Аалы Туткучев Эгемендик күнүндө коррупцияны ашкерелеп ырдады (ВИДЕО)

31-август Эгемендик күнү Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан иш-чарада төкмө акын Аалы Туткучев “Уруксат бекен эл үнүн жеткирип айтып койгонго” деп бажыдагы коррупцияны жана башка терс көрүнүштөрдү ашкерелеп ырдады.

“…Эл бийлигин тымызын

Тоноп жаткан чоңдор көп.

Сол чөнтөккө байкатпай

Солоп жаткан чоңдор көп.

Чоң деген аты болбосо,

Чоң уурдаган борбор көп.

Болбосо тагдыр менен ойногон

Таанышы жокту кордогон,

Таш жүрөктүү соттор көп.

Чалмакейди чалышкан

Чакалап акча алышкан,

Таможня, посттор көп.

Урнаны ээлеп алышкан

Уурдап добуш салышкан

Чала сабат чачтан көп.

Таанышы барлар таштан көп

Көмүскө далай иштерди

Көрсөтпөй жасап жаткан көп.

Ушул иштин бардыгын

Санариптен өткөрсө,

Эфирден карап онлайн

Эл дагы кошо текшерсе,

Мыйзамсыз иштер азайып

Жасалбайт эле эч нерсе.

Көмүскө иштер болбосо,

Эл көрөт деп ойлосо

Өз байлыгын тонотпой

Эл дагы өзү коргосо.

Эркиндикке элимдин

Алпара турган жол да ошо.

Сотту да элдер караса,

Постту да элдер караса.

Эмнелер кирип-чыкканын

Эл эсептеп санаса.

Эл бийлиги бийиктеп,

Жашообуз болмок тамаша.

Ырдаган сайын негедир,

Ырдагым келет сөз кысып.

А бирок токто деп жатат

Каптал жактан көз кысып.

Токтосо мейли токтоюн,

Токсон мүнөт сокпоюн.

Соттун баары ак иштеп,

Таможня так иштеп

Милиция түз иштеп

Окуу жайлар бүт иштеп

Той менен атаандашкандай

Эмгек менен жарышсын.

Алганды жакшы көргөндөр

Акча эмес, билим алышсын.

Тойкана салган ишкерлер

Билимкана салышсын.

Онтогондор оорудан

Куландан соо айыксын.

Кылаар иш жок врачтар

Телефон чукуп калышсын

Ыймандуу жана билимдүү
Жаштар өсүп жетилсин.

Ынсап берип коңшуга,

Чек аралар чечилсин.

“Ынтымак болсо ырыс бар”

Ырыс бар жерде жылыш бар

Жылыш үчүн биригип

Улуудан кеңеш угуш бар.

Бакыт менен таалайдын

Барар жери ынтымак

Беттешкен жоону биригип

Алар жериң ынтымак.

Кор кылбастан кудайдын

Колдоор жери ынтымак, .

Берекенин элиме

Орнор жери ынтымак

Айыл жана шаардагы

Өлкөнүн бардык аймагы

Өркүндөп-өсүп гүлдөсүн

Бүтүндөй кыргыз тармагы

Желбиресин эң бийик

Эркиндиктин байрагы.

Куттуу болсун Мекеним,

Эгемендиктин майрамы! — деп ырдады төкмө акын Аалы Туткучев.

Бүгүн Кыргызстанда, Эгемендиктин 29 жылдыгы белгиленди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты