Кош, жаным… Алмамбет Шыкмаматов аялынын өлүмү жана пандемияга “даярдыктын” күнөкөрлөрү тууралуу

“Кактус медиа” басылмасы экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов менен өлкөдөгү абал, алдыдагы шайлоо, саясий жүрүш тууралуу интервью пландаган. Бирок суроолордун бардыгы июлда кош айтышып кеткен анын аялы Жанарага байланып калды. Жанара коронавирус күчөп турган учурда, июль айынын баш жагында Улуттук госпиталда, эки тараптуу пневмониядан каза тапкан. Адатта эчтекеге карабай сүйлөгөн тажрыйбалуу саясатчы, аялынын акыркы күндөрүн эстегенде жана пандемияга байланыштуу орду толгус окуяларга жол берген өкмөт тууралуу айтканда, сөз тандап сүйлөп жатканы байкалды.

— Андан бери 40 күн өттү. Сизге дагы бир жолу көңүл айтабыз…

— 40 күн өтүп кеттиби же араң эле 40 күн өттүбү, кантип айтыш керек экенин да билбейм. Бирок, убакыт өтсө деле жеңилдебейт экенсиң. Баары кечээ эле болгондой… 24-июнда эле кызыбыз менен сейилдеп жүргөн. Жаш болчу, 45 гана жашта, мурда эч жери ооручу эмес…

Жанара тууралуу өткөн чакта айта албай келем…Алар сейилдеп келишкен, экөө тең шайдоот, шайыр болуп. Эртеси, 25-июнда аялымдын башы ооруп, дене табы көтөрүлүп кетти.

— Алар коронавирустун белгилери экенин дароо эле билдиңиздерби?

— Коронавирус болуп калбагай эле деп аттык. Бишкекте ошол учурда абал жаман болчу. Бир күндө бүтүндөй үй-бүлө жабыркап, кетип жатпадыбы.

Анда дарылоонун нормалдуу, бирдиктүү протоколу жок. Врачтар жакшылыктуу кеңеш бере алышкан эмес. Ар ким колунан келишинче, өзүн-өзү сактап, өзүн-өзү дарылоо менен алек болду. Анан эмне кылат?

Жанара да биринчи эки күнү кытай антигриппинин ичти, бирок абалы уламдан улам начарлай берди. Дене табы түшпөдү, баш оорусу басылбады. 28-июнда жөтөлү күчөп, амонциклав иче баштады. Анан компьютердик томографияга баралы деп туруп алдым. Барсак, кезек тимеле көп, бир канча күн мурун жазылып жатышыптыр, эптеп орун таптык. Врач Жанаранын эки тараптуу пневмония болгонун айтты. Өпкөсүнүн 25 пайызы жабыркаптыр.

— Кайсы жактан жуктуруп алганын билдиңиз беле?

— Билген жокмун.

— Ооруканага барыш керек эле.

Бул бир туңгуюк болду, бардык жерде ПЦР-анализди сурап жатышты, кагазда ооруганың жазылса ооруканага алышат, ал эми оорунун белгиси болуп турса да, ПЦР-анализиң аны көрсөтпөй турса же балакет баскыр справкаң жок болсо, анда ооруканага жаткырышпайт, үйүңдө жатып өлө бер дегендей. Тест тапшыра турган жерди да изде, бардык жерден эле тапшыра албайсың, жыйынтыгын эки-үч күн күтөсүң. Ал эми дарты оорлошуп кеткен киши думугуп, эки-үч күн күтө албайт. Кыскасы, бул тозоктун айлампасы эле

Биз пульмонолог таптык, ал үйдөн дарыланууга дары жазып берди, антибиотик, ысык ийне-кальций хлорид жана дексаметазон. Кийин окусам, бул дарылар пневмонияда таптакыр болбойт экен.

Ошентип, Жанара жакшы болбой атты. Оорукананын баарына чалып, жаткыруу керектигин айтып, кыйкырып, урушуп аттым, айрыкча справка тууралуу сөздү укканда. “Силер эмне, жинди болдуңарбы, менин аялым өлүп баратат” деп. Акыры Улуттук госпиталдан араң дегенде орун таап, ал жакка жаткырдык.

Ал -1-июль эле. Бизди ич жагына киргизген жок, Жанара үчүнчү кабаттагы палатасына кийимдери жана дарылары салынган эки пакетти көтөрүп кирип кетти. Анын абалы өтө оор дегидей эмес эле. Анан “кабатыр болбой эле кой, палатага жеттим” деп телефон чалды.

Эртеси күнү беш литрлик кычкылтек концентраторуна кошушту. 3-июлда дагы беш литрлик кычкылтек концентраторуна кошушту. Ал күнү буту шишип атканын жазды. Кийин бул “цитокин шторму” дегендин белгиси экенин билдим. Башкача айтканда анын иммунитети вирус менен күрөшпөй эле, бактерия менен биригип, соо клеткаларды жей баштаптыр. 4-июлда жазгандарыма жооп бере албай калды. Ушунчалык алсырап, жада калса билдирүү жазууга да алы келбей калыптыр. Андан мурун деми кыстыгып, телефондон жооп бере албай калган.

Врачтар эмне деп атышты?

— Врачтарга күн сайын чалып аттым. Жоопту телефон чалып эле ала алчусуң, бетме-бет жолугууга мүмкүн эмес. Күн сайын бир нече жолу алар мага бир эле жоопту кайталай беришти, “абалы оор бойдон, бардык аракетти жасап жатабыз” деп. Мен майда-чүйдөсүнөн бери уккум келип сурасам, жиндери келип, бирок сыпайы баш тартышты.

Ооба, суроо менен аларды тажаткан жалгыз мен эмес болгонумду да түшүнүп тургам. Алар бейтаптын жакындары менен сүйлөшүп убактысын кетирбей, алардын өмүрүн сактап калышы керек да. Ошондуктан ал жакта кантип дарылагандарын, эмне кылганын айтуу кыйын.

Бирок абдан кабатыр болуп жаттым, Эгер алар мүмкүн болгондун баарын жасап жатса, Жанаранын абалы эмнеге жакшырбайт деп.

Улуттук госпиталдын башкы врачына эртең менен, күндүз, кечинде — качан чалбайын, ал дайыма кеңешмеде отурганын айтчу.

5-июлда чыдамым чегине жетти, алардын айткандарын уккум келбеди. Жанарадан баягыдай эле жооп жок. Ооруканага түз эле качырып кирип бардым, “кызыл зонасын”, баарын урганым жок деп. (унчукпай калды). Абалы туруктуу дейт. Туруктуу болсо, Жанара эмнеге жооп бербейт? Анан эмне кылышым керек эле?

Качырып кирип барып көргөндөрүмө шок болдум. Бул тири укмуштар же согуш тууралуу кинодогудай болчу, узун, кир коридор… оорусунан улам онтоп, бинт менен байланган жерлери кан болуп тургандар, бейтаптар арасында эмне кылып жардам берээрин билбей, ары-бери чуркаган медсестралар… Жердин баары булганыч, шумдук, көзүң мындайды көрбөсүн…

Жанара жаткан ооруканадагы көрүнүш ошондой болчу. Врачтар жок. Медкызматкер аттуудан чоң скафандр кийген бир медсестра. Ал эмне кылуу керек экенин билбейт, абдырап калган. Врачтар “кызыл зонанын” сырт жагында, онлайн-консультация, дары жазып берип жүрүптүр.

Ал эми менин Жанарам жаткан палатада тозок эле болуп жатыптыр. Терезенин баары жабык, аба жетпейт, ысыктан дем ала албайсың. Аялым керебетте отуруптур дем жетпей, сүйлөй да албайт. Ушуларды көрүп шок болуп калдым, жер көчүп аткандай сезилди.

Палатанын ичи жагымсыз жыттанып турду. Жанарам керебетте халат кийип отуруптур, купкуу, көзү китирейип калган, араң эле үн чыгарат, курсак тушу кулкулдап тиякка-биякка көчүп турат… Улам дем алып жана дем чыгарган сайын тиякка-биякка көчүп турган анын ичи азыр да -көз алдымда…

— Ал кайсы число эле?

— 5-июль болчу. Мен ага бир нерселерди айткан болдум, бул жерден алып кетем, башка ооруканага котортом, сөзсүз айыктырабыз, баары жакшы болот деп. Өзүм болсо анын көздөрүн эле карап турдум. Көзүндө кайгы, бир башкача жылуулук, сүйүү турду… Ал эми халатынын алдында ары-бери көчүп, чулкулдап турган анын курсагы… Өзү болсо мени сооротуп, мага дем берүүгө аракет кылып жатты… Балдарды айтып, кабатырланып… Азыр ойлосом, ошондо абалы өтө оор экенин сезген окшойт. Бирок ушунчалык кайраттуу эле, жөнү жок чамына берчү эмес, эч убакта.

Эшикке чыкканда врачтарга чала баштадым. Дарылап жаткан врач аялымдын абалы жакшы жагына баратканын, сатурациясы көтөрүлгөнүн, күчтүү антибиотик сайыла баштаарын айтып, мени ишендиргиси келип атты. А менин болсо, аны желкеден алып, силкилдетип “Сен өзүң аны көрдүң беле? Дегеле ал жерге басып бардың беле?” деп айткым келип турду.

Анын бактысына биз телефондон эле сүйлөшүп жатканбыз да. Анын үстүнө Жанараны ал ооруканадан алып кетейин деп жаткам. Ошол тушта жеке клиникаларга пневмония болгондорду кабыл алууга уруксат беришкен, Республикалык ооруканада да бош орун пайда болгон. Дүйшөмбү күнү эртең менен госпиталдан башка ооруканага которууга сүйлөшүп койгом.

— Башка оорукананын шарты жакшыраак беле?

— Билбейм, ал жакты көрө албай калдым да. Себеби менин Жанарам 5-июлда кечинде кайтыш болуп калды. Кечки саат жетилерде ага баргам, түнкү 11 лерде көз жумуп кетиптир…Бизге ооруканадан эч ким чалып, кайтыш болгондугу тууралуу айтып койгон жок.

6-июлда эртең менен карындашым ооруканага барыптыр. Мага чалып, ыйлап “Жанарадан айрылып калыптырбыз” деп суук кабар айтты…

Мен ал жакка кантип жеткенимди да билбейм, учуп эле барыптырмын. Ишенгим келбеди, жаңылыш болушу мүмкүн, бирөөлөр менен алмаштырып алышкан окшойт деп ойлодум.

“Кызыл зонага” дагы кирип бардым, чуркаган бойдон үчүнчү кабатка жеттим. Анын палатасына кирсем… керебети бош… Жанындагы палаталаш кошунасы “Жанара көз жумду” деди…

Коридорго чыктым. Ал жакта каталка туруптур, анда кара целлофан мүшөк жаткан. Ошондо Жанарам жатыптыр…

Кийин Жанаранын палаталаш кошунасы айтып берди: Түн жарымга жакын, Жанара дааратканага барыптыр, ал жерге чейин беш кадам эле экен. Бирок анын абалында ошол беш кадамды жасаш да тозок эле. Деми абдан кыстыгып, аба жетишпей турган. Ошондой абалда кычкылтек концентраторун чечиш керек эле, аны чечип коюптур. Дааратканага жетип, эс-учун жоготуптур. Медсестралар келгиче ал жерде канча жатканын ким билсин… Алар Жанараны палатагы алып келип, аппаратка кошуп коюшуптур, сатурациясы ошондо 35 ке чейин түшүп калыптыр. Ошентип, алар чыгып кетишиптир.

Палаталашынын айтканына караганда, Жанара кыйналып, абалы начарлай бериптир, оозу көгөрүп, деми кыстыгып. Ошондо тиги кошунасы медсестраларды чакырыптыр. Анан Жанараны реанимацияга алып кетишиптир. Андан кийин беш мүнөт өтпөй эле, аялымдын каза тапканын айтышыптыр. Реанимацияга жетпей калыптыр. Ал абдан тез эле кетиптир, 30-40 мүнөттүн ичинде эле.

— Жубайыңызды сактап калууга врачтар мүмкүн болгондун бардыгын жасашты деп эсептейсизби?

— Билбейм, бирок мен врачтарды күнөөлөөдөн алысмын. Алар кантип дарылоону, эмне кылууну билишкен жок.

Үчүнчү протоколду киргизгенден кийин абал оңоло баштады, Россиядан да врачтар келди. Алар ишке киргизип, дарылоого эмнени жазып берүү керектигин көрсөтүштү. Аны мурда эле киргизгенде, мынчалык өлүм болмок эмес.

— Макул, врачтарды күнөөлөгүңүз келбесин. Бирок республикалык штаб тиешелүү чечимди өз убагында кабыл алган болсо, пандемияда аракет кылууну так билсе, сиздерде эле эмес, көп үй-бүлөлөрдө андай трагедия болмок эмес да.

— Жанараны кайрып алууга мүмкүн эмес. Бирок ушундай чаржайыттыкка ким жол бергенин, Жанаранын жаркын элеси үчүн териштирүүгө өзүмдү милдеттүүмүн деп эсептейм.

Кантип жана кимдер менен териштиресиз?

— Негизги жоопкерчилик мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевде жана анын шалаакы командасында деп ойлойм. Эсиңердеби, алар пандемияга даярдык сонун деп ар күнү айтып келишпеди беле?

Биринчи учур катталган күнү эле өзгөчө кырдаал киргизип, карантин жарыялап. Башка өлкөлөрдө өзгөчө кырдаал менен карантинди саламаттык сактоо системасынын ишин жеңилдетип, бейтаптардын көбөйүшүнө даяр турууга, коронавирус жуктуруп алгандарды айыктырууга даярдоо үчүн киргизишкен да. Карантинди дарттын көп катталуу учуру өткөндөн кийин жоюшкан.

Кыргызстанда болсо карантинди ооругандар аз учурда киргизип, бизнести да ылдыйлатышты. Андан кийин карантинди эмненин негизинде алып салганы түшүнүксүз. Оорунун көп катталган учуру өттү, баарыңарга рахмат, эми бошсуңар дешти. Ага эч кандай далил көрсөтүшкөн жок. Эң негизгиси карантин учурунда бир да оорукана, бир да реанимация жаңы бөлүмү курулган жок, протоколдор иштелип чыккан жок, медкызматкерлер пандемия шартында даярдыктан өткөрүлгөн жок. Дүйнөлүк коомчулук пандемия менен күрөшүүгө берген каражат кайда? Ал тургай республиканын шартында дарттан сактануу, социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү деген пропагандалык программаны ишке ашырышкан жок деп эсептейм.

Тескерисинче, бул дарт коркунучтуу эмес деп атышты. Абылгазиевдин өзүнүн аппараты менен өкмөт үйүнүн алдында түшкөн сүрөтү эсиңиздеби? Ал жакта канча аткаминер бар эле, жүзбү, баарынын беткабы жок. Бул мисал эмеспи? Абылгазиев жана анын командасы бул плебейлердин дарты, патрицийлер андай дартка чалдыкпайт деген принципти карманышты да.

Эл эмне деп ойлойт? Эл премьер-министр беткабы жок жүргөндөн кийин, демек, дарт анчалык деле коркунучтуу эмес экен дейт. Анан биз да эреже сактабай калабыз.

Дагы, башка өлкөлөрдү туурап жаттык, бирок бийлик биздин шартта дарт кандай болот, менталитетибизди эске алганда, анын өзгөчөлүгү кандай болот дегенди иштеп чыккан жок.

— Бирок Абылгазиевди кантип жазалоого болот? Ал ансыз деле отставкага кетип калбадыбы?

— Отставка кетүү деген бул Абылгазиев үчүн жоопкерчилик эмес. Жоопкерчилик жогору жана жоготууларга жараша болушу керек. Эмнеге дал бизде ушундай коллапс болгонун териштирүүгө милдеттүүбүз. Канчалаган кишилер каза тапты. Канчалаган кишилер балким, майып болуп калат. Андан кандай жыйынтык чыгарабыз? Буга ким күнөөлүү? Ал кездеги абалды кылдат иликтеп, териштирип, андан кийин чара көрүш керек.

Балким парламенттик комиссия деңгээлинде териштириш керек. Эгер келерки парламент чын эле элдик болсо, комиссия түзүп, ал кездеги абалды иликтеш керек. Ошондой эле коронавируска каршы күрөшкө бөлүнгөн донордук каражаттарды рационалдуу жана максатка ылайыктуу пайдаланууну да иликтеш керек.

Шайлоодон кийин да бул тема актуалдуу болуп кала берет деп ойлойсузбу?

— Адам өмүрү тууралуу тема ар дайым актуалдуу. Кайтыш болгондор жана жабыркагандар мындан аз болгон күндө деле бийлик абалды иликтеп, эл алдында отчет берип, ошол абал үчүн жооптуу жана күнөөлүүлөрдү аныкташ керек. Ошондо гана бийлик жана коомчулук өзүнүн жетиктигин көрсөтөт.

Азыр сизге жеңил эмес убак. Шайлоо алдындагы кампанияга даярдыкка күч-кубатыңыз келеби?

— Жалгыздыкты, ээндикти баштан өткөрдүңөр беле? Айлана-тегерегиңерде киши көп, ал тургай уул-кызыңар да айланчыктап турса да, жалгыз болуп, ээн талаада калгандай боштук сезим. Менин абалым азыр ошондой. Ичим эңшерилип калгандай. Башка нерсеге алаксыйын деп, жолугушуу, сүйлөшүүлөргө барайын дейм. Болбосо, акылдан адашып кеткидейсиң. Бирок бирөөлөрдүн мени аяп, жалооруп турганын издештирген жокмун. Кайгыга алдырып, чөгүп кетпешим керек. Менин үч уулум жана кичине кызым бар. Акылайым 10 эле жашта, эми ага ата да, эне да болушум керек.

Бирок баары бир жалгыз калганда ар нерсе оюңа келе берет экен. Мындай кылсам аман калат беле, андай кылсам аман калат беле деп убайым жей берем. Эми эч нерсени өзгөртө албасымды билип турсам да, ошенте берем. Бирок Жанарам эми экинчи мага эшик ачпайт, назин колу менен чачымдан сылабайт дегенге жүрөгүм ишенгиси келбейт.

Билесизби, азыр мен эмнеге көбүрөөк өкүнөм? Өтө өкүнгөнүм- аны сүйө турганымды сейрек айтканыма. Өтө эле өкүм киши экенмин, эркелетүүгө да сараң болупмун. Жанарам мага эрэркеп, кучагыма ыктай калса, “ой, мунуң эмнең” дегенчелик кылган экенмин. Азыр болсо, аны кучагыма бек кысып алууга мүмкүн болсо, анда эч нерсени аябас элем. Ал менден мурда кетип калат деп такыр ойлобопмун. Эмнегедир менден кийин кетет деген окшойм.

Эми баарыңарга айтарым: Сүйүктүү адамыңардын көзү тирүүсүндө жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Антпесе, кээде кеч болуп калышы да мүмкүн экен.

“КАКТУС” медиа.

(Орусчадан которгон “ПолитКлиника” медиасы)

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты