«Реформа” партиясы күрөө акчаны коомчулуктан чогултуп, БШКга тапшырды

  • 4 года мурун

“Реформа” партиясы тарыхта биринчилерден болуп саясий партиялар бере турган күрөө акчаны коомчулуктан чогултуп, БШКга тапшырды.

Бул тууралуу партия “Фейсбук” расмий баракчасында жазды. Коомчулуктан 5, 5 млн сомго жакын чогултулган.

“Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп кыргызстандыктар саясий партияны колдоп, бул ири сумманы чогултуп берди” деп айтылат билдирүүдө.

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялар 5 млн сом күрүү акча тапшырууга тийиш.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты