COVID-19: 503 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты, 665 киши айыкты

  • 4 года мурун

7-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 503 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 125;
Ош – 51;
Чүй облусу – 28;

Ош облусу — 74;
Талас облусу – 35;

Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 81;
Жалал-Абад облусу – 53;
Баткен облусу – 47.

Бул тууралуу республикадык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
7 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2928 учур катталды, алардын ичинен 2025 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны — 39 162ге жетти.

665 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 30 764кө жетти.

Бир сутка ичинде 4 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1451ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты