Айына 20 000 сом стипендия алып, Европада билим алып жаткан Чолпондун баяны

.

Айына 20 000 сом стипендия алып, Европада билим алып жаткан Чолпондун баяны

WSB Academy Scholarship программасы Польшадагы Business Academy in Dambrowa Gornicza университетинде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа аркылуу чет өлкөдө билим алып жаткан Чолпондун баяны.

Бизнес академия программасы аркылуу Польшадагы Business Academy in Dambrowa Gornicza университетине өтүү үчүн талаптар:

  1. Чет өлкөлүк жаран болуш керек;
  2. Англис тилинде эркин сүйлөшү керек;
  3. Ден соолугу окууга тоскоолдук жаратпашы керек;
  4. Бакалаврга тапшыруу үчүн 11-классты бүткөндүгүн тастыктоочу документ керек;
  5. Жашы чектелбейт;
  6. Магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ болушу керек ;
  7. Жетишкендиктер жогору болушу керек.

Мүмкүнчүлүктөрү:

  1. Dambrowa Gornicza университетинде бекер билим алышат;
  2. Жатакана берилет. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдалангысы келбеген студенттер өз алдынча батир жалдап чыга алышат, бирок чыгымдар төлөнбөйт (Тамак аш камсыздалбайт);
  3. Ай сайын төлөнүүчү стипендия;
  • Бакалавр 800 злот (18 000 сом);
  • Магистратура 1000 злот (20 000 сом);

4. Стипендия алуу үчүн баалар дайыма жогору болуш керек;

5. Студенттердин ден соолугу камсыздандырууга алынат.
Программа тууралуу кененирээк маалымат шилтемеде.

22 жаштагы Чолпон Токтосунова Польша мамлекетинин Катовице шаарында стипендиялык программа менен билим алып жаткан студент:

«Европада окугум келип, бир топ программаларга экзамен тапшырдым, бирок ийгилик мен тарапта болбоду»

Польша мамлекетинин Катовице шаарында жайгашкан Business Academy in Dambrowa Gornicza университетинин Эл аралык менеджмент бөлүмүндө билим алам. Мен үй-бүлөдө эң улуусумун. Атам «бир туугандарыңа үлгү бол» деп көп айткан. Чет өлкөдө окуу менин бала кезимдеги кыялым болгондуктан, атамдын айткан сөздөрүн угуп, мектепте дагы университетте дагы жакшы окудум. Бишкек мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн бакалавр деңгээлин аяктадым. Университетте окуп жүргөндө эл аралык дебаттарга катыштым, ар кандай уюмдарда өзүмдү волонтёр катары сынадым, ошонун баардыгы менин өсүшүмө жардам берди.

«АКШга дагы билим алып келгенге жетиштим»

— Университетти бүткөндөн кийин чет мамлекетте билим алгым келди. Анткени, Кыргызстандан алган билимим өзүмө жана өлкөгө салым кошуу үчүн жетишсиз экенин түшүндүм. БМУда окуп жүргөндө АКШга алмашуу программасы менен барып, билим алып келгем. Ал жактагы билим берүү деңгээлин көрүп, магистратураны Европада окууну туура көрдүм. Ошентип, программаларды карап баштадым. Көп прграммаларга тапшырдым. Мисалы, Stipendium Hungaricum, DAAD, Erasmus, Fullbright сыяктуу программмалар. Бирок, ийгилик мен тарапта болбоду. Бул программаларга экзамендеринен өтпөй калдым. Бирок сынган жокмун.

«Кийин Польшага бекер окууга жөнөтө турган программага өттүм»

— Андан кийин Европадагы стипендиялык прграммаларды изилдеп, WSB Academy Scholarship программасын таап, экзаменин тапшырып көрдүм. Тапшыруу процесси кыйла оор болду. Биринчи турунда университеттин сайтына өзүм жөнүндө (диплом, сертификат, грамота) жана башка ийгиликтерим жөнүндө жаздым. Экинчисинде сураган документтерди тапшырдым. Көп өтпөй мени менен байланышып, онлайн интервьюга чакырышты. Интервьюда: Эмне үчүн бул университетти тандадың?, келечектеги пландарың кандай?, буга чейинки ийгиликтериң кандай? деген сыяктуу суроолор берилди. Бир жумадан кийин «программага өттүңүз» деген кат келди. Аябай сүйүндүм. Ата-энем дагы аябай сүйүндү, «сен кызсың, үйдө отур» дебей, тескерисинче мага дем-күч берип турушту.

— Виза жасатып баштадым. Виза жана билеттин чыгымдары программада каралган эмес экен. Жалпысынан визага 100 доллар, билетине 350 доллар сарптадым.

«Университеттин системасы мага аябай жакты»

— Мен Польшага барып, көпкө чейин көнө албай жүрдүм. Баары бир башка жер болгондон кийин дароо көнүп кетүү оор болду. Билим берүү системасы дагы Кыргызстандан бир топ айырмаланат. Мисалы, Кыргызстанда мугалимдер сабактардын жүгүртмөсүн өздөрү түзүшөт. Бул жакта студент өзүнө ылайыктуу кылып сабактарды, мугалимдерди тандап алат. Баалоо системасында «4,5» деген баалар бар. Бирок, GPA деп аталат. Ошол аябай маалинүү. Ал канчалык жогору болсо, ошончолук жакшы, стипендия дагы ошого жараша берилет. Мугалимдер Англиядан, Америкадан келип сабак беришет. Семестр сайын алар алмашып турушат. Эгерде бир сабакты бүтүрө албай калган болсо, ал кийинки семестрде кирет.

— Мен таң калган нерсе табиятка аябай аяр мамиле жасашат. Эч нерсени сындырбай, бактарды жакшы карашат. Эң эле бизге жат көрүнүш болуп эсептелген нерсе, жашы өтүп калгандар деле тамеки чегип, кыска шорта кийип, сөгүнүп жүрө беришет экен. «Жаш-кары» деп бөлүнбөйт, транспорттон болсо «жаштар карыларга орун берүүсү керек» деген нерсе жок.

«Келечекте Кыргызстандын жаштарынын өсүшүнө салым кошкум келет»

— Магистратураны ийгиликтуу аяктап, мекениме барып өзүмдүн кесибим боюнча иштеп, Кыргызстандын Эл аралык сферада өнүгүшүнө салым кошсом деген ниетим бар. Көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштеп, жаштардын өсүшүнө дагы түрткү болсом дейм.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты