Президент шайлоочулардын добуш сатып алуу фактыларына каршы чара көрүлөрүн айтты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Коопсуздук Кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда, бардык саясий партияларды жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди үгүт иш-чараларында мыйзамды так сактоого чакырды.

«Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка залал келтирбөөсү абзел. Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек» деди.

Президент үгүт кампаниясын өз ара сыйлоо атмосферасында өткөрүп, шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү — компроматтарды таратуу, «булганыч» технологияларды колдонууга эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө чакырды.

Ал шайлоо мыйзамдарын бузууга, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларына карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады. Ошону менен бирге партиялар үгүт иш-чараларын жарандарыбыздын ден-соолугуна коркунуч жаратпастан өткөрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты