Коронавирус бар жана мен аны жеңдим – Кымбат Турдубекова

Төртүнчү бөлүк
Коронавирус бар жана мен аны жеңдим – Кымбат Турдубекова

ПолитКлиника медиасынын бул долбоорунун алкагында Covid-19 жуктуруп, ооруп, айыккан жарандардын баяны чагылдырылат.

Каарманыбыз Кымбат Турдубекова журналист болуп иштейт. Ал жумушуна байланыштуу Covid-19 менен ооруп, айыккандардан маек алып иштеп жүргөн. Бул вирусту ошол учурда жуктурганбы, же башка жактан жуктурганбы, айтор, ошол күндөрдүн биринде өзү дагы ооруп калган.

Адегенде Кымбат коронавирусту жуктуруп алам деп ойлогон да, кооптонгон да эмес.

Алгач эле көкүрөгү ачышып бир башкача ооруганын айтат Кымбат. Ошондо ал «Балким, мага жугуп калдыбы?» деп кооптонуп рентгенге түшкөн. Чынында эле рентгенден эки тараптуу пневмония деген жыйынтык чыгат. Доктур дарыларды жазып, аларды иче баштайт. Ал акыбалы жакшы эле болуп жаткан.

Кымбат Турдубекова

«Анан эле дене табым 38.7ге чейин көтөрүлүп, шалдырап, кара тер басып, чыйрыгып жатып калдым. Канчалык калың кийинип, кабат-кабат төшөк жамынсам да такыр жылыбай койдум.Сууну көп ичип, атайын көнүгүүлөрдү деле жасап жаттым. Үч күн өткөндөн кийин абалым күндөн-күнгө начарлай баштады. Дем алуум оорлошум, тамагым кычышып, жөтөл пайда болду», — деп эскерет ал күндөрүн Кымбат.

Алгач жазып берген дарылар Кымбатка жардам бербей, үч күндөн кийин ысык уколдорду ала баштаган. Бирок, бул дарылардын таасири билинбей, кыйналгандан кыйнала берген. Алтургай төшөктөн тура албай жатып калган.

«Денемди калтырап басып, титиреп… Дем ала албай… өзгөчө кечки саат бештен кийин аябай кыйналып, дем алганга аба таппай эшикке чуркап чыккан учурум болуп атты. Кайра өзүмдү алаксытып «дарыларын ичип атам, ысык уколун алып атам» жакшы болуп кетем деп аттым», — дейт Кымбат көзүнө жаш алып.

Ооруканага жатайын десе ПЧР тесттин жыйынтыгын талап кылышат, тест тапшырайын десе, 118 номериндегилерден «акыбалыңыз жакшы эле экен, суюктукту көп-көп ичип, үйүңүздө эле болуңуз» деген жоопту алат.

Кымбат Турдубекова

Дем жетпей калган учурда, аба издеп кыйнылганын азыр эстегенде жаман болот.

«Кечки саат сегиздерде дем жетпей, мени бирөө келип муунтуп аткандай, «мына азыр өлтүрөт» деген сыяктуу башкача сезимдер болуп атты. Ошол убакта жолдошум да жумуштан келип калган эле. Бут кийимимди да чала-була кийип алып эшикке чуркап чыгып шамаал издеп баштадым. Жел болсо ошол жактан дем алам деп ойлодум го оюмда», — дейт Кымбат.

Айла кеткенде ыктыярчылар ачкан «Ынтымак» обсервациясына барганын айтат. Ал жакта врачтар текшерип «Сатурация бир аз түшүп кеткени болбосо жакшы эле. Бул жакта сизден жаман ооругандар жатат. Аларды көрүп жаман болосуз. Андан көрө үйгө жазып берген дарыларды ала бериңиз» деп мага кайра башка дары-дармектерди, ысык уколдорду, гипарин жазып беришти», — дейт ал.

Гепарин тапмак дагы азапка айланган. Бир күн издеп таппай, эртеси кечинде араң табышкан.

«Ошол учурда менин ичим өтүп, кусуп, аба жетпей аябай кыйналып аткам. Көнүгүүлөрдү жаса дешти. Бирок, аны жасаганга да абалым келбей турган. Шалдырап эле жатып, эки-үч күндөн бери эч нерсе ичпесең же баспасаң, алың кетип жата берет экенсиң да. Гипаринди эки күн алгандан кийин кадимкидей аппетитим ачылып, маанайым да бир аз көтөрүлүп, бир аз басып, көнүгүүлөрдү жасап аттым. Ошол мага жардам берди окшойт», — дейт ал.

Дем алганы оорлогондо кычкылтек аппаратын алып, ошону менен дем алышың керек деп айтышат. Аппарат менен дем алгандан кийин Кымбат кеске көбүк түкүргөнүн эстейт.

Биздин каарманыбыз ооруп аткан кезде коронавирустан каза болгондор көбөйгөн. Бул нерсе дагы оорулуунун эмоциясына таасирин тийгизбей койгон жок.

«Жашоо ушунчалык таттуу экенин мен жыйырма тогуз жашка келгени биринчи жолу сездим. Анткени, менин балдарым апамдыкында болчу. Балдарымды дагы ойлоп, «мен өлүп калсам алар эмне болот? Кандай болот? Кимдин колунда калат?»- деген ойлор болбой койбойт экен. Ошону ойлоп дагы «Мен жашашым керек, мен бул ооруну жеңем» деп өзүмө кайталап, балдарым, ата-энем үчүн жашашым керек деп өзүмө стимул берип аттым», — дейт Кымбат.

Бул макала жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн КОВИД-19 Ыкчам Чара чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты