Таза шайлоону талап кылган акция уюштурулду

  • 4 года мурун

үгүн. 1-сентябрда, Жогорку сот алдында таза шайлоону талап кылган акция уюштурулду.

Акцияга жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү катышты. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керектигин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылышты.

Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулган.

Борбордук шайлоо комиссисы 24-августта 17 партия эрежелерди аткарганын жана катталганын билдирген. Бирок документ тапшырууда «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта кйара кайтарылган.

27-августта, “Кыргызстан” партиясынын доо арызы Бишкек шаарынын административдик сотунда каралды. Сот «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоого катыштыруу чечимин кабыл алган.

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз берди.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты