Социологиялык иликтөө: Парламенттик шайлоо шайлоочулардын көзү менен

  • 4 года мурун

«Общее дело»-«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоочулар арасында алдыдагы парламенттик шайлоого карата “Парламенттик шайлоо шайлоочулардын көзү менен” аттуу социологиялык иликтөө өткөрдү.

Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Социалдык сурамжылоонун мааниси коронавирус пандемиясы кыргызстандыктардын саясий маанайына кандай таасир берерин жана парламенттик шайлоого катышууга даярдыгын аныктоо болуп эсептелди.

Сурамжылоону тендердик тандоо менен «Erfolg Consult» компаниясы жүргүзгөн.

Максаттуу топту 18 жаштан 66 жашка чейинки жарандар түздү.

Сурамжылоого 1500 адам катышты, анын 530у шаар тургундары, 970и айыл тургундары.

Сурамжылоо эпидемиологиялык абал курчуганга чейин 2020-жылдын 4-июнда 24-июнга чейин жүргүзүлгөн.

«Бул сурамжылоо парламенттик шайлоо алдында элдин маанайын билүү жана COVID-19 пандемиясы ага кандай таасир бергендигин аныктоо болду.

Парламенттик шайлоо ар бир беш жылда болот, бул убакта ар кыл саясий , социалдык-экономикалык жана башка окуялар өтөт. Шайлоо алдында калк кандай маанайда барат, аларды эмне маселе толкундатат, алар парламенттин жаңы курамын кандай элестетет деген суроолорду билип алуу маанилүү” деп билдирди “Общее дело”-“Жалпы иш” коомдук фондунун жетекчиси Аида Сүйүндүева.

Сурамжылоого катышкандардын 75,6 %ы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катышууга даяр.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү (60,6 %) шайлоо өз убагында өтүшү керектигин, шайлоону COVID-19 га байланыштуу жылдыруунун кажети жок экенин билдиришти.

Эпидемиологиялык абалга карабай, респонденттер шайлоого добуш берүүгө катышууну билдирди (55,3 %). .

Респонденттердин 17,2%ы ден соолугунун кооптуулугуна карап, шайлоого добуш берүүдөн баш тарта тургандыгын билдирди.

Респонденттердин 82,3 %ы кимге добуш бере тургандарын билишпейт.

“Эгер шайлоо эртең болсо, кимге добуш берет элеңиз?” деген суроого көпчүлүк бөлүгү “Билбейм” деп жооп беришкен. Ошол эле кезде эгер шайлоо эртең болсо, кыргызстандыктар кимге добуш берер эле деген суроого “Эч кайсы партия” деп жооп берди жана экинчи орунда “Билбейм” деген жооп болду. Андан кийин СДПК, “Республика-Ата журт”, “Ата Мекен” жана “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялар деп жооп беришти.

Респонденттердин 32,1 % ы эч кайсы партияны аташкан жок, дагы 25 пайызы бул суроого жооп берүдөн кыйналышты.

Партиялык тизменин жаштар менен толукталышына талап жогору болуп жатканы менен калк арасында жаңы партиялар салыштырмалуу азыраак колдоого ээ экени көрүндү.

Жогорку Кеңеш курамынан шайлоочулар жаш, билимдүү, жаңы жүздөрдү жана “элдик талапкерлерди” көргүсү келет, ошондой эле аялдардын катарын да көргүсү келет.

Кыргызстандыктарды мурункудай эле “адилеттик” маселеси толкундатат. (24%),

тартип (14,7 %) жана тынчтык (14,3 %)»,

респонденттердин пикири боюнча келерки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин саясатынын негизине ушул үч түшүнүк кириши керек.

Шайлоочулар төмөнкү маселеге көңүл бурушу керек деп эсептешет:

-Коррупцияга бөгөт коюу (сурамжылоого катышкандардын 19,3 %ы );

-завод-фабрикалардын ишин жандантуу (13,5 %) жана жумушсуздукту жоюу (11,5%).

Жаңы чакырылыштагы парламент алдына калк ошондой эле:

-мамлекеттүүлүктү жана чек араны чыңдоо, соттордун ишиндеги акыйкаттуулук, коронавирустун экономикага тийгизген кесепетин жоюу.

Сурамжылоо ошондой эле азыркы абалды “кризис” деп атагандар (57,7 %),

33,9 % жооп берүүдө кыйналганын билдиришти

Бирок респонденттердин 31%ы негизинен өлкөдөгү абалды “канаттандырарлык” деп баалашты.

“Сурамжылоонун жыйынтыгы шайлоочулардын шайлоого добуш берүүгө даяр экенин билдиришти. Бирок айрым адамдар коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу ден соолугу үчүн кабатыр болгондор да бар” деп билдирди “Общее дело-жалпы иш” коомдук фондунун жетекчиси.

“Общее дело”-“Жалпы иш” коомдук фонду коммерциялык эмес уюм, ал Кыргыз Республикасында шайлоолорго мониторинг жасоо, жарандык билим берүү, жарандардын башкаруу процессине катышуусуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Фонддун миссиясы- кабыл алып жаткан чечимдердин сапаттуулугуна жарандардын катышуусу, дискурсу жана коомдук көзөмөл аркылуу активдүү катышуусуна шарт түзүү.

Бул жылы коомдук фонд 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңеш шайлоосуна көз каранды эмес байкоочу катары долбоорду ишке ашырууда.

Бул иликтөө АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) көмөгү аркылуу ишке ашырылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты