​Эмил Үмөталиев: Шайлоодогу добушубуздун баасы жогору. Добуш мүлк менен байланыштуу (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө мейманда болгон ишкер, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев парламенттик шайлоо жана финансы маселелери тууралуу суроолорго жооп берди..

Партиялар жана шайлоо фонду

— Эмил мырза, парламенттик шайлоо жакындап келатат. Партиялардын шайлоо фонду 300 млн сомго чейин болушу керек экен. Мындай капитал кайдан топтолот? Бул акча азбы же көппү?

-Жогоруда аталган сумма көппү-азбы, ал салыштырмалуу нерсе, андан дагы кызыктуу маселелердин бири ким каржылайт же ошол катышуучулар каржылаш керекпи же болбосо мамлекет баарына тең шартты түзүп бериш керекпи деген маселелер да талкууланышы керек.

Германия, Жапонияга окшогон өлкөлөр, мисалы Германияда мамлекет каржылайт. Мамлекеттин каржысы менен шайлоону өткөрүшөт экен, анткени бул мамлекеттин иши деген мааниси бар. Бардыгына бирдей, тең шартты түзүш үчүн, байлар өзүнүн акчасы менен гана басып кетпесин деп.

Азыркы учурда шайлоо укугуна ээ болуш үчүн ар бир БШКга катталган партия өзүнүн тизмеси менен бирге депозитин, 5 млн сом тапшырыш керек. Бул дагы көп учурда өтө жогору депозит деп айтылып жатат.

Муну киргизип жатканда саясатчылар өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн башкаларга сатыш үчүн арасына кошулуп кеткендерди азайтып салабыз, ошон үчүн депозитти жогору кылалы деген шылтоо болгон.

Бул бирок шылтоо экен, азыркы учурда көрүнүп турат, ал депозит ошол аргументти эске алганда дагы ал символикалуу эле болсо, жетиштүү болмок.

Бүгүнкү учурда 5 млн сом көп акча топтобогон, уурдабаган, коррупцияга аралашпаган, таза ниет менен катышкым келет деген, жаңы билимим, жаңы сунуштарым бар деп аракет кылгандарга бул өтө бийик чектөө, босого болуп калыптыр.

Бүгүнкү күндө шайлоого катышыш үчүн чоң акчага ээ болгондордун гана мүмкүнчүлүгү бар экен, ал эми көпчүлүк учурда чоң акчага ээ болгондор, мисалы бай эмес, алар коррупцияга аралашкандар, уурулукка аралашкандар.

Колунда жок, бирок татыктуулар парламентке келе алабы?

-Каражаты жок, бирок интеллектуалдык деңгээли бийик адамдар кантип парламентке келе алышат?

-Мындан ары биз ошол чектөөнү ылдыйлатышыбыз керек. Бул калыс шартты орнотпойт экен. Билимдүү, жаш, байып кете элек же байыйын деген ниети жок, бирок элге кызмат кыла алам, өзүмдүн билимимди элге арнай алам дегендер мындай чектөө менен эч качан катыша албай калышат.

Азыр мындай кырдаал болуп турат, буга чейин кулдук маанайда кармалган эл өзүнүн катышуусуна, добушуна, саясаттагы эркине эч ишенбей, буга чейинки тоталитардык мезгилде үстүртөн гана айдалып келген шартта жашаган эл, жасалма саясий шартта, бирок өзүнүн эркинен, добушунан эч нерсе таасир этпегенине ишенип, көрүп, үйрөнүп калган эл өзүнүн добушуна таянчу эмес.

Эгерде ушундай авторитарлык режим күчөп турса, эл ошондой demoralization (деморализейшн) деп коет, эрки ылдыйлап,өзүнө өзү ишенбей кала берет дагы, болору болсун, 1000-2000 сомду алып калайын деп сатыла берет.

Коомчулук, анан саясий лидерлердин арасынан чынчыл иштегендери элге үмүт бере алса, анда эл өзүнүн добушун коргоп калат. Өзүнүн добушун бергенге аракет кылып, үмүт корголоруна көзү жетип калат. Ошондой шартта эл өздөрү салым кошот.

Ошентип, өнүккөн элдердин тажрыйбасын биз көрүп турабыз, кыргыз эли да ошондойго жакын окшойт. Азыр мисалдар пайда болду, буга чейин уурулар, коррупционерлер өзүнүн кошумчасын берип, бийликке өтүп кетишчү. Эл анчалык мүмкүнчүлүккө, эркиндикке ээ боло элек эле, быйыл биринчи жолу.

— Айрым партиялар элден жардам катары акча сурап жатышпайбы…

-Элге кайрылып, эгер ишенсеңер, ошол тапшырманы бизге бергиңер келсе, акчаңарды, тапшырмаңарды бизге бергиле, үмүтүңөрдү үзбөй тургула,мындан ары биз аркылуу ошол чечимдерге жана саясатка катышууңарды бекиткиле деп кайрылып атат окшойт.

Олигархтар жана шайлоо

— Олигархтардын шайлоого чоң каражат жумшай турганына кандай карайсыз, алар ошончолук бай келеби?

-Ооба, бай болушу мүмкүн, бирок акча бул кайсы бир топтолгон мүлктүн өлчөнгөн бир көлөмү да. Бирок башка адамдардын муктаждыгына жооп таап, иш же тейлөө кызматын кылып, анан адамдардын ыктыяры менен берген акчасынын топтолгонубу? Же бул коррупцияга, же уурулукка аралашып башкаларга бут тосуп, бийликтин жардамы менен байып кеткен мүлктү? Аны дагы териштириш керек, аны толук көзөмөлдөгөнгө биздин күчүбүз жетише элек.

Ошондой ыплас жол менен топтолгон байлык коркот, ошону жоготуп коем же бийликти жоготуп коем же болбосо муну бирөө бир күнү келип териштирип мени жоопко тартып коюшу мүмкүн деп. Анан ошондой топтолгон акча коркок болот дагы ого бетер бийликке умтулуп калат. Анткени бийликтин күчү менен ошону же уланткысы келет, же болбосо бийликтин күчү менен коргонгусу келет. Элдин эркин добушун тартып алып, аны кайра эки-үч эсе, беш эсе көбөйткөнгө аракет кылышат.

Элдин эрки, адамдын добушу андан кымбат турат. Бирок ар бирөөбүз ошого үйрөнө элекпиз, добушубуздун баасын келечекте биле-билбей, эмнеден айрылып атканыбызды толук түшүнө албай турабыз. Анткени биз Советтер Союзундагы тоталитардык системада жашаганда өз мүүлкүбүзгө ээ болбой жана коомдук мүлккө тиешебиз жок болуп, бардыгыбыз тең кайдыгер мамиле кылып келген шартта жашаганбыз.

Ар бирөөбүзгө таандык чөнтөктөрүбүздү, сумкаларабызды коргойбуз, мүмкүн үйүбүздүн ичин коргойбуз. Бактарыбыз, парктарыбыз бул дагы бизге тиешеси бар, кайсы бир үлүшү биздики же болбосо бардыгыбызга тиешелүү мүлк, байлыктар деп эсептебей эле, аны бирөө уурдап жатса, бакты кыйып жатса, бир-экөө чыркырайт дагы, калгандары кайдыгер мамиле кылат. Бул кулдук маанайда кармалган элдин аң-сезими, өзүнүн мүлкүнө өзү ээ болбой калганы.

Муну айтып жаткан себебим добуш мүлк менен байланыш. Ар бир добуш коомдук жамааттык мүлктөргө мамлекеттик мүлккө тиешеси бар.

Убадаларын көзөмөлдөп туралы

-Аткаминерлердин айрымдары да шайлоого аттанып жатат. Алар акчаны кайдан табат?

-Алар аткаминер эмес, бизден өйдө эмес, биздин көзөмөлүбүздө болушу керек. Биз аларга тапшырма берип, аларды көзөмөлдөшүбүз керек, талабыбызды алардан сурап турушубуз керек.

Эгерде аларды “аткаминер” деп, мамлекетти көзөмөлдөөнүн ордуна сөзүбүздөн жаңылып, мамлекетке сыйына берет экенбиз, мамлекетти сүйүш керек деп. Мамлекетти эмес, өлкөнү сүйүш керек. Өлкөдөн мурда адамды сүйүш керек. Адамды сүйүп, адамдар жашаган жерди, өлкөнү сүйүш керек.

Өлкө мамлекетти куруп, кызматын тапшырыш керек дагы, көзөмөлдөгөндү билиш керек. Булар кызматчылар болуш керек, убада берип жатканда анысын келишим катары кабыл алышыбыз керек. Азырынча биз талаптарды дагы тактай албай, анын арасынан убада бергендердин арасынан бизге керектүү, биздин кызыкчылыгыбызды коргогондорду электей албай алданып кетип жатабыз. Кээде жердештер катары, тууган-туушкандар критерийи же дагы башка бир жолу менен алданып кетип жатабыз.

Эл аралык адамзаттын тажрыйбасында эки жолу бар, бирөөндө элди багындырып, элди алдап, добушун ээлеп алгандар. Экинчи жагында элдин ишенимине ээ болуп, сунуштарын топтоп, аткаруу жолдорун билип, ишенимге ээ болгондор.

-Сиздин оюңузча колунда барлар, олигархтар шайлоого барып, саясаттан алар эмне табышат? Бизнесине эле зыян келбейби.

Эгерде демократиялык шарт болсо, көмүскө экономика ылдый деңгээлде болуп, ишкерлик таза болуп, ал жерде таза ишкер биринчиден, бийликтен коркпой өзүнүн иши менен гана алек болуп, көмүскө жол менен байыйм деген аракеттер жок же абдан ылдый деңгээлде болот. Биздикиндей өлкөлөрдө, тилекке каршы, 91-жылдан баштап эле көмүскө жол менен , көмүскө экономиканын шартында байыгандар көбөйүп кетип, алар бир нече себеп менен бийликке умтулушат. Биринчиден, бийликсиз иш өтпөй калат, анткени Советтер Союзунда бийликтин колунда шарттар, эркиндик, уруксат берүүчү системасы өтө чырмоолоп турат.

Өзүнүн иши менен эле алек болгусу келген кишилер деле бийликке умтулушу мүмкүн, анткени бийликтин колунда өтө көп уруксат берүүчү мүмкүнчүлүктөр бар. Ошонун баарынан көз каранды болбой, бийликке барып, ошол жерден уруксат алат же бийликтин күчү менен ишиме жол ачам дегендер.

Бирок мындан тышкары ошол мамлекеттин мүлкү , мамлекеттин колунда өтө көп мүлк дале топтолуп тургандыктан ошол мүлктөн барып четинен мага дагы бир жилиги, үлүшү тийип калсын дегендер да ошол бийликке топтолуп, элден жашынып, бири-бири менен бөлүшүп, ошол жерден дагы көбүрөөк уурдап калганга аракет кылышат.

Үчүнчүсү, эгерде мурда топтолгон мүлкү таза болбосо, анда куугунтуктоодон коркуп, мыйзамсыз эмес, мыйзамдуу куугунтуктоодон деле коргонуп, ошол жерден бийликтин аркасынан мүлкүн жана өзүнүн коопсуздугун коргоп калууга шашат.

Шайлоо жана көмүскө каражат

-Шайлоодо шайлоо фондунан тышкары көмүскө акча да жумшалып кетет дешет. Ошондой болбош үчүн эмне кылыш керек?

— Демократиядан башка эч жол жок. Бул адамзатты 2000—жылдан берки ойлоп тапкан акыйкаттык жолу- бул демократия.

Демократия деген бул эмне? Бул адамдын, кыргыздардын деле кызыкчылыгын коргоп, коомдук мүлккө,чечимдерге тиешелүү өзүнүн эрки, катышуусу жана анын сөзү, пикири эсепке алынышы.Ошол адамдын катышуусуна шарт түзүү, адамдын пикирин, айылда болобу, шаарда болобу, адамдардын жашоосуна тиешелүү эреже орнотулуп жатса, ошого ал кишинин катышуусун камсыздоо, анын пикирин эске алуу, ал кишинин коомдук мүлктөргө, парктрга болобу, көчө, болобу, суу болобу, кен болобу, анын кызыкчылыгын, ал жерде эске алуу жана анын кепилдигин берүү .

Ошо нерселердин бардыгынын процедуралары, жолу, ирети, эрежелери ошол демократия. Ал кыргызга кантип жакпасын жана жукпасын жана кантип ылайык болбосун? Ал эмнеге кыргыздын иши болбошу керек? Эгерде кыргыз өзүнүн намысына ээ болом десе, анда ошол өзүнүн намысын коргош үчүн ошол эрежелер таандык болсун. Жок, кулдук маанайда кала берем десе,анда алдап, кыргызды кул кылып алып, бирөө байып, бирөө жакыр жашап, артта кала берет.

-Шайлоо алдында адатта өкмөт бюджетте иштегендердин айлыгын, пенсияны көтөрөт. Бул да шайлоого жакшы таасирин тийгизсин дегендик да. Өкмөт ушуну менен элди сооротуунун амалын жасап жаткан жокпу?

-Тилекке каршы, ошондой. Бирок бул ыплас жолдор эмес. Бул элди сооротуу, болбосо шайлоо учурунда кызмат кыла тургандарды сатып алуу деп айтуу деле жарашат. Жолдорун таап көбөйтө берсин, реформаларады жасап, элдин кызыкчылыгына арналган саясий чечимдерди кабыл алышса, андан жакшы болот эле. Бул керектүү жол эмес, бирок мыйзамды жолунда боло берсин, мындан начар нерселердин көбөйүп кеткени коркунучтуу.

Ар бир добуш баа жеткис байлык

-Шайлоочунун ар биринин добушунун баа жеткис экенин белгилеп кетпедеңизби. Добушту сатпаш үчүн кандай кеңештерди берет элеңиз?

-Шаардык жерлерде элибиздин арасында билимдүү, турмушуна жооптуу адамдарыбыз көп.Ууру эмес, коррупционер эмес, өз мээнети менен башкалардын көйгөйүнө аракет кылып, тейлөө кызматын аткарып, башкалардын иш-аракеттерин өк ыктыяры менен сатып алган акчанын аркасынан байлыгы тунук, таза, көрүнүп турган адамдар көбүрөөк ишеничке ээ болот.

Эмки даражада андан да бийик коомдук жашоого тиешелүү бул саясий чечимдер, ошол жердеги мүлктөр. Кечээ эле бирөөлөр жайыттар уурдалып жатат деп айтып жатат. Шаарда парктар уурдалып жатат. Кендин уурдалышы боюнча кино жаралууда. Мунун баары эмнеден? Анткени биз жалгыз гана чөнтөгүбүздү, сумкабызды, машинебизди, үйүбүздү гана коргоп жатабыз, аны коргоп үйрөндүк, коомдук мүлктү коргогонду үйрөнө албай жатабыз.

Айыл жерлеринде оокаты тың болгондорго кайрылып, ошолорго убакыты келди, эмки өнүгүү даражасы — саясий чечимдер. Кино тарткандарга да кайрылат элем,силер “кен”деп элдин сезимин ойготуп жатасыңар, бирок кен биринчи ирет добуштан башталат. Ошол кенди коргойм десең добушуңду корго, добушуңа тиешелүү өзүңдүн ар намысыңды, чечимиңди жана бийликтеги катышууңду өзүңдүн өкүлүң аркылуу болобу, өкүлүңдү көзөмөлдөө аркылуубу,акыры барып, аны мамлекеттин чечимине көзөмөл болгонго жетише аласыңбы, добушту коргош керек.

Саясат бул жогору деңгээлдеги эреже

-Бизнес менен саясат аралашпаш керек дейбиз го…

. –Жок, ал авторитардык режимдин үйрөтүлгөн, мээге куюлуп калган калпы. Ар бир адам төрөлгөнүнөн эрежеге үйрөтүлөт, саясат менен эреженин ажырымы жок. Биринчи класс менен онунчу класстагы билимдин ажырымы жок, тепкичтери бар. Биринчи класста башталган билим 10-класстагы же университеттеги илимдеги билим, бирок тепкичтери, жакшы климатта өссө, жакшы даражага жетет, же жетпесе, ошол тарапты көздөй, үйрөнгөнүн токтотпойт.

Ошентип, ар бир адам эрежеге үйрөтүлөт, англис тилинде, эл аралык тилде эреже менен саясат деген бир сөз, бизде эле кулдук маанайда, “саясатка аралашпагыла, бизнесмен аралашпасын, силер дегеле саясатка аралашпагыла, силер экономиканы кылгыла, кулдар, силер убактысы менен берилген тамакка ыраазы болгула да, иштегенди билгиле, биз чечебиз” дегендей. Төрөлгөн бала эрежеге үйрөтүлөт. Саясат бул бийик деңгээлдеги эреже, ал эрежеге ар бирөөбүздүн тиешебиз бар, ар бирөөбүздүн үлүшүбүз керек, ар бирөөбүз катышышыбыз керек.

-Эмил мырза сиз жанатан бери адамды муюта турган ой-пикир айтып жатасыз. Эмнеге сиздей адамдар шайлоого барбайт? Мисалы сиз эмнеге шайлоого аракеттенбейсиз?

—Бүгүнкү күндө биздин шартта бийликтин толук бойдон бүгүнкү күндөгү эрежелери мага окшогон адамдарды жолотпогонго орнотулган. Ошон үчүн биз ортодо жүрөбүз. Эл менен болушунча карым-катнаштабыз, ал эми бийлик менен эч мамилебиз жок, анткени бийлик биздейлерди өзүнүн жанына да, шайлоого да жолотпойт. Ачык айтканда ошондой.

Айгүл Бакеева/ПолитКлиника

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника» медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты