​“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга доосу боюнча сот 9-сентябрда уланат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 7-сентябрда, Бишкек шаардык административдик сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКга доосу каралды. Сот 9-сентябрда улантыла турган болду.

Келерки жолу сотто күбөлөр -БШК мүчөлөрүн угушат.

Бишкек шаардык административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы доо арызы каралды. Партиянын тарапкерлери адилеттикти талап кылып, митинг уюштурду.

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты