​Жамал Ташыбекова. Муратбек Мукашевдин эскерүүсү

  • 4 года мурун

Экс-тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова 83 жашында оорудан улам каза тапты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Жамал Ташыбеков 1980-1986-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген. Андан кийин да бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.

Жамал Ташыбекова тууралуу Муратбек Мукашевдин макаласын тартуулайбыз.

Жамал Ташыбекова

Кыргыздар көбүнчө адамды тирүү кезинде барктабай, сыйлабай, бирок дүйнө салганда ушундай мактайбыз. Ошондо көбүн кошуп чын жүрөктөн чыкпаган сөздөрдү айтып, асманга көтөрүп коёбуз. Ушундайдан качып, мен сөзүмдү башкача баштайын.

1967-жылы Москвада окуп, Стромынка, 32 студгородокто жашап калдым. Орозбаев Жантай байкем бизди таап, борбордо окуган кыргыздарга кошкон. Байкеме жогорку курста окуган аспиранттар көп келээр эле. Өзү бакылдаган, ичинде кири жок адам болчу. Мени дүкөнгө жумшайт, чай кайнаттырат, беркисин куйдуртат, иши кылып чоң мектептен өткөрдү десем болот.

Келгендер Ташыбекова Жамал эже жөнүндө көп айтар эле. Сөздүн мааниси ал адам Москвадагы жеңил өнөр жай технологиялык институтун 1960-жылы бүткөн, абдан тың окучу экен, дагы абдан сулуу кыз болчу дешчү.

Айтылган сөз абдан эсимде калган, Жамал эжени көрсөм деп жүрчүмүн.

Минфинде 1971-жылы эмгек жолумду баштап, Советтик Армияда кызмат өтөгөнү кеттим. 1973-жылы ыйык милдетимди аман-эсен аткарып кайтып келдим.

Ошол жылы парткомдун секретары чакырып, мага тапшырма берди. Беш аялды опера жана балет театрына 8-мартка арналган салтанаттуу чогулушка алып барасың деп. Анда филармониянын жаңы имараты жок болчу. Бардык. Бир аздан кийин президиумдан Т. Усубалиев баштаган көп кишилер орун алды. Ошондогу светтин жарыгы, люстралардын күйгөнү, көп гүлдөр азыр да эсимде.

Байкасам, Сакин Бегматованын жанында, ал кишини таанычумун , биз окуп жүргөндө студенттер менен жолуккан, бакубаттуу, сулуу аял отурду.

Жанымдагы кишиден бул аял ким деп сурадым. Ташыбекова Жамал Чуйбековна, Фрунзе горисполкомунун председателинин орун басары деген жооп алдым.

Ошентип, жети жылдан кийин Жамал эжени биринчи жолу жанынан көрдүм. Чыны менен баягы студенттер , аспиранттар айткандай, өтө сулуу аял экен. Кийген костюму, прическасы келишкен, макияж-сакияжы жок эле табият берген татынакай өңдүү 36 жаштагы адамды көргөнүмө өтө сүйүндүм.

Анан эртеси жумушка келип, парткомдун секретарына тапшырманы аткардым деп, Ташыбекова Жамал мурда кайда иштеген деп сурасам, ал киши минтип жооп берди: (ошондогу парткомдун катчылары көптү билчу). Ташыбекова Жамал Чуйбековна окуусун бүтүп келип, Октябрдын 40 жылдыгы атындагы кийим тигүү фабрикасында мастер болуп, анан сменный мастерден цехтин начальниги болуп иштеп, кийин “Киргизия” фирмасынын башкы директору болгон деди. Анан, 1967-жылы 30 жашында БКнын өнөр жай бөлүмүндө инструктор болуп, кийин, 1971-жылы, 34 жашында Фрунзе горисполкомунун председателинин орун басары болуп дайындалган экен.

1975-жылы менин эң жакшы көргөн адамым—Алиаскар Токтоналиевич Токтоналиев Кемин Райфосуна башчы кылып жиберди.

1980-жылы август айында Кемин райисполкомунун председатели Бейшенбаев Р. М. (мыкты адам) чакырып алып айтты: —Конок тособуз,- деп тапшырма берди. Ал кезде кимди тособуз, кантип тособуз деген суроо бизде жок болчу, тартип жана жоопкерчилик күчтүү болчу. Бир эле кеп—качан, канча киши, бүттү.

Эсиңиздерде болуш керек, баарыбызга белгилүү, Кемин районунда чыга бериште “Холодная вода” деген жер бар. Ошол жерге далай чоң коноктор токточу. “Холодная водада” Алексей Николаевич Косыгинди, Финляндиянын президенти Урко Калева Кекконенди тоскон учурлар болгон.

Айткан саатта коноктор келди. Түмөнбаева Жаңыл жолдошу Жантай Орозбаев менен, Ташыбекова Жамал жолдошу Марс Байчериков менен. Жантай байке мени көрүп, кучактап, абдан сүйүндү. Жаңыл эже бетимен өөп атса, Р. Бейшенбаев таң калып эле калды.

Алар кирип отургандан кийин, конок үйү абдан өзгөргөнүн айтышты.

Р. Бейшенбаев мурун эле үйдү жаңыртып, жакшы мебель, идиш-аяк алдырган, титан менен ысык суу чыгарып, ичине туалет салдырып, сүрөттөрдү тактырып, килем салдырып койгон.

Ошол убакта Ташибекова Жамал тышкы иштер министри болчу. Кыргыз өкмөтүнүн председателинин орун басары, Түмөнбаева Жаңыл Жогорку Кеңештин секретары эле. Аялдар эмеспи, конок үйүн оңдогонуна абдан ыраазы болгондорун байкап отурдум. “Мона Лиза” деген он кишилик сервисти көрүп таң калышты.

Абдан жакшы отурушту. Көрсө эки үй-бүлө чогуу эки-үч күнгө Көлгө баратышыптыр. Мамилелери зор экенин билдим. Шыпылдап тейлеп жаттым. Сүйлөгөн сөздөрүн угуп, өздөрүн көрүп, абдан кубандым. Бой көтөргөн аларга бирок да жат, билимдүү, маданияттуу, кругозорлору өтө жогору экени көрүнүп турду. Өткөн-кеткенди, Москвада окугандарын эстеп отурушту. Большой театрды, Третьяковская галерея, Пушкин атындагы музейлерди айтышып, кайра жашаргандай болушту.

Бир кезде мага сөз келгенде Жантай байке мени мүнөздөп, жумшап жүрүп киши кылганын айтып күлдүрдү, Жаңыл эже Муратбекти биринчи көргөнүмдө чыбыктай болгон бала болчу деп белгиледи, твисти катыра бийлечү деп.

1980-жылдын августунда байкелеримди, эжелеримди тосуп, алардын сүйлөгөн сөздөрүн дайыма эстейм, алардын баары менин көкүрөгүмдө.

Андан бери канча күндөр өттү, доор өзгөрдү, эгемендик алдык, бирок кыргыз элине, кыргыз жерине чын дили менен зор кызмат кылгандарды унутуп баратабыз. Бул абдан жаман көрүнүш.

Бир жолу менин баскетбол боюнча машыктыруучум Карабеков Кубат Сулаймановичтин юбилейин өткөрүп калдык, анын окуучулары.

Тамада болдум ошол жерге. Жамал эжем да келди. Көрсө Кубат байкем менен чогуу окуп, баскетбол ойношчу экен. Кубат байкем айтып калды: Жамалды жакшы көрчүмүн, бирок боюң кичине деп чанып койгон деп. Боюм өссүн деп керели-кечке баскетбол ойночумун, аттиң ай узарбадым. Жамал эже жооп берип байкеме, тур деди, эженин бою ал кишиден узун экен. –Мына,- деди. Абдан күлдүк.

Мектепте окугандарын эстеп, өткөн-кеткендерди айтышып, бизди кумарга чөмдүрүштү.

Кийин мен ЖК депутаттыгына шайлоого барганда Жамал эжем мени иним деп күйөрманым болду.

Жамал эжем ушунча чоң кызматта иштеп, бир боюн көтөрбөй, мен муну кылдым, тигини бүтүрдүм, буларды чоңойттум дебей, ушунча карапайымдыгын, интеллектин, билимдүүлүгүн көрсөтүп келет.

Ташыбекова Жамал башкалардай болуп, Фрунзе шаарын курдум эле, баланчаны кызматка иштеттим эле, кыргыз маданиятына чоң салым коштум эле деп төшүн каккандардын катарына кирбейт.

Болбосо Жамал эжем БКнын мүчөсү, бюросунун мүчөсүнө кандидат, Жогорку Кеңештин 10. 11, 12 чакырылышына депутат, ыйгарым укуктуу элчи деген рангы, көп орден, наамы бар аялзаты. Ушулардын баарын айтып, өзүн көргөзгөнүн бир да байкаган жокмун.

Менин да эжемдей болуп жакшы көргөн саясатчыбыз—Франклин Рузвельт.

Эски залкар сүрөттөргө тамшанат, бүгүн дагы көп окуп, опера, балет, симфонияны жакшы түшүнөт. Кыргыздын эски ырларын уккусу келет.

Ташыбекова Жамал Чуйбековнанын тилегени, арманы Кыргызстан жакшы жакка өзгөрсө экен, элдин турмушу оңолсо экен, маданиятыбыз өссө экен деген эле тилек. Кыргыз эли, кыргыз жери ушундай кыздары менен сыймыктанат десем жаңылбайм.

Муратбек Мукашев.

“ПолитКлиника” гезити.

07.02. 2017-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты