​“Биримдик” партиясынын сайтындагы маалымат «Единая Россиядан» көчүрүлүп алынган (Толукталды)

“Реформа” партиясынын мүчөсү Мирбек Маматкасым Фейсбук баракчасына “Биримдик” партиясына мүчө болуу талаптарында плагиат бар экендигин жазып чыккан. Бул маалыматтарды ПолитКлиника текшерип көрдү.

Birimdik.org сайтында чындап эле Россия Федерациясынын мыйзамына шилтеме берилген.

Аталган сайттын домени Адилет Касымбековго катталган. Ошондой эле, [email protected] почтасы көрсөтүлгөн.

“Биримдик” париясынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев муну техникалык ката деп түшүндүрдү:

“Бул техникалык ката. Сайтты сыноо режиминде контентти толтуруп жатканда ката кетирген. Мисалы, сайт даяр болду да. Ичин мисал катары толтурат, “ушундай сыяктуу болот” деп. Ошол мисалдардын тексти калып калган. Сайт толук ишке киргенде, калып калган”, — деп билдирди Адилет Султаналиев.

Эми “Биримдик” партиясы менен Россиянын “Единая Россия” партиясынын текстин салыштырып көрөлү.

  1. “Биримдик” партиясынын биринчи абзацы:
  • Членами Партии могут быть граждане Кыргызской Республики, достигшие восемнадцатилетнего возраста, разделяющие ее цели и задачи, соблюдающие ее Устав, принимающие участие в ее деятельности.

Эми “Единая Россия” партиясынын биринчи абзацы:

  • Членами Партии могут быть граждане Российской Федерации, достигшие восемнадцатилетнего возраста, разделяющие ее цели и задачи, соблюдающие ее Устав, принимающие участие в ее деятельности.
  1. “Биримдик” партиясынын экинчи абзацы:
  • Членами Партии не вправе быть иностранные граждане и лица без гражданства, граждане Кыргызской республики(ушул жери гана өзгөртүлгөн. Болгондо дагы ката жазылган. ), признанные судом недееспособными, а также граждане, которые в соответствии с законодательством Российской Федерации не могут быть членами политической партии.

“Единая Россия” партиясынын экинчи абзацы:

  • Членами Партии не вправе быть иностранные граждане и лица без гражданства, граждане Российской Федерации, признанные судом недееспособными, а также граждане, которые в соответствии с законодательством Российской Федерации не могут быть членами политической партии.

Текстер коендой окшош экенин байкасаңыздар болот.

Буга чейин эсиңиздерде болсо, учурда “Биримдик” партиясынан шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Гүлшат Асылбаеванын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорундагы плагиат жөнүндө Factcheck.kg жазып чыккан эле.

Жыйынтык: “Биримдик” партиясынын сайтындагы маалымат «Единая Россиядан» көчүрүлүп алынган.

ПолитКлиника


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты