Сурамжылоо шайлоочулар билимсиз депутаттардан тажаганын көрсөттү (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө мейманда — “Общее дело”-“Жалпы иш” коомдук фондунун долбоор координатору Гүлзат Абдраева жана политолог Эмилбек Жураев.

Биз бүгүн шайлоо алдындагы сурамжылоонун жыйынтыктары тууралуу сөз козгомокчубуз.

— Гүлзат айым, сиздер жүргүзгөн шайлоо алдындагы социологиялык сурамжылоо тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз. Сурамжылоо качан жүргүзүлдү? Кимдер тарабынан сурамжыланды? Кайсы аймактарда болуп өттү?

— Сурамжылоо 2020-жылдын 4-июнунан 24-июнуна чейин өткөрүлдү. Сурамжылоонун 35% ын-шаар тургундары жана 65%ын -айыл тургундары түздү. Алсак, 37 шаар, 68 айыл калкы камтылды. Сурамжылоо республиканын бардык региондорунда өткөрүлдү, ага 1500 жаран катышты, 18 жаштан өйдө. Респонденттер Киш сеткасы боюнча тандалды.

Учурда “Жалпы иш” коомдук фонду парламенттик шайлоо боюнча көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат. Ошол долбоордун алкагында жарандарга маалымат берүү компоненти бар. Жарандардын шайлоо тууралуу оюн жана маанайын билүү максатында жүргүзүлдү. Сурамжылоо, изилдөө ошондой эле жарандарга маалымат берүү ишин пландаштырганга дагы чоң жардам берет.

— Сурамжылоонун кайсы суроолорунун жооптору күтүүсүз болду? Мисалы респонденттердин көбү кимге добуш берээрин билбейбиз деген жоопторду бериптир.

— 90 %дан ашык респонденттер парламентте билимдүү депутаттарды көргүсү келет. Ошондой эле талапкерлер жаңы, элден чыккан адамдар болсо, ошолорду көргүсү келет. Алардын ичинен аялдарды, жаштарды өзгөчө белгилеп кетишти. Ошондой эле талапкерлер арасында динге тиешеси бардыгы добуш берүүдө да чоң роль ойноорун айтышты. Сиз айткандай, кимге добуш берээрин билбегенин же “баарына каршы” добуш берээрин айткандар да көп болду.

Депутаттар билимдүү болсо…

Таблица 1. «Жалпы иш» коомдук фондунун сурамжылоосунан.

Эмилбек Жураев: — Чындыгында мени дагы ошонусу таң калтырды. Бул өтө маанилүү маселе. Шайлоо болорун баарыбыз билип турганбыз, ошол сурамжыланган жарандар шайлоо болорун уккан. Бирок шайлоого дээрлик эки-жарым ай калганда өтө көп пайыз шайлоочулар “эч кимге добуш бербейбиз” же “билбейм” деп жооп бериптир. Партиянын аты аталган жакта СДПК деген партия жүрөт биринчи орунда.

Бул өтө таң калычтуу. Бир чети азыркы саясий дүрбөлөң кезде жарандар өз оюн бекемдей элек, чечим ала элек дегенди көрсөтөт.

Экинчи жагынан, таң калычтуу, ушундай талкууланганы менен чындыгында партияларга кызыкпагандыгын деле билдирет деп ойлойм.

Албетте, июнда жасалган, бир айдан ашып калды сурамжылоонун мөөнөтүнө. Бирок ошентсе да бул маанилүү көрсөткүч шайлоого даярданып жаткан партиялар үчүн. Агитациялык иштерди кантип алып барыш керек, кантип кайрылуу керек, буга чейин тааныла элек партиялар үчүн канчалык элди өзүнө тартууга мүмкүнчүлүк бар, билүүгө болот. .

— Эмил мырза, жаңы партиялар тууралуу да маалымат жетишсиздиги байкалган экен…

—Албетте, бир чети мыйзамыбызда так жазылган, шайлоонун мөөнөтүнө, процедураларына карачу болсок, 4-сентябрга, шайлоого бир ай калганга чейин толук катталуудан өтүп, шайлоого бет алган партиялар аталганга чейин агитация жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Андыктан менин байкашымча, буга чейин да көп партиялар бир аз карманып, коомго толук кандуу маалымат берүүдөн тартынгансып турду.

Бирок, ошенткен менен эл арасында баары бир көп партиялар боюнча сөздөр көп, маалымат деле айтылып жатат, бирок акырына келгенде шайлоочулар бир айкын, канаттандырарлык маалымат бере элек болчу экен, июнь айында.

VI чакырылышка сын-пикир

— Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча шайлоочулар Жогорку Кеңешке алдыдагы шайлоолордо кимдер келсе дешет экен?

— Ооба, жана Гүлзат айым айтып кеткендей, алтынчы чакырылышка болгон маанайды, сын пикирди байкап жүрдүк, ошол чагылдырылыптыр.

Биринчи эле кезекте билимдүүлөр келсин деп жатышат, анткени алтынчы, азыр мөөнөтү бүтүп жаткан чакырылышта, депутаттардын тизмегинде өтө одоно ката кетирген, дегеле жазылган тексттерин окуй албаган, ар кандай таң калтырган суроо туудурган демилгелерди айткандар өтө көп болуп, карапайым шайлоочулар арасында сын көз караш калыптанып калган, бизге депутаттыкка, ар кандай, даярдыгы, саясат же мыйзам чыгаруу жагынан, дүйнө таанымы, билими жоктор келип алган деген. Андыктан жаңы чакырылышка өтө маанилүү нерсе — ошондой билимдүүлөр келсин дептир. Буга чейин, мурдараак, ушуга салыштырса болчу сурамжылоодо, биринчи кезекте таза, коррупцияга малынбаган адамдар же кесипкөйлөр келсе дечү, бирок билимдүүлүктүн биринчи орунга чыкканын көрүп жатабыз.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында шайлоочулар билимдүү, жаш, жаңы жана “элдик талапкерлерди”, ошондой эле аялдарды көргүсү келет.

— Келечекте Жогорку Кеңештин саясатын кандай принциптер түзсө экен дешет?

—Кайсы жаатта, кандай иш алып барса болот деп сурамжыланган. Мисалы жумушсуздук менен күрөшүүбүз керек деген маселе биринчи орунда турат, экинчи орунда экономиканы жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүш керек деген приоритетти ошого бергендердин пайызы көп, анан албетте, коррупцияга каршы күрөшүү бар, менимче бул азыркы маанайды чагылдырат жана пандемия деп, аны менен күрөшүп жатып, экономикабыздын такыр токтоп калганы, көптөгөн кишилердин жумушсуз калганы бул сурамжылоодо камтылып турат.

Бул жерде дагы эң чоң маселе, буга чейин дайыма айтылып келген, мыйзамдын үстөмдүгү жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу.

Экинчи дагы бир маселе, тартип же иреттүүлүк, саясаттагы туруктуулук деген маселе. Буга чейинки акыркы жылдардагы опурталдуу иштердин да таасири болуш керек.

Кандай маселе, кандай саясат жүргүзүү ыкмалары, принциптери биринчи орунда болуш керек деген суроого жооптордун эң көбү,25%ы адилеттүүлүк болуш керек деп жооп бериптир. Демек, ошол “бирөөнү бирөө сатып кетти”, “чыккынчылык кылды”, “адилетсиз мамиле кылды” деген сөздөр кайра эле саясий чөлкөмдө талкууланып жаткан маселелер бул жерде чагылдырылыптыр. Анан тартип, теңдик, тынчтык деген маселелер эң маанилүү, салмактуу.

Коронавирус кырдаалы толкундатабы?

— Коронавируска байланыштуу кырдаал шайлоочуларды канчалык толкундатат экен?

—Азыр баарыбызды ойлондуруп жаткан маселе COVIDдин алкагында, добуш берүүчүлөр канчалык келишет, добуш берүүгө катышат деп. Сурамжылоо июнь айында болгондуктан мүмкүн кайсы бир деңгээлде эң оор — июль айындагы пандемиянын пик (жеткен чегин -ред.) убагын чагылдырган жок, бирок көпчүлүгү негизинен шайлоого барабыз деп айтышыптыр. 75 % респондент өлкө боюнча.

Ар кандай аймактар, шаарлар, айылдар боюнча караганда чоң шаарларда азыраак, Бишкекте каадасынча, дүйнөлүк практикада болуп жүргөн нерсе, шаарда азыраак пайыздагы шайлоочулар “ооба, барам” деп жооп беришиптир. Ошто салыштырмалуу азыраак, аймактарда көбүрөөк. Жалпысынан орток пайыз- 75, өлкө боюнча, бул өтө чоң пайыз.

Албетте, өзгөрүшү мүмкүн,” шайлоого барам, барбайм” деген суроо бул сурамжылоолордо эң бат өзгөрчү көрсөткүч.

Бирок COVID пандемиясы болуп жаткан кезде баарыбыз, эл, ар бир жаш балага чейин билип турган кезде кайсы бир деңгээлде ушундай жооп бергени ишеним туудурат. Шайлоочулар шайлоо маанилүү жана добуш берүүгө ынтызар экенин билдирет.

— Шайлоонун өткөрүлүшү же өткөрүлбөшү тууралуу суроолорго кандай тыянак чыкты?

Гүлзат Абдраева:- 60 пайыз респонденттер пандемияга карабастан шайлоонун күзүндө өткөрүлүшүнө макулдугун билдиришкен.

Эмил Жураев: — Бул да ошол кезде негизинен талаштуу маселе болчу да.

Гүлзат Абдраева: — Сурамжылоо эпидемиялык учур күчөй элек кезде болгондуктан, 17% өздөрүнүн ден соолугунун коопсуздугунан улам шайлоого баруудан баш тартышкан.

— Шайлоого чейин дагы сурамжылоо жүргүзүлөбү?

Гүлзат Абдраева: -Биздин фонд тарабынан шайлоого чейин дагы эки телефон сурамжылоо өткөрөбүз, анын бирөө өтүп жатат. Шайлоодон кийин дагы үч сурамжылоо өткөрөбүз. Андан башка фонд тарабынан фокус группалык дискуссия болот. Ал бизге сапаттуу анализ берет, шайлоо учурунда кандай кыйынчылыктар болду, көбүнчө ошого максат алат. Бардык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы биздин фонддун интернет булактарында ачык жарыяланат.

— Өткөн парламенттик шайлоодо сурамжылоо жүргүзүлдү беле?

— Гүлзат Абдраева: -Биздин фонд жаңы фонд, 2019-жылы түзүлгөн. Бирок биздин кызматкерлердин шайлоо жагында тажрыйбасы бар.

Партияларга кулак кагыш

Эмил Жураев: -Бул маанилүү нерсе, мындай изилдөөлөр Кыргызстанда аз болуп келген, ал жанданып келе жаткан тажрыйба. Шайлоо же башка маанилүү коомдук иш-чаралардын алдында же андан кийин сурамжылоо жүргүзүү өтө маанилүү.

Ошонун негизинде саясий партия болобу же саясатчылар, мамлекеттик мекеме, институттар болобу, билим, так маалымат менен чечим кабыл алууга өз аракетин жасоого менимче чоң өбөлгө болот.

Буга чейин азыраак болуп келген. Шайлоонун алкагында мындай сурамжылоо жүргүзүү менимче өтө жакшы башталыш, муну улантуу зарыл

Анан дагы бир нерсени айта кетели, шайлоочулар үчүн да, шайлоого катышабыз деген саясий партиялар үчүн да чоң саясий мааниге ээ , бул сурамжылоонун бир бөлүгү маалымат булагын алуу, маалымат булактары боюнча болуптур, мени таң калтырганы баарыбыз эле маалыматты интернеттен алабыз деп, ютуб, вотсап деп атпайбызбы, бирок шайлоочулардын эң чоң саны телевидениеден алабыз дешиптир.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу интернеттен маалымат алабыз дегендер деле чоң экен, интернеттин ичинен эң эле биринчи ютуб ресурсу аталган.

Таблица 2. «Жалпы иш» коомдук фондунун таблицасы.


Айгүл Бакеева/ПолитКлиника

Видео жана сүрөт: “ПолитКлиника” медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты