​ «Мекенчил» саясий партиясы съезд өткөрдү

  • 4 года мурун

“Мекенчил” саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча кезексиз сьезди 13-августта өттү.

“Мекенчил” саясий партиясынын кезексиз сьездинин күн тартиби боюнча 3 маселе каралды:

1.Саясий партиянын программасын бекитүү; 2.Партиянын саясый кеңешинин курамын бекитүү;3.ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана добуш берүү.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндөгү чечим, саясый партиянын сьездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

20-августка чейин — Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү этабы. 24-август күнү саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн, БШКга тиешелүү документтерди алып келүүлөрү зарыл. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 2020-жылдын 4-сентябрына чейин жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты