Алмаз Раев: «Кыргыз чаар тоок. Мурасты сактап калуу маанилүү»

Кыргыз чаар тоогун багып, ал тууралуу билгендерин элге жайылткан адам менен Тынымгүл Эшиева жолугуп, кызыктуу аңгеме айтып берди.

Үйдө эң кичүүсү болгондуктан, ата-энеси менен жашары түшүнүктүү эле. Ал жаштайынан чарбачылыкка жакын болуп, тооктун түрүн баккан, арасында урушчаактары да бар болчу.

Фрунзеге барып калганда сөзсүз цирктин жанындагы зоо дүкөнгө барып турушчу экен. «Ал жакка кирмейин кетчү эмесмин. Ата-энем тотукуш, канарейка сатып беришкен, аквариумум да бар болчу» — дейт Алмаз.

Балалыгым айыл жана жер менен байланыштуу болчу.

«Колхоздун башкармасы болгум келчү, — деп күлөт Алмаз, — Ошондуктан окуу жайды да ошого ылайыктап тандап алгам – Айыл чарба институтун. Аскер кызматымды Германиядан өтөдүм, андан кийин Союз тарады, үйлөндүм, Өзбекстанга самын сатып, бизнес кылдым, Мамкаттоодо топограф болдум, «Кыргызалтын» ААКсынын коопсуздук кызматында, ар түрдүү кен казуу иштеринде иштедим.

Бирок үй-бүлөсү Алмаз үйдө эле болгонун каалашчу, ошондуктан өз фондун ачуу ою пайда болот, фондго кичүү уулу Мирбектин атын коюп, агробиоартүрдүүлүк жана айылды туруктуу өнүктүрүү тармагында иштей баштайт. Университеттеги баардык тажрыйбасы жана кесиби чаарала кыргыз тоогун кайра жандандыруу ишинде пайдасы тийгенин айтат.

60-жылдары жергиликтүү селекционерлер тажрыйбалык иштеринде нью гемпшир, леггорн жана плимутрок түрлөрүн багышкан. Тажрыйбасы жок куш багуучулар өңү чаар тоок жөнүндө кеп болуп жатат деп ойлоп калышы мүмкүн. Кыргыз чаар тоогу бир аз башкачараак болот. Анын сырткы келбети – өзгөчө түстө, аны түпкү тукуму – ала-була плимутроктордон мураска алган.

Бул СССРдин энциклопедиясына кирген Орто Азиядагы жалгыз порода. Ал бийик тоолуу климатка, тоютка көнгөн. Эт-жумуртка багытындагы порода, бир тоок жылына 180-200 даана жумуртка тууйт.

Азыркы кезде 50 тоок жана 20 балапан бар, фермер тоокторду 250-300 сомдон сатат. Балапан сатып алуучулар абдан көп. Жазында, күзүндө тооктор чарбакта табигый чөйрөдө эркин багылат. «Жайында тоокканада багабыз»,- деп Алмаз өз чарбасын көрсөттү.

«Мен сатыктан түшкөн каражатты тоок багууга жана анын тукумун жаңылоого жумшайм. Быйыл кышында бул жакка «арс чычкан» (ласка) келди, ал суурдун бир түрү, бир түндө эле 30 тоокту, 10 өрдөктү, 3 үндүктү, 5 цесарканы өлтүрүп кетти. Ушул бизге проблема болуп жатат»,- дейт Алмаз.

Бул долбоордун аркасы менен Алмазды Тажикстандагылар, кийинчерээк Италиядагы «Терра Мадра» («Жер эне») фестивалына катышкандар жакшы таанып калышты. 2019-жылы «Мирбек Нур» коомдук фонду жергиликтүү тоокторду көбөйтүп, жайылтуу ишин улантты. Кочкордо куш багуучулар клубун түзүштү, анын мүчөлөрүнө кыргыз чаар тоогун көбөйтүү үчүн бекер таратып беришти. Кийинчерээк Алмаз азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстан Альянсы менен кызматташа баштады. Агробизнес боюнча жергиликтүү жана адистештирилген бир нече ММКлар кочкорлук фермердин кыргыз чаар тоогун көбөйтүү боюнча тажрыйбасы жөнүндө бир нече материалдарды жазып чыгышты.

«Алмаз Раевдин климаттын шартына жакшы ылайыкташкан, жергиликтүү породаларды сактап калуу иши өтө маанилүү»,- дейт ИСУР КФнун башчысы Анара Алымкулова.

Бул жылы Италияга баруу пландалган, бирок короновирус эпидемиясынын айынан бардыгы токтотулду.

Жакында япониядан окумуштуулар келишкен, алар Илимдер Академиясынын адистери менен бирге Алмаздын баккан жандыктарынын генетикасын аныктоо үчүн анализдерди алышкан. Алмаз Раев биздин академиктер менен кызматташканга даяр.


Бакаларды жана биздин токойлорду сактайлы

Алмаз ишке ашырып жаткан экинчи долбоор бул – борбордук-азия бакасын коргоо жана Кочкордун айланасындагы жайылма токойлорду сактап калуу. «Биздин үй-бүлөдө эмгек бааланып келген. Мен 7-класстан баштап, токой чарбасында иштеп баштагам. Отоо, тазалоо, андан кийин чөп чабуу.

Ал кездерде, кичинекей чагымда, токойдун айланасында кыргызча «кызыл колтук» деп аталган, бакалар көп болчу, баардык жакта көлчүктөр жана чөп өсчү. Мен үйлөнгөндөн кийин бир күнү ал жакка эс алуу үчүн бардык, карасам эле ал жакта баягы чөптөр жок, бакалар таптакыр көрүнбөйт. Элдер баканын эти дары болгондуктан, аларды көп кармашкан, арыс чычкандардын көбөйүп кетиши дагы бакалардын жоголушуна кошумча себепчи болгон.

Ошондон кийин, мен жайылма токойлорду сактоо боюнча долбоор жаздым, анткени кызыл китепке кирген бул түрдү сактап калуу жана алардын токойдогу чардоосун улантуу керек эле. Бул жылы эколог-адистерди, айыл өкмөтүн, экотех инспекцияны, жергиликтүү мектептин администрациясын жана окуучуларды чакырып, алар менен бирге коомдук талкуулоо жүргүзүүнү пландап жатам. Анткени райондун экосистемасына бул түрдүн маанилүү экендигин калкка жеткирүү керек.

Баканын бул түрүн сактоо менен бирге дагы башка маселелер келип чыгат – жайылма токойлорду сактап калуу, чычырканакты, долонону кыюуга тыюу салуу – чынында бака биздин райондун экосистемасынын тазалык индикатору болуп саналат. Бул маселелерди ар бир жашоочу түшүнүүсү жана салым кошуусу зарыл. Токойго чакан корукту түзүү жана токой чарбачылыгы менен бирге бул жылдын сентябрь-октябрь айларында бактарды отургузуу пландалууда», дейт Алмаз.

Өсүп келе жаткан муун менен иш алып баруу

Мурда Алмаз армиядан келгенден кийин мектепке аскер жетекчиси болуп иштөөгө чакырышкан. Көп жылдардан кийин Алмаз мектепке экологиялык агартуу идеялары менен кайтып келди. Азыр ал Кочкор шаарчасында жайгашкан К.Кыдыралиев атындагы мектеп менен тыгыз иштеп келүүдө.

Бул жылы мектепте мультимедиалык борбор ачылды. «Нукура кыргыз журналистика мектебинин» мучөлөру окуучуларга журналистиканын негиздери боюнча үйрөтүштү. Соцтармактарда баракчаларды ачышты. Долбоордун алкагында эки телефон, компьютер, принтер, флешкалар сатылып алынып, 13 окуучу үйрөтүүдөн өткөн.

«Биз Алмаз менен төрт жылдан бери slow food боюнча иштеп жатабыз, мугалимдер жана балдар менен семинарларды өткөрүп келебиз. Биздин балдар 9-классты бүтүрүп жатышат. Алар өз бакчаларын отургузуп, даамдуу салаттарды даярдашат, туура тамактануу жөнүндө көп нерселерди билип жатышат.

Практикалык жана теориялык билимдин аркасы менен балдар көбүрөөк изденип, үйрөнө башташты. Бүгүн «Аманат Өмүр» өнөктөш уюмунун мүчөсү Жанар Алгожоева дары чөптөр жана мектеп этноботаникалык бакчасын түзүү боюнча семинар өткөрдү. Балдар мастер-класстарга кызыгуу менен катышышты.

Биздин конкурстарга эң активдүү мектеп окуучулары катышышат жана аларга грамоталар, чакан белектер берилет, бул – балдарга аталган идеяларды, курдаштары жана ата-энелери арасында жайылтууга өбөлгө түзөт», — дейт Капар Кадыралиев атындагы мектептин директору Эльвира Эрмекова.

Алмаз Капар Кыдыралиев мектебинде иштөөнү улантып, окуучуларга биоартүрдүүлүк, туура тамактануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө айтып берет. Алар, терезеге урук тигишип, кийин көчөттөрдү жерге тигүүгө даярдашкан.

Slow food философиясы – «Таза, чынчыл, даамдуу», GMOсу жок тамак-аш эмитеден эле жаш муундардыын арасына жайылтылып жатат.

Биз Алмаздын бакчасын көпкө кыдырып жүрдүк, ал Кочкордун климаты бийик тоолуу жана катаал болгондугуна карабастан, үй-бүлөсү үчүн бардыгын өстүрүп жаткандыгы жөнүндө сыймыктануу менен айтып берди. Күнөсканасында бадыраң, помидор, цуккини, капуста, ашкабак жана жада калса брокколи менен салат жалбырактары өсөт.

Ал эми карагат жана жемиш бактары жыл бою витаминдер менен камсыз кылышат. Силер байкагандай, Кочкорлук багбандардын тобунда Алмаз активдүү.

«… Кыргызстан өнүкпөйт, бардыгы коррупционерлер, баары кетүүнү каалашат»,-деп айтышат жаштар. – «Мен болсо, патриотмун, эч жакка кетким келбейт»,- деп жаштар менен талашып-тартышам. – Эгер күч-аракет жумшасаң, ток болосуң, жалкоолор гана ачка калат. Ошондой эле, балдарды жашоонун негиздерине үйрөтүү эң маанилүү, күнүмдүк эмгектенүүнүн аркасында жакшы тамактанууга жана жашоого болот. Коррупционер болгондон көрө, балдар менен иштегеним туура», — дейт биздин кочкорлук активист Алмаз Раев.

Слоу Фуд (англ.slow «жай» жана food «тамак») – тез тамактануу системасына каршы кыймыл, Италияда 1986-жылы пайда болгон жана көптөгөн башка өлкөлөргө дагы тараган. Slow food дүйнөлүк философияга үгүттөйт, анда баардык адамдар сапаттуу азык-түлүккө ээ болуп, пайдалуу тамак-ашка ырахаттанышат, ошондой эле өндүрүүчүлөргө дагы кирешелүү болуп, планетага дагы зыян келтирбейт.

Уюм даамдардын жана маданияттардын стандарттуулугуна каршы, трансулуттук корпорациялардын тамак-аш өндүрүшүндөгү агроөндүрүш комплексиндеги алкы ачылган бийликке каршы турат. Ал тамак-аш азыктарынын сапатынын концепциясына негизделген, бири-бирине байланыштуу үч принцип менен байланышкан: даамдуу, таза жана чынчыл.

Даамдуу: жаңы жана жыттуу мезгилдик (сезондук) азыктар, алар сезүү органдары үчүн жагымдуу жана жергиликтүү маданияттын бир бөлүгү болуп саналат. Таза: тамак-аш азыктарын өндүрүү жана колдонуу, ал айлана-чөйрөгө, жаныбарлардын бакыбаттулугуна жана адамдын ден-соолугуна зыян алып келбейт. Чынчыл: керектөөчүлөр үчүн арзан баалар, туура акы төлөө жана өндүрүүчүлөр үчүн жакшы эмгек шарттары. Terra Madre – Италиядагы глобалдык азык-түлүк жармаңкеси. Slow food тарабынан ар жылы өркүндөтүлөт.

«Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту» («ИСУР») коомдук фонду (КФ) – 2012-жылы түзүлгөн, өкмөттүк эмес уюм, Кыргызстанда туруктуу өнүгүү концепциясын өркүндөтүүгө карата иштерди алып барат. Фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги фокусу салттуу билимдерди сактоочулардын жана тажрыйбалардын аракеттерин колдоого багытталган, алардын ролу: кам көрүү, тааныштыруу, билимдерди түшүндүрүү, мамиле кылуу, биологиялык түрлөр, искусствонун формалары жана муундан муунга өткөн биомаданий ар түрдүлүк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты