​COVID-19: 55 учуру катталды

  • 4 года мурун

7-сентябрдагы маалыматта айтылгандай, COVID-19 инфекциясынын 55 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 12;

Ош – 1;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу 13.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Коронавируска чалдыккан кызматкерлерининжалпы саны 3157ге жетти. Алардын арасынан 2579 киши сакайып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 458ге жетти.

134 киши ооруканадан сакайып чыкты киши сакайып чыккандардын жалпы саны 39 960ка жетти.

Каза болгондор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты