​Кыргызстан: курорттук Ысык-Көл облусунда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Эпидемияга карабастан, Ысык-Көлдүн пляждары туристтерге толгон. Ошол эле учурда коронавирусту алып жүрүүчүлөрдүн саны дагы көбөйүүдө.


Каракол шаарындагы күндүзгү стационар. Сүрөт: CABAR.asia

Расмий маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө.

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Айнура Акматованын айтымында, 27-июлда аймакта төрт гана учур катталган, ал эми үч күндөн кийин 13 учур катталган.

“1-августта 15 учур катталган, 2-августта – 29. 27-июлга карата клиникалык жактан тастыкталган 68 учур катталса, 28-июлда 82, ал эми 29-июлда 155 болгон. 31-июлда болсо 81 учур”, – деди Акматова.

Саламаттык сактоо министрлиги оорунун өсүшү июль айынын башына, облуска эс алуучулар келген учурга туш келгенин белгиледи.

«Эпидемиологиялык абалга карабастан, Ысык-Көл облусунда калктын жана эс алуучулардын активдүүлүгү жогорулаган. Бул аймакта сейил бактарга барып эс алгандардын саны 110 пайызга чейин көбөйгөн, ал эми июнь айынын башында бул көрсөткүч 40 пайыз деңгээлинде болчу», – деди Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Акматова.

“Ошондой эле тамактануучу жай, дүкөн, дарыкана жана эс алуу жайларына баргандар көбөйдү. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облусунун жарандарына жана конокторуна кайрылып, аралыкты сактап, аймак ичиндеги кыймылды чектөөгө өтүүнү суранабыз. Анткени оорунун көбөйүшү саламаттык сактоо уюмдарынын ишине жана бардык медицина кызматкерлерине оорчулукту жаратат», – деп кошумчалады ал.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов карантиндик чараларды күчөтүү тууралуу айтты.

«Статистика айрым аймактарда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөндүгүн көрсөтүүдө. Райондордун акимдери берилген тапшырмалардын жана көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдоону күчөтүшү керек, – деди премьер-министр 29-июлда штабдын отурумунда. –Алар оорукананын ар бир бейтабы жөнүндө кабардар болушу керек. Ошондой эле, буга чейинки штабдын буйругуна ылайык, оорулууларды аныктоо үчүн короолорду кыдырып чыгуу зарыл. Бул багытта иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлүп жаткан жок”.

05.06.2020 карата Ысык-Көл облусунун аймагындагы оорунун көрсөткүчү

​Кыргызстан: курорттук Ысык-Көл облусунда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүүдө
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалымат кызматы

05.06.2020 карата Ысык-Көл облусунун аймагындагы өлүмдүн көрсөткүчү

​Кыргызстан: курорттук Ысык-Көл облусунда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүүдө Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалымат кызматы

05.06.2020 карата Ысык-Көл облусунун аймагындагы өтө оор абалдагы бейтаптардын көрсөткүчү

​Кыргызстан: курорттук Ысык-Көл облусунда Covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүүдө Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалымат кызматы

Өлкөдө пандемия бир канча айдан бери күчөп жатканына карабастан, оорунун жеткен чокусу учурунда Ысык-Көл облусунун ооруканалары бейтаптардын агылып келишине даяр эместигин көрсөттү

Каракол шаарынын жашоочусу Мунара Мусаева апасында пневмония башталганда ооруканага жаткыра албай койгонун айтат.

«Апамдын өнөкөт оорулары бар. Пневмония башталганда деми кыстыгып, дене табы көтөрүлдү. Баарыбыз апам үчүн коркуп кеттик, – деп Мусаева CABAR.asia журналистине айтып берди. – Жергиликтүү ооруканада орун жок болчу, бизге дарыларды жазып берип, жаткыруудан баш тартышты».

«Мындан тышкары шаардан дары-дармектерди табуу мүмкүн болгон жок, – деп кошумчалады ал. – Бишкектеги туугандарга чалып сурасак, ал жакта да жок болгон. Ошондо гана Каракол шаарынын жаштары уюштурган ыктыярчылар штабына кайрылдык. Алар бизге күн сайын «Левофлаксацин» антибиотигин жана «Клексан» препаратын берип турушту. Күнүгө эки жолудан апамды күндүзгү стационарга алып барып турдук, натыйжада апам толук айыгып чыкты».

Максат Ахматов. Сүрөт: CABAR.asia

Максат Ахматов, Ысык-Көл бириккен аймактык ооруканасынын анестезиолог-реаниматологунун айтымында, вируска даярданышкан, бирок мынчалык чоң агымды күтүшкөн эмес.

«Биздеги даяр дары-дармектердин жана коргонуучу каражаттардын запастары жетпей калды. Медициналык кызматкерлердин бардыгы кызыл зонада иштей башташты. Дарыгерлер жана медайымдар жетишсиз болду. Кычкылтек концентраттары жана антибиотиктер тартыш болду. Ушунун бардыгын көргөн биздин аткаминерлер эч кандай реакция кылбаганы өкүндүрөт», – деди дарыгер CABAR.asiaга.

Реаниматологдун айтымында, июлдун биринчи жумасында – оору башталганда, облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү обсервацияга айландырылган.

«Кийинчерээк ооругандардын агымы көбөйүп, биз баарын обсервацияга айландырдык, 500дөн ашык орун камдадык, – деди Максат Ахматов. – Медкызматкерлер жетишпегендиктен Ак-Суу райондук ооруканасынан кесиптештерибизди чакырууга мажбур болдук. Дарыгерлерге оор болду, анткени өзлөрү да ооруп калышты, алардын ордуна иштегенге эч ким жок болчу. Үч күн мурун Оштон ыктыярчы дарыгерлер келишти».

Ошондой эле Ахматов медициналык мекемеге олуттуу материалдык жардамды ыктыярчылар, активисттер жана ар кандай демөөрчүлөр көрсөткөнүн кошумчалады.

«Алар дароо эле биздин оорукананы кычкылтек концентраторлору менен камсыз кылышып, кызыл зонада иштеген кызматкерлерге тамак алып келип берип жатышты. Мындан тышкары, ишкерлер жана тургундар 600 миң сом чогултушту, анын ичинен 300 миң сомго керектүү дары-дармектер сатылып алынып, муктаж адамдардын баарына таратылды, калган каражат кызыл аймакта иштеген дарыгерлерге бөлүштүрүлдү», – деди ал.

Чолпон-Атадагы абал

Ушундай эле абалга Чолпон-Ата шаарынын дагы ооруканалары тушуккан: дары-дармектин, дарыгерлердин жетишсиздиги, коргонуучу каражаттардын жоктугу.

«Чолпон-Атага келгенге чейин Бишкек шаарында оорунун очогунда иштегем, – деди Эдилбек Жекшеналиев, дарыгер-реаниматолог. – Бул жакка келип бейтаптардын көптүгүнө таң калдык. Башында аябай кыйын болду, эң жөнөкөй деген нерселер жетишсиз эле. Мисалы, коргонуучу каражаттардан баштап керектүү жабдууларга чейин. Бул жакка келе жатканда Бишкектен коргонуучу кийимдерди болушунча ала келгем. Башында биз ошолорду колдонуп жаттык».

«Келгенден кийин “Алтын балалык” балдар лагериндеги стационарда иштей баштадым», – деп сөзүн улантат ал. – Имарат башында оорукана болбогондуктан эч нерсе жок. Кээде бейтаптар бири-бири менен дарыларын бөлүшүшчү. Азыркы учурда калктын, ыктыярчылардын жардамы менен дары-дармектер, кычкылтек концентраторлору, коргоочу шаймандар жетиштүү. Медициналык персоналга — дарыгерлерден баштап медайымдарга чейин оор болду. Медайымдар дээрлик биздин колубуз менен көзүбүз, андыктан алар нормадан ашык иштегенге туура келди. Бирок учурда бизге башка региондордон дарыгерлер жана медайымдар келишти. Оорулуулардын эң көп саны 75-80 адам”.

Волонтер Эдил Ибраев. Сүрөттү өзүнөн алдык.

Волонтер Эдил Ибраевдин айтымында, Чолпон-Ата шаарынын жаштары штаб уюштуруп, дары-дармекке, кычкылтек концентраторуна, коргонуучу каражаттарга акча чогулта баштаган.

“Оорулуулардын саны көбөйгөндө мен ооруканага барып, учурда каза болуп калган реаниматолог Саргабыш Иманалиев менен сүйлөштүм. Ал мага оорукананы көрсөтүп, оорулуулардын саны өсүп жаткандыгын жана дары жетишсиз экендигин айткан. Керектүү каражаттардын тизмесин тапшырды. Мен Чолпон-Ата жашоочуларынын тайпасына жазып, абалды түшүндүрдүм. Андан кийин шаардагы аткаминерлерди кошуп видеокайрылуу жаздырдык, анткени эл бизди алдап жатат деп ойлошу мүмкүн эле. Ошентип, биз Бишкектен керектүү нерселердин бардыгын сатып алып, акча чогулта баштадык. Мындан тышкары бизге жергиликтүү ишкерлер гана эмес, чакан дүкөндөр дагы колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле Европада, АКШда, Кытай жана Россиядагы мекендештерибизден акча которуу, кычкылтек концентраторлору жана башка жардам келип түштү”, – дейт активист.

Мындан тышкары Ибраев Чолпон-Атадагы мобилдик бригаданы жетектейт.

«Оорунун жогорку чегинде дарыгерлерге келе албай калган адамдар бар, ошондуктан биз мобилдик топ уюштурдук. Бишкектеги мобилдик топтун ыктыярчылары биз менен тажрыйба бөлүшүп, биз унаа сатып алдык, ал эми мобилдик топ бизди концентраторлор менен камсыз кылды. Чолпон-Ата шаарынын айланасын, Ысык-Көл облусунун айылдарын кыдырып, ооруканага жете албагандарга жардам бердик. Унаада ар дайым үч адам бар, алардын бири сөзсүз дарыгер болушу керек», – деди Ибраев.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн пресс-катчысы Жаныбек Кожоевдин айтымында, Ысык-Көл облусунда 16 имаратта 1017 орун уюштурулган.

«Алардын ичинен 759 орун колдонулуп, 358и бош. Концентраторлордун саны 500дөн ашык, 40 аппарат бар. Ак-Суу районунда жана Балыкчы шаарында 75 адамга кызмат кыла турган борборлоштурулган кычкылтек тутуму орнотулду”, — деди ал.

Анын айтымында, Каракол шаарында алты жерде, Балыкчыда 3 жерде, Жети-Өгүздө 16 жерде, Тоң районунда 13 жерде, Ак-Суу районунда 28 жерде, Түп районунда 44 жерде, Ысык-Көл районунда 37 жерде 1731 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационар уюштурулган.

“Учурда Жети-Өгүз районун бекемдеп жатабыз, анткени ал жакта бейтаптардын саны өсүүдө. Биз ал жакка запастагы дарыгерлердин бардыгын жөнөтүп жатабыз”, – деди катчы.

Кожоев кошумчалагандай, 24-июлга карата калктан келип түшкөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 13 миллион сомду түзгөн.

Айылдардагы абал

Түп районунун Корумду айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Ысык-Көл облусу. Сүрөт: CABAR.asia

Кичинекей айылдардагы күндүзгү ооруканалардын абалы жакшы болгон жок. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылынын 2000ден ашык калкы бар болгону менен эки гана медайым иштейт. Күндүзгү оорукана жергиликтүү фельдшердик-акушердик борбордун (ФАП) имаратында жайгашкан. Медайым Нургүл Сооронбаеванын айтымында, айылдыктар массалык түрдө ооруй баштаганда, аларга кичинекей дары-дармектер жеткирилген.

Медайым Нургүл Сооронбаева асма укол коюуда. Сүрөт: CABAR.asia

“ФАПтын башкы медайымы ошол учурда өргүүгө чыккан, ошондуктан мен жалгыз иштешим керек болчу. Бардык айылдыктар температура менен келип, чыйрыгып, тамагы ооруп жатканына даттанышкан, — дейт Сооронбаева CABAR.asiaга. — Мен аларды бизде болгон нерселер менен дарыладым: температураны түшүргөн дары жана антибиотик. Эч ким бизге COVIDди дарылоону үйрөткөн эмес. Жакынкы оорукана карантинге жабылган, ал эми бизге болсо айылдан чыгууга тыюу салынган эле. Корктум, анткени мен түшүнүксүз оору менен дары-дармексиз жалгыз калгам».

«Ар күн сайын бейтаптардан жакшы сөз угам деген ой менен жумушка барчумун, – дейт ал. – Эл ФАПта дары-дармек жок экенин көрүп, өздөрү шаарда жашаган туугандарына, тааныштарына кайрылуу жасап жатышты. Кимдир бирөө матрац алып келип берсе, кээ бири ийне, керебет жана башка керектүү жабдыктарды алып берип жатышты. “Кызыл крест” коому жакшы жардам берди, коргонуучу кийим жана дары-дармектер менен камсыз кылышты. Кесиптештерден телефон аркылуу кеңеш сурап, кечкисин онлайн сабактарга катышып жаттым. Жалпылап айтканда колумдан келгендин баарын кылдым”.

«Күнүнө эки жолу 15-20 тургунга асма укол койчумун. Эмдөө бөлмөсүн дарылоо бөлмөсүнө ылайыкташтырууга туура келди. Күн сайын ФАПта кезекке тургандар көп. Саат 7.30дан кечки 8ге чейин жумуштамын, экинчи ай дем алышсыз иштеп жатам. Активисттерге, бизге эң керектүү каражаттарды алып берген бардык демөөрчүлөргө абдан ыраазымын», – деп сөзүн жыйынтыктады Нургүл Сооронбаева.

Ысык-Көлдө коронавирустун көбөйүшү менен өкмөттүн өкүлү алмашты. Жаңы ыйгарым укуктуу өкүл борбор калаа мэриясынын аппаратынын мурдагы башчысы Балбак Түлөбаев болду. Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары бул дайындоону колдоп, Бишкек шаарында Түлөбаев коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана жайылышы үчүн жооптуу болгонун, тажрыйбасы бар экенин айтышса, кээ бири терс пикирде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты