​Жогорку сот: Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулуна мунапыс берилди

  • 4 года мурун

19-августта Жогорку сотто парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралып, 2019-жылы 15-ноябрдагы Жогорку соттун токтому өзгөртүлгөн. Бул тууралуу Жогорку сот маалымдады.

Жогорку сотто мурдагы депутаттын жактоочусунун арызы канааттандырылды. Ага ылайык, Дамирбек Асылбек уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми Жазык кодексинин 223-беренеси («Экономикалык аткезчилик») менен үч жылга эркинен ажыратылып, бирок Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонулуп, эркиндикке чыгарылды.

«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкканы 21-августта белгилүү болгон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жатка

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты