​COVID-19: 196 учуру катталды. 345 айыкты

  • 4 года мурун

21-августтагы маалымат боюнча өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 196 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары — 35;
Ош – 9;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу — 34;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 24;
Жалал-Абад облусу – 49;
Баткен облусу — 18.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

COVID-19 инфекциясынан 1 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1055 жетти. (Кайра такталган расмий маалымат боюнча).

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 42 703 кө жетти.

345 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 35 831ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты