​COVID-19: 87 учуру катталды

  • 4 года мурун

9-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 87 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары — 27;
Ош – 2;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 11;
Талас облусу — 2;
Ысык-Көл облусу– 7;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 17.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 12 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3159 га жетти. Алардын арасынан 2616 киши сакайып чыкты.

Бул тууралуусаламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 613кө жетти.

178 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы сан 40 336га жетти.

Өткөн суткада коронавирустан бир киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1063кө жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты