​“Медиа диалог” долбоору ЖМК жана соцтармак арасында гранттык конкурс жыйынтыгын чыгарат

  • 4 года мурун

“Медиа диалог” долбоору алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды басып чыгаруу жана медиа каражаттар менен социалдык тармактарды мониторинг жасоо боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарат.

Бул тууралуу аталган долбоордон билдиришти.

Долбоор гранттык программанын соңку эки жеңүүчүсүн аныктайт.

Анда маалымадалгандай, гранттык программанын негизги максаты -сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, дебаттарга ачык аянтча бөлүп берген жана мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзгөн медиаларды жана жарандык коомду колдоо болуп эсептелет.

Коомду агартуучулук менен алектенип, алар шайлоо процессинин демократиялуулугун камсыз кылмакчы.

Биринчи конкурста төрт медиа уюм тандалып алынган, анда маалыматты илгерилетүү, ой-пикир эркиндиги, мамлекеттик органдардын маалыматтык ачык-айкындуулугун камсыздаган иштер ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин гранттык экинчи жана үчүнчү конкурс жарыяланды.

Экинчи конкурс июль айында жарыяланган, ал социалдык түйүндөрдө шайлоо процессинин негизги катышуучулары боюнча кастыкты козутуу, шыкактоо сыяктуу ыкмалардын пайдаланылышына мониторинг жасоого багытталган.

Үчүнчү конкурс август айында жарыяланган. Ал ЖМК өкүлдөрүн алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды уюштурууга жана талапкерлер ортосунда дебаттарды алып көрсөтүүгө чакыруу болду.

Эки конкурс жарыялангандан кийин эки медиа уюм 30 000 евро турган грантты алууга тандалып алынган, алар медианы жана социалдык тармактарды мониторинг жасашат.

Ал эми 9 медиа уюм 5 000 евродон 10 000 еврого чейин жеке гранттарды алат, булар редакциялык долбоорлордун сериясын уюштурат жана долбоор 2 айдан 6 айга чейин созулат.

Гранттык программаны ALDA Europe – жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясы башкарат.

Конкурстун жыйынтыгы 9-сентябрда “Медиа диалог” долбоорунун концорциумунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда чыгарылат.

Финалисттер менен онлайн жолугушууда долбоордук циклди башкаруу боюнча бет ачар жана долбоорду ишке ашыруу, отчеттун талаптары боюнча сөз жүрөт.

Маалымат үчүн: “Медиа диалог” долбоору Европа бирлигинин “Стабилдүүлүккө жана тынчтыкка түрткү болгон аспапдолбоору ” боюнча каржыланат жана ал 2021-жылдын ортосуна чейин созулат.

Долбоордун максаты-жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана эркин, жаңжалсыз шайлоону колдоо болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты