​Акыйкатчы шайлоо маселеси боюнча БШКга кайрылды

Акыйкатчы Токон Мамытов, алдыдагы шайлоолор боюнча БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекованын наамына кайрылуу жолдоду.

Анда Акыйкатчы Жогорку Кеңешке шайлоо CoViD-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды эске алып гана тим болбостон, ага каршы туруу керектигин эскертти.

-Бүгүнкү күндө өкмөт жана БШК сөзсүз түрдө ишке ашышы зарыл болгон суроолорго жообу даяр болушу зарыл. Алып айтканда, жарандарыбыз жагымдуу эмес, ал тургай коркунучтуу санитардык-эпидемиологиялык жагдайда добуш берүүгө жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруусу тууралуу сөз болуп жатат.

Ушуларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы башка өлкөлөр коронавирус пандемиясынын шарттарында кандай жол менен өз жарандарынын жарандык жана саясий укуктарын камсыздаганы боюнча тажрыйбасын дыкаттык менен үйрөнүп талдоого тийиш деп эсептейм.

Акыйкатчы катары шайлоочулардын, шайлануучулардын жана БШК жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин, Жогорку Кеңешитн депутаттарын шайлоону өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин укуктарын коргоо жана ишке ашыруу боюнча маселелрди чечүүдө бир катар маанилүү аспекттерге көңүл буруу зарыл деп эсептейм.

Салттуу түрдө добуш бере албаган жарандардын укуктары кантип камсыздалат жана ишке ашырылат? -деген маселе.

Ушуга байланыштуу:

  • БШКдан суранаарым, алардын укуктары бузулушу мүмкүн делген жарандардын, ооруга чалдыккандар, изоляцияда болгондор, кары адамдар, ошондой эле: диабет, ВИЧ / СПИД, кургак учук, онкология жана башка илдетке чалдыккан тобокелдик тобундагы жарандар); үйдө, же медициналык мекемелерде бейтаптарга кам көрүп жаткандар (атап айтканда, коронавирус менен ооругандарга, анын ичинде медициналык персоналга);ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар.
  • Акыйкатчы Борбордук шайлоо комиссиясы биометрикалык идентификациялоо жолу менен шайлоочуларды идентификациялоонун тартибин жарыялады, бирок азыркы мезгилдеги пандемия учурунда бул тартипти колдонууда санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын кандай сакталышы жөнүндө маалымат жок экендигин белгиледи.
  • чет өлкөдө жүргөндөр үчүн – Кыргыз Республикасынын ар кайсы өлкөлөрдөгү элчиликтери алардын шайлоого болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн канчалык деңгээлде даяр:

Шайлоо жөнүндө маалыматтарга болгон укук

  • Адистештирилген мамлекеттик органдар калктын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эмгек мигранттарынын, шайлоо жана шайлоо процесстерине байланыштуу мыйзамдары, ошондой эле саясий партиялар жана алардын талапкерлери жөнүндө жеткиликтүү жана объективдүү маалымат алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү;
  • шайлоочулар пандемияга жана CoViD-19 коронавирусуна байланыштуу коопсуздук жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу келип чыккан өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында жана жеткиликтүү түрдө кабардар болуусу керек;

Шайлануу укугу:

  • КР БШКга каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө талапкерлердин өзүлөрүнүн катышуусу зарыл болсо, аларга да коронавирус пандемиясына байланыштуу ден соолугунун коопсуздугунун талаптагыдай шарттары камсыздалууга тийиш;
  • КР бардык партиялар жана талапкерлер үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүгө бирдей шарттар жана мүмкүнчүлүктөр берилүүгө;
  • шайлоо күнү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү (УШК), БШКнын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери жетиштүү сандагы медициналык беткап жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалууга, бир адамга эң аз болгондо 10 медициналык беткап жана жекече коргоочу каражаттар менен камсыздалууга;
  • ошондой эле сандагы беткаптар жана жекече коргоо каражаттары менен шайлоо процессине тартылган мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздалууга;
  • Шайлоо процессине тартылган медицина кызматкерлери шайлоочулардын дене табын текшерүүчү тепловизорлор, менен камсыз болуп, өзүлөрү эң мыкты коргоочу каражаттар менен камсыз болууга тийиш экенин эскертти.

Акыйкатчы Кыргызстандын жарандары жарандары шайлоо жана шайлануу укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча кандайдыр бир суроолору, арыз же даттануулары болсо, алар Акыйкатчы аппаратына, анын ар бир облусттагы аймактык өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле “115 шыр байланыш” кызматына кайрыла алышарын билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты