​COVID-19: 103 учуру катталды. 218 киши айыкты, бирөө каза тапты

  • 4 года мурун

24-августтагы маалымат боюнча өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 103 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 27;
Ош – 1;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 8;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 29;
Баткен облусу — 19.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 126га жетти.

218 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 36 615ке жетти.

Бир киши каза тапты

Каза болгондордун жалпы саны -1057 (расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты