Жогорку сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-сентябрда, Жогорку сотто «Кыргызстан» партиясынын иши каралды. Сот Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-августта 17 партия эрежелерди аткарганын жана катталганын билдирген. Бирок документ тапшырууда «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта кайра кайтарылган.

27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган.

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты