип жатышты. Кээде гана биз олтурган бөлмөгө келиндери, кичүү небереси жана чөбөрөлөрү кирип жатты.

-- Бул үйдө болгон нерселердин дээрлик баары менин колумдан чыккан. А неберем Мадина – менин негизги жардамчым, ал кичине кезинен тартып кол өнөрчүлүккө кызыгат. Мен неберелеримдин бирин да бир нерсе кылгыла деп кыйнабайм, анткени бири бул нерсеге чын дилинен кызыгарын, экинчиси жактырбаарын билем. Азыр мен жакшы көрбөй калдым, бирок алтыгаттарды (кийизден жасалган килемчелер) жана жер төшөктөрдү (кездемелердин өөнүнөн тигилген жерге салынуучу төшөктөр) дагы деле тигем. Мадина жок болсо, буларды жасай албайт элем. Ал мага жардам берүүгө кызыгат. Кийин кол өнөрчү болобу деп ойлойм.

Турсунбүбү чоң апа небере, чөбөрөлөрүнүн курчоосунда кол иштерин көрсөтүүдө

Көпчүлүккө белгилүү чоң атанын билгичтик, көндүмдөрүн Турсунбүбү чоң апанын баласы жана небереси өздөштүрүшкөн, алар да жыгач устачылык менен алектенишет, боз үйдүн сөөгүн жасашат.

-- Ар бир адамдын өз жолу бар, эч кимге тагдырды таңуулай албайсың. Эмгекти сүйүүнү, кол өнөрчүлүктү урматтоону балдарга үлгү болуу менен гана үйрөтө аласың. Балдар мээримдүү жана тартиптүү болуп чоңоюшу үчүн, өзүң ушундай болушуң керек, биз жолдошум экөөбүз кырк жыл чогуу түтүн булаттык, бир да жолу урушкан жокпуз.

Турсунбүбү чоң апанын ою боюнча, балдар ата-тегин, алар эмне менен алек болгонун, кайда жашаганын билиши керек.

-- Биздин үйдүн жанында кайын атамдын үйү турат, бул үйгө жүз жылдай болуп калды, анын ураган дубалдары жана жыгачтан жасалган дарбазасы эле калды. Бул дарбазаны кайын атам өз колу менен жасаган, бул убагында Тосордогу эң чоң, аябай кооз дарбаза болчу. Аны бузууга колубуз барбайт, менин балдарым жана неберелерим Токсо уулунун бардык балдарынын төрөлүп-өскөн уясы экендигин, алардын аталары ушул үйдөн чыккандыгын билишет. Биз бул үй менен өтө сыймыктанабыз.

Токсо уулунун бардык балдарынын төрөлүп-өскөн үйүнүн дарбазасы.


Турсунбүбү чоң апанын небереси –Мадина


Мадина үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери Ысык-Көлдө бир уста жашаган экен. Колунан баары келчү, эмнени жасап баштабасын, баары укмуш кооз болуп чыкчу. Алтын колдуу уста тууралуу аңыз кептер алыска-алыска тарайт. Туш тараптан ар түрдүү буюм-тайымдарды жасап берүүсүн өтүнүп, элдер келе баштайт. Жыгач анын колуна тийгенде камырдай жумшак, ийкемдүү затка айланчу. Ал кандай гана керемет буюмдарды жасабады: кичинекей сандыкчалар, оюм-чийимдүү буттарга орнотулган дивандар, жыгач текчелер, дегеле бүтүндөй үйлөрдү куруучу. Алардын баарын чын дилинен берилип жасачу. Устаны элдер жакшы көрүп, өнөрүн жогору баалашчу.

Ал эми устанын сыйкырдуу дарбаза жасасам деген тилеги болор эле.Дарбазаны кенен ачып туруп эле, жомокко кирип кеткиси келчү. Ал муну бир коноктон угуп калган. Ошондон тартып түн уйкусунан безип дарбаза тууралуу ойлой берет. Жыгачты тигиндей кесет, мындай кесет, бетин тегиздейт, жылмалайт. Аябай кооз дарбаза жасалат, элдер суктанышат, чебер устаны макташат, а бул устанын көөнүнө толбойт, сыйкырдуу дарбаза жасай албачудай сезилет. Баары эле кадимкидей, адаттагыдай, сыйкырдуу жомок дүйнөсүнө алып бара албайт. Устанын ачуусу келип, кыжыры кайнап, калтасын чогултуп, аялы жана кичинекей баласы менен коштошуп, сыйкырдуу дарбаза тууралуу айтып берген баягы кишини издеп жөнөйт. Чочун шаарларды аралайт, бөтөн жерлерди көрөт, жамгыр менен кар жаркырап тийген күн менен жашыл шалбааларга алмашат, деңиз-океандарды басып өтүп, чөл кезет. Ар кандай кишилерди жолуктурат, көп нерселерди угат-көрөт, бирок сыйкырдуу дарбаза тууралуу билген адамды таппайт. Уста чарчап-чаалыгат, арып-азат, картаят, жерди бир айланып өтүп, өз айылына кайтып келет. Айылында көп нерсе өзгөрүптүр, бак-дарактар өсүп, дос-теңтуштары карып, көчөлөр тарып калгандай. Алыстан өз дарбазасын көргөндө, устанын жүрөгү токтогонсуп калат. Ага чуркап барып, өз эшигинин алдына кулап түшөт. Эшик ачылып, аялы менен баласы турганын көрөт. Уста көзүнө жаш алып, баягы конок кайсы дарбаза тууралуу айткандыгын эми түшүнөт.


Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Аталган материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.

ЖаңылыктарЖомоктогудай КыргызстанЫсык-КөлДиана Светличная