Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 70 жашка чыкты

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 70 жашка чыкты.

Замандаштары Роза Отунбаеваны мааракеси менен куттуктап, анын эмгектерин айтып жатат.

Роза Отунбаеванын өрнөктүү жолу тууралуу Эмилбек Каптагаев ташка тамга баскандай белгиледи.

-Урматтуу Роза Исаковна,

Сизди 70 жаш кутман курагыңыз менен чын ыкластан куттуктайм!

Сиздин өмүр жолуңуз, эл үчүн өтөгөн кызматыңыз муундан муунга өрнөк болуп калат деп терең ишенем. Атпай журттун сыймыгысыз!

“Баатырдын атын алыстан ук, жакын келсең бир киши” – демекчи, аялзатынан чыккан нукура баатыр сизсиз. Баатырлык сапат тар жол, тайгак кечүүдө, элдин башына түшүп турган чукул кырдаалда, кыл чайнаган кармашта, тобокел деп башты канжыгана байлаган таймашта билинет, эрдик ошондой кырдаалда жасалат, адам такай эле баатыр болуп жүрө албайт, жай турмушта бул сапат билинбейт, байкалбайт. Татаал сыноолор сиздин башыңыздан далай өттү, алардын баарынан туура жол таап, татыктуу чыга алдыңыз, далай жолу эрдик кылдыңыз.

90-жылдардын башындагы грузин-абхаз кагылышуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлү катары барып, эки тарап атышып жатканда өз өмүрүңүздү тобокелге салып ортодогу көпүрөгө өзүңүз барып туруп алганыңыз, ошону менен бири-бирин карай ат коюп согуш ырбап кетишин токтотконуңуз – бул эрдик, бул баатырлык!

2004-2005-жылдары үйбүлөлүк-кландык башкаруу чегине жетип, элдин кыжыры кайнап турган учурда туу түбүндө туруп, оппозициялык күчтөрдү жигердентип, саясатчылардын башын бириктирүүгө жол ачып, элге дем бергениңиз, ошону менен “Революциянын локомотиви” деген ылакап атка ээ болгонуңуз – бул эрдик, бул баатырлык!

2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты катары оппозициялык КСДП фракциясын жетектеп, парламенттин трибунасынан кландык режимдин кыянаттык кылмыштуу иштеринин бетин ачып, чындыкты чыркыратып айтып турганыңыз, сөз бербей микрофонду өчүрүп салса дагы сумкеңизден мегафон алып чыгып үнүңүздү коомчулукка жеткирип турганыңыз – бул эрдик, бул баатырлык!

2008-2009-жылдары оппозициялык прогрессивдүү күчтөрдүн биригишне, Бириккен Элдик Кыймылдын жаралышына, ошону менен эл ичинде келечекке карай болгон үмүттүн кайра жанышына эбегейсиз салым кошконуңуз, Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциянын жетекчиси катары саясий партиялар менен коомдук уюмдардын бардык сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда болгонуңуз – бул эрдик, бул баатырлык!

2010-жылдын 17-мартында өткөн тарыхый элдик курултайды уюштурууну жетектеп, курултайдын чечими менен түзүлгөн Борбордук Аткаруу Комитетинин төрайымы болуп шайланып, ошону менен оппозициялык күчтөрдүн лидерлик милдетин, кландык режим менен андан аркы күрөштүн бардык жоопкерчилигин моюнуңузга алганыңыз – бул эрдик, бул баатырлык!

2010-жылдын 7-апрелинде канкор бийликке каршы эл көтөрүлүп, Бишкектин борбору канга бойолуп, бийлик кулап, мамлекетте бийлик жок башаламандык башталганда да жоопкерчиликтен качкан жоксуз, эртеңки күн эмне болору белгисиз туңгуюк учурда тайсалдаган жоксуз, Борбордук Аткаруу Комитетинин башчысы катары Убактылуу Өкмөттү жетектөөнү тобокелчилик менен моюнга алдыңыз, ошону менен бирге Өлкө үчүн эбегейсиз оор жоопкерчиликти моюнга алдыңыз, анын өтөөсүнө чыктыңыз – бул эрдик, бул баатырлык!

2010-2011-жылдары Убактылүү Өкмөттүн төрайымы катары, андан кийин өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президенти катары бардык жоопкерчилик сизде болду, жаныңыздагы эр жигиттер тайсалдап сыртка чыга берген учурларда дагы жоопкерчиликти жеке өзүңүзгө алуу менен тарыхый чечимдерди кабыл алдыңыз, натыйжада Өлкөдөгү жарандык согуштун чыгып кетишине жол берилген жок, контрреволюциялык төңкөрүш басылды, мамлекеттин бүтүндүгү сакталып калды – бул эрдик, бул аатырлык!

2010-жылдын июнь айындагы Ош-Жалал -Абаддагы каргашалуу коогалаңда башыңызды катпай кагылышып жаткан элдин ортосунда жүрдүңүз, элдин ыйын-муңун өзүңүз угуп, жакындарынан айрылып зар какшап жаткандарга өзүңүз жолугуп, кайрат айтып, дем берип жүрдүңүз – бул эрдик, бул баатырлык!

2010-2011-жылдары Президент катары демократиялык принциптерин бекемдөөгө, жарандык коомду жигердентүүгө, сөз эркиндигин иш жүзүндө камсыз кылууга белди бекем бууп белсемдүү кириштиңиз, парламенттик шайлоону бийликтин кысымы жок таза өткөрүүнү камсыз кылдыңыз, жаңы шайланган Жогорку Кеңешти колдодуңуз, Президент катары өзүңүздүн жеке аброюңузга шек келип жатканына карабастан депутаттарды өз алдынча болууга шыкактадыңыз, анча-мынча чектен чыгууларга чыдадыңыз, теске салууга, парламенттин ишин ыңгайлуу саясий нукка бурууга же кандайдыр бир чечим кабыл алууга мажбурлоого аракет кылган жоксуз, ошону менен жаңы парламенттик демократиянын, жаңы саясий маданияттын пайдубалы түптөлө баштады – бул эрдик, бул баатырлык!

2011-жылы криминалга каршы айыгышкан күрөш жарыяладыңыз, дагы бир жолу тобокелчиликке бардыңыз, жоопкерчиликти жеке өзүңүзгө алдыңыз, эки айга жетпеген убакыт ичинде 300 дөн ашуун криминалдык авторитетмин дегендер камакка алынды, мен кыйынмын дегендери чет өлкөгө качууга мажбур болушту, өлкөнү кылмыштуулуктан тазалоого жол ачтыңыз — бул эрдик, бул баатырлык!

2011-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Президенттик бийликти шайлоонун жыйынтыгына ылайык тынчтык жолу менен колдон-колго өткөрүп бердиңиз, бул тарыхый мааниси бар окуя. Андан кийин саясий процесстерге кийлигишпей, фонд ачып маданият жана агартуу багытында эбегейсиз зор эмгек кылып жатасыз, ошону менен Президенттик бийликтен кийин деле кадимкидей эл аралап, эл ичинде болуп, коомго пайдалуу иштер менен алектенсе боло турганын сабак катары жеке ишиңиз менен көрсөтүүдөсүз. Сиздин фондунун демилгеси менен унутта калган “Поэзия кечелери” кайра жанданды, жүздөгөн “Жайлоо бала бакчалары” уюштурулуп, жай мезгилинде малчылардын балдарына кошумча билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү, балдар үчүн көптөгөн китептер, анын ичинде “Манас” эпосунун сүрөт менен коштолгон жаңы кыска форматы жарыкка чыкты – бул эрдик, бул баатырлык!

2011-жылдын 3-мартында Францияга болгон иш сапарыңыздын алкагында ЮНЕСКОнун Штаб-квартирасында болуп, Генералдык катчысы Ирина Бокова жана Аткаруу кеңешинин Төрайымы Элеонора Митрофанова менен жолугуп, ошол учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кытайларга тарттырып жибердик деп кыжалат болуп жаткан “Манас” эпосу жөнүндө сөз кылып, кыргыз эли үчүн эпостун руханий маанисин, түзүлгөн кырдаалдын кесепетин түшүндүрүп, Кыргызстандын атынан эпостун үч илтигин адамзаттын материалдык эмес баалулуктары катары ЮНЕСКОдон өзүнчө каттоодон өткөрүүнү макулдашып келгениңизди көпчүлүк билбейт. Мына ошондон кийин саясий жол ачылып, өлкөдөгү мурда жоюлуп кеткен ЮНСЕСКОнун Катчылыгынын иши кайра калыбына келтирилип, даярдык иштери башталып, натыйжада “Манас-Семетей-Сейтек” эпостору 2013-жылдын декабрь айында коомчулуктун жана коомдук ишмерлердин колдоосу менен каттоодон өткөн – бул эрдик, бул баатырлык!

Эмгек миграциясында же ар кандай шарттар менен чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жүргөн мекендештер дагы сиздин көңүлдүн борборунда болду. Сиздин: “Улутту бириктирүү – бул Кыргызстанда жашап жаткан кыргыздарга эле тийиштүү эмес, биз дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жашап жаткан кыргыздарды ойлошубуз зарыл, чет жактарды кыргыздардын экинчи мууну өсүп келе жатат, мына ошолор кыргыз экенин унутпагандай, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын унутпагандай, бир улут экенибизди туюп билгендей иштер аткарылышы зарыл. Улутту бириктирүү – бул дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын бир улут катары калыптанышы” – деген сөзүңүз бүгүн дагы учурлаш. Сиздин демилге менен “Мекендештер” форуму 4 жолу эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү, чет жактагы кыргыздардын ата-журту менен байланышынын руханий учугунун үзүлбөшүнө шарттар жаралды – бул эрдик, бул баатырлык!

Сиз саясий айдыңда кыргызды, кыргыз аялзатын дүйнөгө тааныткан улуу инсансыз. СССР учурунда жаштыгыңызга карабай Тышкы иштер министирлигинин коллегия мүчөсү, Советтер Союзунун толук ыйгарым укуктуу элчиси даражасына жеттиңиз, эл аралык саясатта таанылдыңыз, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү катары Грузин-Абхаз кагылышында чечкиндүү роль ойнодуңуз. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Америка Кошмо Штаттарында жана Улуу Британияда толук ыйгармы укуктуу элчиси катары өлкөнүн тышкы саясатынын калыптанышына зор салым коштуңуз. Бул талашсыз чындык. Ал эми учурда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысы Антониу Гутерриштин бийик даражадагы кеңешчилер тобунун мүчөсү болуп турганыңыз, Америка Кошмо Штаттарынын, Кытай Эл Республикасынын, Европа мамлекеттеринин жетекчилери менен экс-президент катары байма бай жолугуп, өлкөдөгү кырдаалды туура түшүндүрүп жатканыңыз, ошондой эле атактуу Кембридж университетине профессорлук кызматка чакырылганыңыз элибиз үчүн сыймык. Кыргыз элин узун элдин учуна, кыйыр элдин кырына таанытып жатканыңыз – бул эрдик, бул баатырлык!

Урматтуу Роза Исаковна,

Тарыхтын кыйчалыш учурларында жаныңызда болуп, бирге иштегениме сыймыктанам.

Сиздин өмүр жолуңуз, саясий жана коомдук агартуучулук ишмерлигиңиз баалануучу мезгил алдыда. Сиз тарыхта орчундуу орду бар залкар инсансыз, кыргыз элинин татыктуу кызысыз!

Эмилбек Каптагаев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты