​Контейнерден тургузулган мектептин ордуна жаңысы курулууда

  • 4 года мурун

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерлерден тургузулган мектептин ордуна жаңы мектеп курулат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарында 150 окуучуга эсептелген орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынган жана учурда авариялык абалда турат. Өткөн жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болушкан. Бул коомчулукта кеңири резонансты жараткан.

Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан жана 2020-жылы курулуш иштери башталган.

Жаңы мектептин курулуш иштерин ноябрь айында жыйынтыктоо пландаштырылганы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Нарын облусун кыдырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты