«Кыргызстан» партиясынын чуусу: Жарандык коом эмес, бийлик утулду

Бишкек административдик соту “Кыргызстан” саясий партиясын шайлоого катышууга каттоо чечимин чыгаргандан кийин БШК Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 1-сентябрда Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган чечим кабыл алды.

Политолог Шерадил Бактыгулов БШКнын партиялардан документ кабыл алуу процедурасы мыйзам боюнча так чечилген эместигин, бирок БШК Жогорку соттун чечимин аткарууга тийиш экендигин айтса, эксперт Элмира Ногойбаева бул авторитардык тенденциянын биринчи инциденти, чабалакейи экенин, жарандык коом эмес, бийлик утулганын билдирди.

Шерадил Бактыгулов, политолог:

“Жагабы-жакпайбы, БШК сот чечимин аткарышы керек”

-Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам ушул маселени так чечкен эмес. Саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү документтерди тапшырыш керек деп жазылып турат. Бирок ал киши (ыйгарым укуктуу өкүл-А.Б.) ооруп калса кандай болот, ал маселе каралган жок, чечилген жок.

Экинчиден, Боршайком документтерди кайра бергенбиз деген, бирок конституциялык мыйзамда “кайра бердиң, кайра алдың», «кабыл алган жоксуң” деген норма жок. Мыйзамда документтерди кабыл алуу процедурасы так чечилген эмес.

Маселени караган Боршайкомдун мүчөлөрү иштөөнү уюштуруп коюшкан, бирок анын чечими кандай болот, маселе ушунда.

Жогорку сот “Кыргызстан” саясий партиясы Боршайкомго документти тапшырса болот” деп чечим чыгарып койду.

Адамдын күнөөсү барбы-жокпу деп карап жатканда, күнөөсү так чечилбесе, күнөөсү бар адамдын пайдасына чыгарып коет. Жогорку сот да ошондой чечим чыгарды.

Боршайком документтерди кабыл алганда катталууга милдеттүү деп жатат. Ушул процедура так чечилбеген үчүн ар кандай интерпретация болуп жатат. Юристтер жана кызыккан адамдар буга жеке пикирин билдирүүдө.

Биз эгер укуктуу мамлекетте жашайбыз деп сыймыктанып жүрсөк, албетте, сот аны караш керек. Жагабы-жакпайбы, чечим кабыл алынды, аны аткарыш керек.

Боршайкомдун милдетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын интерпретация кылуу кирбейт, ал шайлоону жана референдумдарды уюштурат.

Сот Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кандай жол менен колдонот, кандай иштетилет, ушундай чечимдерди кабыл алып жатат.Сот чечим чыгаргандан кийин, аны аткарууга милдеттүү.. Азыр Боршайком “бул мыйзамды аткарамбы-аткарбаймбы, кайсы жол менен аткарбай койсом” деп ойлонуп жатат.

Мурда болсо чыгарабызбы-чыгарбайбызбы деп карап жаткан.

Албетте, башка саясий партиялар “Кыргызстан” партиясын шайлоодон алып салганга кызыгып калган, күчтүү партиялар жок болсо, аларга да жеңилирээк болуп калат да. Алардын демилгелерин деле түшүнүп жатабыз, бирок мыйзам деген мыйзам да. Соттун чечими ал деген конституциялык мыйзамды, ошол эки тараптын ой-пикирлерин, сунуштарын карап, таразалап алынган да.

Бир мүнөт ашып калдыбы жетпей калдыбы, үч мүнөт шашып калдыбы, ал — Боршайкомго суроо. “Кыргызстан” саясий партиясы жалгыз эмес да. Ал жакта дагы 4-5 партия кезекте турган, 17:54, 17:56,17: 57, 17:58 деп.

Тигилер таштап коюп кетти деп айтышууда, каттоону жүргүзгөн адам эмнеге өз учурунда токтотуп калган жок? Балким Боршайком саясий оюндарды ойноп койду, анда Боршайкомду жоопко тартыш керек.

Боршайком тизмени текшерип, адамдарды көрсөтүш керек. 4-сентябрда шайлоо алдындагы үгүт башталат.

Эгер Боршайком “Кыргызстан” партиясын каттабаса, анда Боршайкомду “Кыргызстан” партиясы сотко берип, компенсация сураш керек. “Кыргызстан” партиясын шайлоого киргизген эмес деп.

Тилекке каршы, “Кыргызстан” партиясынын кагаздарын көргөн эмеспиз. БШК Жогорку соттун чечимин эң акыркы чечим катары аткарыш керек,-деди политолог Шерадил Бактыгулов.

Коомдук-саясий жана социалдык процесстерди иликтөөчү, эксперт Элмира Ногойбаева бул авторитардык тенденциянын биринчи инциденти, чабалакейи экенин билдирди.

Элмира Ногойбаева, эксперт:

“Бул — авторитардык тенденциянын чабалакейи”

-Азыр “Кыргызстан” партиясынын тегерегинде болуп жаткан маселе , биринчи этапта БШКда, андан кийин сотто, негизинен абдан көрсөтмөлүү.

Бир караганда Кыргызстан утуп чыкты, бирок шайлоодогу демократиялык институт көз карашында алганда, чындыгында Кыргызстан утулуп калды, Мында “Кыргызстан” партиясы эмес, Кыргызстан мамлекети. Бул — авторитардык тенденциянын биринчи инциденти, чабалакейи.

Себеби анын экинчи тарабы бар. Жарандык активисттер, бардык саясий партиялар булар — жарандык уюмдар, мыйзам бузууга каршы өз укуктарын коргоп чыкты. Ал эми “Кыргызстандын” “өкүлдөрү” да элге чыкканын, бирок тымпыйып туруп бергенин баргандар көрдү.

Мына бул өз укуктарын коргоп чыккан анык жарандар жана тымпыйып жалданып чыккандар шайлоо учурунда Кыргызстанда эмне болорун, анын ичинде шайлоодон кийин эмне болорун көрсөтүп турат. Себеби саясий күздөн кийин саясий жаз келет.

Менимче, бул окуяда жарандык коом эмес, бийлик утулуп калды, ал мыйзамдын дал келишин макулдашуу менен.

Мен ушул жерден Оруэллдин эң таамай айткан сөзүн келтире кетейин. Ал демократиялык укукту авторитарык укуктан кантип айырмалаш керектигин таамай жазган. Оруэллдин конституциясы бардык адамдар үчүн “бирдей, тең», бирок ал айрымдар үчүн “теңирээк, бирдейирээк” деген учкул сөзү бар.

Бизде деле ошондой болуп жатат, шайлоонун үгүт иштери баштала элек, бирок айыл өкмөттөрүндө бир эле партиянын баннерлери илинип турганын көрүп жатабыз, Буга БШК дагы, айыл өкмөтү дагы унчуккан жок. Тең эмес, бирдей эмес шайлоо кампаниясы башталды, — деди Элмира Ногойбаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова кечээ саат 11де БШКнын жумушчу кенешмесинин «Кыргызстан» саясий партиясы тууралуу Жогорку соттун чечимин талкулоо боюнча болбой калганын” фейсбук бараккчасына жазды. «Шайлдабекова Жогорку соттун чечими түшө элек деп, саат 15:00ке кенешмени жылдырды. Андан сон, расмий жыйын болот дешти».

Бирок, Абдрахматованын айтуусунда, “Жогорку соттон БШКнын өкүлдөрү соттун чечимин кол коюп алып кеткен, мөөрүн бастырып кетишкен”. “Ушунтип БШКда калп айта берген заман качан токтолот? Шайлоого кантип эл ишенет, БШКнын жетекчилиги каалагандай жалган айтып, калган БШКнын мүчөлөрүнүн башын айлантып жатса” дейт Атыр Абдрахматова.

Айгүл Бакеева

Сүрөт: Баш сүрөт жана Шерадил Бактыгуловдуку -«ПолитКлиника», Элмира Ногойбаеваныкы-интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты