​Тилек Мураталиев менен коштошуу Кызыл-Дөбө айылында өтөт

  • 4 года мурун

“Турар” басмасынын негиздөөчүсү Тилек Мураталиев 20-августта 60 жашында дүйнөдөн кайтты.

Анын жакындары Тилек Мураталиев инфаркттан каза болгонун ЖМКга билдирди.

Тилек Мураталиев 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин аяктаган.Эмгек жолун өзү аяктаган ниверситеттин окутуучулугу кесибинде баштаган.

90-жылдары бизнес жолуна түшүп, кагаз ташып келүү жана полиграфия иштери менен алектенген. 1996-жылы “Турар” басмасын негиздеген.

2017-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун вице-президенти болгон. Ал эми 2019-жылы Жазуучулар союзунун басма иштери боюнча жооптуу катчысы болгон.

Тилек Мураталиев кыргыз маданиятына, адабиятына чоң салым кошкону аттын кашкасындай белгилүү. 2016-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Анын артында 4 баласы калды.

Тилек Мураталиев менен коштошуу 22-августта саат 10до Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты