​Эгемендик майрамыңыздар менен!

  • 4 года мурун

Бүгүн, 31-августта, Кыргызстанда Эгемендик күнү. Эгемендүүлүктүн жарыяланганына быйыл 29 жыл болду.

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Эгемендик күнүнө карата ишчара бүгүн Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушунда чечим кабыл алынганын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Кыргызстан мурунку СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп, 31-август Эгемендик майрамы деп жарыяланган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты