​Тажикстан мектептеринде окуу 17-августта башталат

  • 4 года мурун

Тажикстандын мектептеринде жаңы окуу жылы 17-августта башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сабактар мектептерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо менен жүргүзүлөт.

«Мектептер жетиштүү санда антисептик, самын жана таза суу менен камсыз болушу керек. Санитардык-коопсуздук чаралары, окуучулардын ортосундагы социалдык аралыктын сакталышы катуу көзөмөлдөнөт. Жаңы эрежелер боюнча дене тарбия, музыка жана аскердик даярдык сабактары имараттын сыртында өткөрүлүшү керек» деди министрликтин Балдардын укугун коргоо башкармалыгынын жетекчиси Сохибназар Сафаров.

Анын айтымында, зарыл болсо. сабактардын убактысы кыскартылып, окуучулардын саны азайтылат.

«Абал курчуп кетсе аралыктан окутууга да өтүшүбүз мүмкүн. Азыр видеосабактар даярдалып жатат. Жергиликтүү телеканалдар айрым сабактарды көрсөтүп турушат. Мындан тышкары китептердин электрондук версиялары даярдалды, алар бардык окуучуларга жеткиликтүү болот» деди министрликтин өкүлү.

Сүрөттө: Сохибназар Сафаров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты