​Бишкекте санитардык-көзөмөл посттору алынды

Жаңылыктар

Бишкек шаарына кире бериште жана чыгуудагы санитардык посттор алынып салынды.

Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди жарандык коргоо комиссиясы кабыл алды, вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду.

Буга чейин Бишкекте 12 санитардык-көзөмөл постту коюлган. Анда шаардык милиция башкармалыгыынан 24 киши, ИИМдин ичкки коопсуздук аскерлештирилген кызматынан 40, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 24 жана саламаттык сактоо министрлигинен 24 кызматкер иштеп келген.

ЖаңылыктарБишкексанитардык постторалынды