Шайлоого «бойкот кылуу» жөнүндө элдик чакырыктар: Манипуляция жана жашыруун мотивдер

Блог

Интернет түйүндөрүндө “шайлоого бойкот кылуу”, башкача айтканда, жөн гана шайлоого барбай коюу же болбосо барып, “баарына каршы” добуш берүү чакырыктары чыгууда.

Мындай чакырыктар, ушундай жол менен бийликтин саясатына жана алардын иш-аракеттерине (мисалы, COVID-19 эпидемиясы боюнча өкмөттүн натыйжасыз аракеттери боюнча) каршылыгы жана канааттанбагандыгы жөнүндө өздөрүнүн позициясын билдиребиз деп ойлошкон жарандардын каршылык маанайын чагылдырат.

Ошентсе да мындай чакырык жашыруун манипуляция эмеспи? “Шайлоого бойкот кылуу” жөн эле политтехнология болушу мүмкүнбү жана бул кимге пайда?

Ар бир шайлоодо шайлоочулардын жана коомдун белгилүү бир бөлүгүнүн арасында жөнөкөй көңүл коштуктан баштап бийликтин саясатын түздөн-түз жактырбоо жана кабыл албоого чейин ар кандай себептер боюнча “жарандык бойкотко” суроо-талап жаралат.

Бул потенциал дайыма бар (кээде көп, кээде аз даражада), бирок мындай маанайдын өрчүшү жана күчөшү кайсы бир саясий топ шайлоону тоготпоого суроо-талапты жасалма жол менен колдоону каалайбы дегенден көз каранды.

Шайлоого “бойкот кылуунун” түз жыйынтыгы кандай болот?

Биринчиден, шайлоого жарандык “бойкот кылуунун” түз жыйынтыгы – бул шайлоого келгендердин саны аз, бирок шайлоону жокко чыгаруу эмес экенин түшүнүү өтө маанилүү, б.а. шайлоо барыбир өтөт, бирок партиялардын ортосунда добуштарды бөлүштүрүү өзгөрөт. Эгерде кайсы бир партия болгону 200 миң добуш алса, анда шайлоого келгендердин аз санында ушул партия 350 миң добушта эле депутаттык мандаттарды алат (шайлоого бойкот кылгандардын/тоготпогондордун добуштарын бөлүштүрүүнүн натыйжасында).

Буга байланыштуу “шайлоого бойкот кылуу” боюнча маанайды жасалма жол менен кызытуу эмнеге жана кимге керек, бул шайлоонун жыйынтыктарына кандай таасир тийгизет, мындай учурда кайсы саясий партиялар барынан көбүрөөк утулат, кайсылар утат деген суроолор негизги болуп калат.

Экинчиден, мындай маанайды жасалма кызытуунун жана өрчүтүүнүн кесепетинен жарандардын дал кайсы категориясы добуш берүүдөн түшүп каларын аныктоо маанилүү.

Шайлоого жарандык “бойкот кылуу” боюнча ураанды кызытуудан, бул процессте, добуштары мындай чакырыктарга реакция кылбаган өздөрүнүн шайлоочуларынын аз санын жоготкон партиялар утат – булар “башкарылма добуштары” менен партиялар жана тескерисинче бойкоттон зыян тарткандар, “өз алдынча, аныктала элек, ойлонгон” добуштарга ишенген партиялар болот.

“Шайлоого бойкот кылуу” жана “баарына каршы” добуш берүү чакырыктары каршылык маанайдагы жарандар арасында көбүрөөк тараган, аларды шайлоого барууга, жана андан дагы белгилүү бир талапкерге же партияга добуш берүүгө мажбурлай албайсың. Бул категориялар жалпысынан 2 топту түзөт – “каршылык көрсөтүүчү электорат” жана “нейтралдуу, аныктала элек жарандар”. Азыркы учурда, бул ири калктуу конуштар (биринчи кезекте Бишкек шаары жана Ош шаарлары, Чүй облусу), алар азыраак башкарылмалуу – “кыял-жоруктуу”, өз алдынчалуу жана ойлонгон шайлоочулар, интеллигенция, активдүү жаштар, анын ичинде, “балконский” аталгандардын кыймылы сыяктуу атайын категорияга киргизүүгө боло тургандар.

Демек, парадокс жаралат – мындай каршылык маанайларды жасалма жайылтуудан (шайлоону жарандык тоготпоо боюнча) баарынан көп, каршылык көрсөтүүчү электоратка жана нейтралдуу “ойлонгон” добуштарга багытталган партиялар добуштарын жоготушат, б.а. бул көбүрөөк оппозициялык партиялар үчүн минус.

Үчүнчүдөн, “жарандык бойкот” жөнүндө мындай маанайларга жарандардын кайсы категориясы кабылган жок, б.а. кимдер шайлоого баары бир барышат – кайсы жарандар “башкарылма добуштарды” түзөрүн аныктоо маанилүү.

Салттуу түрдө шайлоого көп санда баруу, бюджеттегилердин – мамлекеттик кызматчылардын, окутуучулук жамааттардын, врачтардын, бардык деңгээлдердеги мамлекеттик жумушчулардын – добуштары менен камсыздалат.

Жарандардын бул категориясына мындай “каршылык, модалуу” чакырыктар дээрлик таасир этпейт жана администрациялык кысымды колдонуу учурунда бул шайлоочулар башкарылмалуу болуп саналат, ал эми шайлоого катышкандардын жалпы саны аз болсо бул добуштардын мааниси дагы жогору болот.

Мындай каршылык маанайларга азыраак тартылган жарандардын башка категориясы – региондордун жашоочулары, айрыкча ири калктуу конуштардан сырткаркы аймактагылар. Бул добуштарды башкаруу, салттуу түрдө үгүт процессин башкаруу жана адамдарды шайлоо участкаларына алып келүү функцияларын өзүнө алган жергиликтүү лидерлер менен келишим/кооперативдешүү аркылуу жүрөт.

Жарандардын кийинки категориясы – бул обочолонгон, жабык, бирок уюшулган этникалык топтор, ак сакалдар же өздөрүнүн лидерлери менен башкарылат жана алар менен келишим аркылуу шайлоодо добуш чогултуу жүрөт.

Шайлоочулар көп учурда “добуштарды сатып алуунун” натыйжасында же УКТ башчыларынын же жергиликтүү криминалдын башчыларынын алдында коркуудан улам контролдонушу/башкарылышы мүмкүн (өлкөнүн айрым региондорунда добуш берүү процесси, тилекке каршы, башкаруунун жана тескөөнүн ушундай формалдуу эмес жана мыйзамсыз методдоруна кириптер).

Бул канчалык таң калыштуу болбосун, “шайлоого бойкот кылуу” жана “баарына каршы” добуш берүү боюнча маанайды жасалма өрчүтүүдөн баарынан көп “башкарылма добуштарга” мүмкүндүк алган саясий партиялар утат.

Демек, “жарандык бойкот кылуудан” (каршылык көрсөткөн жана нейтралдуу “ойлонгон” жарандар арасында) айрымдары ойлогондой, оппозициялык партиялар эмес, тескерисинче, жогоруда көрсөтүлгөн атайын категорияларды – бюджеттегилерди, региондордун жашоочуларын (ири калктуу конуштардан сырткары), этникалык топторду башкарган жана алтургай “добуштарды массалык сатып алууга” жана формалдуу эмес башкаруу аркылуу (жергиликтүү лидерлер, авторитеттер, алдыңкы үй-бүлөлүк кландар жана жарым криминалдык коомдоштуктар) жергиликтүү жашоочуларды “контролдоого/коркутууга” ставка жасаган партиялар утат.

Аяз Баетов,

юридика илимдеринин доктору, мамлекеттик саясат магистри

Блогшайлоопарламентблогбойкот кылууАяз Баетов