​Минскиде бийликти өткөрүп берүү кеңеши тааныштырылды

18-августта Беларус президенттигине талапкер Виктор Бабариконун штабында “Бийликти өткөрүп берүү боюнча координациялык кеңештин” курамы журналисттер менен тааныштырылды.

Ондогон беларус жана чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрү кеңештин мүчөлөрү Мария Колесникова (президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын үзөңгүлөшү), Ольга Ковалькова (Тихановскаянын ишенимдүү өкүлү), Максим Знак (Виктор Бабариконун штабынын юристи), Сергей Дылевский (Минск трактор заводунун иш таштоо комитетинин лидери) жана Павел Латушкого (Янка Купала атындагы театрдын жумуштан бошотулган директору) суроолорун беришти.

Координациялык кеңештин биринчи жыйыны 19-августта өтүп, анын катышуучулары жетектөөчү органын тандайт.

Кеңештин катышуучулары Александр Лукашенконун “алар бийликти күч менен тартып алууга аракет жасашууда” деген билдирүүсүнө макул эмес жана президент оппозиция менен сүйлөшүүгө макул болот деп үмүттөнүп турушат. Эгер бул ишке ашпаса, координациялык кеңештин мүчөлөрү башка мамлекеттик ишмерлерге жана жогорку кызматтагы чиновниктерге кайрылышып, кризистен чыгуу жолдорун талкуулоого чакырышат.

Кеңештин мүчөлөрү жогорку бийлик инстанцияларында иш ыргагы жайлап, учурда берилип жаткан тапшырмалар жай же такыр аткарылбай жатканын билдиришти.

Буга чейин Беларус президенти Александр Лукашенко беларус оппозициясында координациялык кеңештин түзүлүшүн “бийликти басып алуу аракети” деп атаган.

Беларуста оппозиция президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын таануудан баш тарткандан кийин саясий кризис күчөп кетти. Лукашенконун отставкасын талап кылган миңдеген кишилер нааразылык акцияларына чыгышты. Бир катар маанилүү өндүрүш ишканаларында жумушчулар иш ташташты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты