Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин өзбек журналистин бошотууга чакырууда

  • 4 года мурун

Кыргыз бийлиги расмий Ташкенттин өзбекстандык эркин журналист Бобомурод Абдуллаевди экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн четке кагууга, аны бошотууга тийиш. 12-августта «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму ушундай билдирүү таратты.

«Абдуллаев Өзбекстанда кыйноого туш болушу ыктымал деген коркунучту эске алуу менен Кыргызстандын башкы прокурору өзбек бийлигинин кайрылуусун аткарбашы керек. Кыргыз бийлиги тигил же бул адамды саясий көз караштары же фундаменталдык укуктарын пайдалангандыгы үчүн кыйноого же куугунтукка туш болушу мүмкүн деген жерге кайтарууга эл аралык мыйзамдар жол бербей турганын жакшы билет» деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 9-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Журналист 10-августта сотко жеткирилген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.

Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттин кармалышын сындашкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Fergana.ru

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты