Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдардын үчтөн бирин жайкы каникулдар алдында кабыл алышкан

Баяндар

.

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдардын үчтөн бирин жайкы каникулдар алдында кабыл алышкан
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы өз ишин жыйынтыктап жатат. Биз парламенттин бул чакырылышынын кабыл алган 780 мыйзамды анализдеп чыгып, депутаттар жайкы каникулга тарап жатканда мыйзамдарды дүңү менен кабыл аларын аныктадык. Алардын ичинде чуулгандуу мыйзамдар дагы бар.
Мыйзам чыгаруу функциясы

Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин сактоо менен, мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдоочу функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

Жогорку Кеңештин конституциялык курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланган 120 депутаттан турат.

Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган ыйгарым укуктарын ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырат. Аталган регламентке ылайык Жогорку Кеңештин негизги милдеттеринин бири мыйзамдарды кабыл алуу.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 2016-жылдын декабрь айынан баштап 2020-жылдын июнь айына чейин 1 миң 305 мыйзам демилгелесе, анын ичинен 780 мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алышкан. Биз дагы биринчи, экинчи окуудан өткөн мыйзам долбоорлорун эсепке алган жокпуз. Ал эми V чакырлышытын депутаттары 1 миң 377 мыйзам демилгелеп, 1 миң 140 мыйзамды кабыл алышкан.

Мыйзамдардын көбү депутаттар каникулга тарар алдындагы өткөн жыйындарда кабыл алынган. Айрыкча, депутаттар чакырылыштын мөөнөтү бүтүп аткандыктанбы акыркы 2020-жылдын каникулуна тарап жатканда рекорд коюп, акыркы күнүндө 42 мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алып кетишкен.
"Жакпаган мыйзамдын баарын "Каникулдун алдында кабыл алабыз" деп чогултуп коюшат"
Депутаттар 2020-жылдын январь айынан баштап 25-июнуна чейин жалпы 138 мыйзам кабыл алышкан. Анын 42си, же тагыраак айтканда, 30%ы каникулга тарай турган акыркы күнгө туш келген. Жай баракат күндөрү эң аз дегенде бир күндө 1 мыйзам, болбосо 4 мыйзам кабыл алынган.

Орточо эсеп менен салыштырганда, каникулдун астындагы бул күнү башка учурлардан 10 эсеге көп мыйзам кабыл алынганын түшүндүрөт. 25-июнда коомчулукта кызуу талкууну жараткан, чуулгандуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоору" экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.
Укук коргоочу Рита Карасартова Жогорку Кеңеш коомчулукка жакпаган мыйзамдарды атайын каникулдун астына чогултуп коет деген оюн айтат.

"Депутаттар каникулга чыгар алдында көбүрөөк мыйзамдарды кабыл алгандыгынын себеби, шашып баратканда толтура мыйзамдардын ичинен өтүп кетет деген үмүттө бат-баттан кабыл алышат. Кабыл алынгандан кийин кыйкырасыңбы, өкүрөсүңбү аны менен иштери жок каникулга кетип калышат. Бул атайын жасалган нерсе", - дейт Карасартова.

Рита Карасартованын айтымында, депутаттар кайсы бир мыйзамды чын эле өткөргүлөрү келсе жайкы каникулдун астына калтыруу керек деген эрежени карманышарын айтат.

"Парламентте "Эгер силер мыйзамды жөн эле талкуулагыңар келсе, анда, келгиле, жөн эле мыйзамды талкуулай беребиз. Эгер силер бир мыйзамды парламенттен өткөргүңөр келсе, анда тынч, эч кимге билгизбей өткөрүп алыш керек" деген депутаттардын өздөрүнүн эрежелери бар. Ошон үчүн жакпаган мыйзамдын барын "Каникулдун алдында кабыл алабыз" деп чогултуп коюшат", - дейт Карасартова.

Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, рекорддук сандагы мыйзамдардын кабыл алынышы пандемияга байланыштуу экенин айтат.

"Адатта жыл сайын сессиялык учур аяктап жаткан акыркы айда кабыл алынган мыйзамдар көп болот. Бул жылы айрыкча болду. Пандемия учурунда өзгөчө абал жарыяланып депутаттар иштебей калбадыбы… Ошонун эсебинен да мыйзамдар көбөйүп кетти", - деп билдирди Ибраим Нуракун уулу.
Embed
Такыр мыйзам сунуштабаган депутаттар

Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович, Бакиров Өмүрбек Мирзараимович, Бешимбаева Айгерим Кабылбековна, Нурдинов Бейшеналы, Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич. Булардын ичинен Бешимбаева Айгерим Кабылбековна 2020-жылы, Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич 2019-жылы, Нурдинов Бейшеналы 2020-жылы, Бакиров Өмүрбек Мирзараимович 2018-жылы депутат болуп келген.

Мыйзам демилгелебегендердин бири Айгерим Бешимбаева 2020-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал мыйзам демилгелеп, жазуу үчүн эки ай өтө аз мөөнөт экендигин айтат.

"Мыйзам демилгелегенге жетишкен жокмун. Мыйзам демилгелеп, колдоо бул жөнөкөй процесс эмес. Аны изилдеш керек... Эксперттер өздөрүнүн пикирлерин билдирип, экспертизадан өтөт. Бул үчүн орто эсеп менен жарым жыл убакыт керектелет экен. Эки айдын ичинде мыйзам чыгаруу таптакыр мүмкүн эмес. Мен келгенге чейин жазылган мыйзамдар деле аягына чыга элек", - дейт ал.

Бирок парламенттин бул чакырылышы өз мөөнөтүн аяктап жатканда депутат болуп келгенинин максатын сурасак, элдин көйгөйүн көтөргөнү келгендигин айтты.

Ушундай эле депутат Бейшеналы Нурдинов дагы чакырылыштын акырында келип калып мыйзам демилгелегенге жетишпей калганын билдирди.

Ал эми 2018-жылдын 21-декабрдында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Өмүрбек Бакиров депутат болуп келгенден баштап он үч мыйзам жазгандыгын айтат.

"Эмнеге мыйзам демилгелеген жокмун!? Демилгелегенмин. Мен 2018-жылы депутат болуп келгенден бери он үч мыйзам демилгеледим. Анын үчөөнү 2020-жылы демилгелегем. Алардын бири депутат Талант Мамытов экөөбүз демилгелеген «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, эми шайлоо босогосу 9дан 7 пайызга төмөндөтүлдү", - деп айтты.

Бирок, Жогорку Кеңештин сайтында дагы, парламенттин ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды топтогон politmer.kg ресурсунда дагы анын жаздым деген мыйзамдарын таба алган жокпуз. Депутат өзү дагы Жогорку Кеңештин сайтында эмнеге жок экенин билбестигин айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу депутаттын аты-жөнү мыйзам долбоорлоруна кирбей калган болушу мүмкүн дейт.

"Ал депутаттын демилгелеген мыйзамдары көп. Мен кол коем да, ошондо аты-жөнү көп эле мыйзамда жазылып жүрөт. Биздин Жогорку Кеңештин порталына аты-жөнү жазылбай калышы мүмкүн. Себеби, бир мыйзамды жалгыз бир депутат демилгелебейт да. Бир нече депутаттар демилгелейт. Ошондон улам айрым мыйзамдарда порталыбыздагы демилгелегендер деген жерге - "депутаттар" деп эле жазып коебуз", - дейт Ибрагим Нуракун уулу.
Кеп санда эмес, сапатта
Өнүккөн өлкөлөрдө бир жыл ичинде узак убакыт бою талкууланып отуруп, аз сандагы гана мыйзамдар кабыл алынат экен. Мисалы, Швейцариянын парламенти болгон Федералдык чогулуштун 49-чакырылышы жалпы 414 мыйзам кабыл алган. Ал эми Тогузунчу чакырылыштагы Украинанын Жогорку Радасынын эки сессиясынын жүрүшүндө 59 жыйын өткөрүлүп, чакырылыштын башынан бери 463 мыйзам долбоору каралып, анын ичинен 158 мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кыргызстандын депутаттары саны көп сапаты жок мыйзамдарды кабыл алат деген ойдо.

"Булар «өлкөгө кандай пайда алып келет деген критерийлерди карабастан, «аты калсын» деп эле китеп жазгандай эле жазышат. Алар «депутат болуу, мыйзам жазуу» деп түшүнүшөт экен. Негизи депутат жарандардын кызыкчылыгын коргоп, Конституцияга ылайык мыйзамдарды кабыл алып, керексиз мыйзамдарды четке кагып анализ жасай билген адам болушу керек. Мындайлар аз экен", - дейт Ошурахунова.
Укук коргоочунун айтымында, мыйзам долбоорлору жакшы талкуудан өтпөй туруп кабыл алынып кеткен учурлар көп болот.
"Депутаттар толук чогулуп мыйзамдарды талкуудан жакшы өткөрүшпөйт. Комитет эле иштейт. Депутаттар комитетке деле кыйратып катышышпайт. Ошондон улам мыйзамдардын баары июнь айында парламентке келип топтолуп калат. Анан «мыйзамдар калып калбасын» деп эле, аларды окуп, талкуулабай туруп, тез-тезден кабыл алып коюшат. Ошол мыйзамдардын арасына чуу жараткан, парламенттен өткөнгө мүмкүн эмес болгон мыйзамдарды өткөрүп жиберип атышат. Себеби, аягында чарчап калып мыйзамдарды карабастан өткөрүп жиберишет", - дейт Динара Ошурахунова.

2013-2014-жылы ОБСЕнин эксперттери келип, биздин 5-чакырылыштын ишин көзөмөлдөп, анализдеп «Аябай көп мыйзам кабыл алып атышат. Негизи андай кереги деле жок» дешкен", - дейт Динара Ошурахунова.

Чындыгында эле, айрым учурларда Жогорку Кеңештин жыйындарында эсептелүү гана депутаттар отурганын, ал депутаттар башкалар үчүн дагы кнопка басып жатканына күбө болуп жүрөбүз. Көп кнопка басууга жетишкенин айтып, мактанып жиберген депутаттар дагы бар. Ушундан улам, бул депутаттарга "кнопка баскычтар" деген шакаба ат дагы коюп алышкан.
Авторлор: Ырысбү Кылычбек кызы, Кымбат Турдубекова
Редактор: Дилбар Алимова




«Бул дата материал «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "ПолитКлиника" медиасынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт».

БаяндарПолитКлиникаЖогорку КеңешСорос КыргызстанИликтөөДепутаттар