​Авиакаттамдарга байланыштуу Өзбекстан Кыргызстанга сунуш жиберди

  • 4 года мурун

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча Ташкент Бишкекке сунуш жиберди. Бирок ал качан каралары белгисиз.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев коронавируска байланыштуу кырдаал турукташып, чек араларды ачуу аракети башталганда бул маселе күн тартибине коюлат.

Адистер азыр Кыргызстанда да, Өзбекстанда да COVID-19 илдетине байланыштуу «абал жакшырды» деп айтууга эрте экенин белгилешүүдө.

Ал эми Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда авиакаттамдарды жандантуу боюнча Бишкектин июль айындагы сунушуна Москвадан оң жооп боло элек. Казакстан жана Кувейт менен да ушундай жагдай сакталууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан ички жана сырткы аба каттамдарын токтоткон. Чет өлкөдөгү мекендештер чартердик рейстерде ташылууда.

Июндан тартып Бишкек-Ош-Бишкек багытында гана аба каттамы калыбына келтирилген. Сентябрда Жалал-Абадга, Баткенге каттамдарды ачуу пландалган.

7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары кайра жолго коюлган.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Кыргызстандагы аба майдандарынын баары күнү-түнү жүргүнчү тейлөөгө даяр экенин 24-августта билдирген.

Иллюстарциялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты