​Мектепте 1-класстан башкаларга окуу дистанттык формада уюштурулат

  • 4 года мурун

Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде дистанттык формада уюштурулат.

1-класстарда гана салттуу форматта уюштурулат. Бирок санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жана атайын иштелип чыккан нускамалардын негизинде окуу процесси жүргүзүлөт. Билим берүү тармагындагы кызматкерлерге, педагогдорго, окуучуларга, ата-энелерге ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты, — деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

1-сентябрда менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн билим күнүн салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык өткөрүүгѳ даярдык жүрүп жатат.

1-сентябрда менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү мекемелеринде 2-11-класстар үчүн Билим күнү дистанттык түрдө өткөрүлѳт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты