​Кыргызстан Кытайдан карызды төлөөдө жеңилдик берүүнү сурады

  • 4 года мурун

19-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда негизги темалардын бири тышкы карыз болду.

«Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Айдарбековго Кытай ТИМ башчысы кандай жооп бергени айтылган жок.

14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефондо сүйлөшүп, карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну сураган.

Кийинчерээк өкмөт маалымат таратып, Кыргызстан Кытай мамлекетине болгон карызынын 2020-жылдагы төлөмдөрүн токтотуп туруу боюнча макулдашканын билдирген.

Кыргызстан Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 30-июнга карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4,7 миллиард долларды түздү. Анын 86% сырткы аласа болсо, анын жарымына жакыны Кытайга туура келет.

Соңку жылдары Кытай Кыргызстандагы энергетика жана инфраструктурадагы бир катар ири долбоорлорду каржылаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты