Шакабага түшкөн шайлоонун көрнөк-жарнактары. Ким канча коротту? (Инфографика)

Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталары менен республиканын борбору Бишкек шаарында шайлоого катыша турган саясий партиялардын көчөдөгү жарнамалык көрнөк-жарнактары жабырап чыкты. Бирок негедир алар адамды шыктандырып, демиңди көтөрүп жибербейт деле.

Бишкекте «Бир бол» саясий партиясынын жарнамалык көрнөк-жарнактарынын бири кан жолдун боюнда илинип турат. Бирок ал жазуу түшүнүксүз: -Алар эмнеге даяр, мен эмнеге даярмын?

Эреже боюнча сүйлөмдөгү суроо-жооптор алдында сызыкча келчү эле, ал белги коюлган эмес.

Көрнөк-жарнактарынын деми коомчулукту шыктандырып ийгидей эмес.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын жарнамалык көрнөк- жарнактары борбор шаарда оголе жайнап кетти, чоң — кичине дебей, дүкөн алды да, үстү да, эшиги да, тешиги да партиянын жарнамасына жык-жыйма болду.

Партиянын «Ооба!» деген ураанында эмнеге «Ооба!» экени түшүнүксүз. Ал партиянын ураанын соц. тармактагы тентектер ар кайсы мааниге жабыштырып жатышканы да ошондон улам болушу керек.

Ал эми «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнү алдындагы стендде турган көрнөгү ким тарабынан акча төлөнгөнү көрсөтүлгөн эмес. Бул — мыйзам бузууга жатат.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жободо «Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат» деп жазылган.

Бийликчил деген «Биримдик» саясий партиясынын рекламалык көрнөк-жарнактары Бишкекте бардык партиялардан көп илинген десек жаңылбайбыз. Кан жолдун үстү да, асты да башкаларга ат салдырбайт.

Негизги ураан- катары-«Кыргызстан-Евразиянын жүрөгү», «Евразиялык тандоо-тарыхый биримдик» дегенге басым жасалган. Бул саясий партия Евразиянын жүрөгү тууралуу эмнени баса көрсөткүсү келгендиги дагы түшүнүксүз.

«Кыргызстан» саясий партиясы да ураан тандоо жагынан алдыга чыгып кетпегени көрүнөт. Көрнөк-жарнактарында ал баягы эле убадалар менен тил эмизгени көрүнөт. Партиялар шайлоо алдында аткарылбай турган убадаларды бере берип, эптеп эле мандат алууну максат кылабы деген ой кетет.

Партия өлкөнүн атына жамынып алып, ураанын, ишин жалпы мамлекетке байланыштырып жатат. Саясий партиянын аты мамлекеттин атын албаш керек деген пикирлер соцтармакта жөндүү айтылууда.

«Замандаш» саясий партиясы деле ураан чакыруу жагынан башка партиялардан озуп кете албаптыр.»Алыстагы Замандаш», «Демилгелүү Замандаш» дейт алардын жарнагы.

Жарнамалык көрнөк-жарнактарынын бир бөлүгүн «Ата Мекен» саясий партиясы борбордогу жолдун өтмөгүндөгү аянтчага жайгаштырганын көрүүгө болот.

Борбор шаардан калган саясий партиялардын көрнөк-жарнактарын көрсөк, ага да көңүл бурарыбыз бышык.

Төмөндө парламенттик шайлоого катталган саясий партиялардын шайлоо фондуна келип түшкөн жалпы акча каражаттары жана анын чыгымдалышы тууралуу 28-августтагы маалымат менен тааныша аласыздар. (Инфографика)

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. «Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыла турган болгон.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

«ПолитКлиника» медиасы

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты