COVID-19: Расмий 41 миңден ашык киши чалдыкты десе, иш жүзүндө — 160 миңдей.

  • 4 года мурун

Азыркы учурда лабораториялык жактан тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүүгө да токтолду.

-Ошол эле учурда, репродуктивдик сан деген бар, бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрө келгенде, 13177 адам же оорулуулардын 36,3 %ы — симптомдору билинбей ооругандар. Ал эми, жеңил түру менен 10781 – 29,7% адам ооруган. Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41069 адамды түздү.

Эл арасында, бул чыныгы статистикага туура келбейт деген маалыматтар бар. Эгерде биз, расмий маалыматтан сырткары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок болжол менен 160 миң адамдын тегерегинде оорулуулар айыгып чыкты десек болот, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты