​Жыл соңуна чейин 112 социалдык объект курулушун аяктоо пландалууда

  • 4 года мурун

Премьер-министр Кубатбек Боронов билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин, жолдорду, ошондой эле таза суу менен камсыз кылуучу жана ирригациялык объектилерди куруу маселесине арналган кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын аягына чейин социалдык багыттагы 112 объектинин, анын ичинде 70 билим берүү жана 17 саламаттык сактоо имараттарынын курулушун бүткөрүү пландалууда.

«Өлкө аймактарындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди куруу иштерин план боюнча өз мөөнөтүндө аяктоо шарт. Муну менен катар планга ылайык 1-сентябрда 11 мектеп колдонууга берилиши керек», — деди өкмөт башчы.

Быйыл 79 айылга таза суу киргизилип, төрт ирригациялык объектинин курулушу аяктайт.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча жыл аягына чейин стратегиялык маанидеги жолдордун 92 чакырымы курулуп бүтөт. Мындан тышкары район борборлорундагы жолдордун 152 чакырымына асфальт төшөлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты