​Эгемендик майрамынын иш-чаралары онлайн өтөт

  • 4 года мурун

31-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Эгемендик күнүнө карата иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушунда чечим кабыл алынганын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Кыргызстан мурунку СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп, 31-август Эгемендик майрамы деп жарыяланган.

Иллюстрацияялык сүрөт: 2019-жылы Эгемендик күнүн белгилөө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты